АалымдарМакалалар

🌴”КУРМАНЫН БУТАГЫН СИЛК, МӨМӨЛӨРҮ ТҮШӨТ”

🌴"КУРМАНЫН БУТАГЫН СИЛК, МӨМӨЛӨРҮ ТҮШӨТ"

 

🖊 Касиеттүү Куранда Алла Тааланын “… жана Курма бутагын силксең, сага жаңы, таза мөмөлөрү күбүлүп түшөт”, – деген аяты бар (Мариям сүрөөсү, 25-аят).

Бул аятта акыл-эстүү адамга түшүнүктүү терең маани, жалкоолукка берилип, ” алма быш, оозума түш” деп жамбаштап жаткандарга чоң өрнөк бар. Ооба, төрөттөн кыйналган, кыймылдоого шайы жок Мариям энебиздин алаканына курма мөмөлөрүн салып берүүгө Алла Таала кудуреттүү эле. Бирок, даяр ырыскыны алууга да аракет керектигин эстетип, Алла Таала: ” Даракты силк”, – деп буйруду. Мариям энебиз арекет кылды, аракетинин берекетин көрдү. Дарактан мөмөлөр күбүлдү. Аны жеп өзү күч-кубат алды, наристеге сүт болду.

Ырыскыны аарылар учуп-конуп издейт; кумурска ары-бери чуркап издейт; арстан жортуп издейт; бүркүт чабыттап издейт; көрдүңбү тирүү жандын баары жер кезип, кара жанды карч уруп издейт. Сен да кыймылда, тирүүлүктө оорукчан майып гана отуруп алып тиленбесе, алты саны аман кишиге кыймылдамайын ырыскы берилбейт. Тырышууну үйрөн, изденүүдөн тажаба, ырыскынын бир эшиги жабылса, экинчи эшигин ач. Бир күнү өзүңө ылайык эшикти табасың, буга бөркүңдөй ишен. Алла аракетиңе жараша берет, ырыскың кенен, болгону аны издеп табууң керек. Алла сенин аракетиңди текке кетирбейт, анткени Ал – берешендердин берешени.

📗 “Бакыттын сырын ачтым” китебинен алынды

Ачкыч сөздөр
Көбүрөөк

Бул да кызыктуу

Жооп берүү

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт.

Бул да кызыктуу

Close
Close
Close