Ден-соолукПайдалуу кеңештер

Курманын ачылбаган сырлары

Көпчүлүк илимпоздордун пикири боюнча курма- тамактануу үчүн эң ыңгайлуу азык. Изилдөөлөргө ылайык курма өз курамында көптөгөн пайдалуу заттарга бай ,ошол эле убакта бир гана суу жана курма менен гана тамактанып жатып,бир топ жыл жашаса болоору да аныкталган.
Чындыгында курма бир топ пайдалуу жактары менен башка азыктардар айырмаланып турат. Курма жеген адам чарчоодон жана ашыкча алсыроодон,аз кандуулуктан жана кан басымынын көтөрүлүшүнөн,беттеги нервтин параличи жана кургак учуктан,кан тамыр оорулары жана башка оорулардан арыла алат.Мындан сырткары ар дайым курма жеп журүү-жөтөлду да токтотот,анткени анын курамындагы заттар адамдын өпкөсүндөгү какырыктын жумшарышын жана ден соолукту бекемделүүсүн камсыздай алат.
Өз курамында фторго бай болгон курма тиштин кариесин да алдын алат.
Өзгөчө курма кош бойлуу жана бала эмизген аялдарга өтө пайдалуу.Төрөттөн мурун курма жеген аялдын көз жаруусу бир топ жеңилдеп,сүттүн көбөйүүсүн да камсыздайт.
Ар дайым курма жеп жүргөн кишинин иммунитети бекемделип,жүрөк,боор жана бөйрөктүн иштөөсүн бир калыпка салып,организмдеги кислотанын тең салмактуулугун орундайт.Ошол эле учурда рак ооруларын жана рак шишиктерин алдын алат.
Кытай өлкөсүндө көп жашаган адамдардын көпчүлүгү өз рационунда көбүнчө курма жегендиги аныкталды.
Жаш балдардын тиши чыгып жаткан учурда курманы чайнап берсеңиз,ооруну басаңдатып-жеңилдетет.
Өз курамында А витаминине бай болгон курма адамдын көрүүсүн да күчөтөт.
Ошол эле учурда курма жеп жүргөн эркектердин уруктугунун сапаты жогорулайт.
Күнүнө 10 даана курма жеген адам күнүмдүк жездин,темирдин жана магнийдин үлүшүн ала алат.
“Курма” деген сөз Ыйык Куранда 20 жолу зикир кылынган жана да пайгамбарыбыз(ага Аллахтын салам-салаваты болсун) көптөгөн хадистерде курманын пайдалуу жактарын айтып кеткен.
Рамазан айында оозду курма жана суу менен ачуу да –сүннөт амалдардын бири.
Химиялык бизге белгисиз заттарды кошуу менен даярдалган шоколад,конфеттерди жегенден көрө, ошол эле курма,өрүк же кара өрүктүн кургатылганын жеген бир топ пайдалуу.

Автор
Нуриет Абдулазизтегин
Ачкыч сөздөр
Көбүрөөк

Бул да кызыктуу

Жооп берүү

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт.

Бул да кызыктуу

Close
Close
Close