alternatetext Багымдат: 04:33 | alternatetextКүн чыгуу: 06:14 | alternatetext Бешим: 13:04 | alternatetextАср: 17:51 | alternatetextШам: 19:51 | alternatetextКуптан: 21:36
Ден-соолукМакалаларПайдалуу кеңештер

КУРМА

Курма — ысык климаттуу өлкөлөрдө өсүүчү пальма түркүмүндөгү өсүмдүк. Май айынын башында байлаган мөмөсү август айында бышат. Мөмөсү ширелүү, ичинде данеги бар. Курма мөмөсү жогорку категориядагы азык жана көп ооруларга дары катары колдонулат.

Куранда:

Курма тууралу Куранда бир канча жерде айтылган. Мисалы: Марьям энебиз Иса пайгамбарга бой кат болуп, төрөөчү мезгили келгенде Курма дарагынын алдында төрөйт. Бул туурасында Куранда минтип айтылган: “Ал (Исага) кош бойлуу болуп, аны менен алыска кетип калды. Анан, (катуу) толгоо (азабы) аны (бийик жердеги) Курма дарагына алып келди. (Ошол жерде төрөгөн соң ачкалыктан, суусагандан жана адамдардын ушак сөздөрүнөн коркуп) “Оо, кана эми, ушуга чейин эле өлүп калсам, же таптакыр унутулуп кеткен болсом!” – деди. Ошондо, андан ылдыйраак жерден (Жебрейил периште үн катты): “Кайгырба, Раббиң бут астыңдан суу (дарыя) агызып койду. Жана өзүңө Курма бутагын силксең сага жаңы, таза мөмөлөрүн түшүрөт. Эми (ошолордон) жеп-ичип, (перзентиң үчүн) кубан!…” (Марьям сүрөсү, 22-26-аяттар).

Бул аяттан белгилүү болгондой курма жаңы төрөгөн аялдарга дем-күч берүү касиетине ээ. Ошондой эле жаңы төрөлгөн наристени курма менен оозандыруу сүннөт.

Хадисте:

(Ага Пайгамбарыбыз Аллахтын салам-салаваты болсун) минтип айткан: “Ким эртең менен жети даана курма жесе, бул күн ага сыйкыр да, уу да зыян бербейт”. Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) курманы горо кезинде, бышканда жана кургатылганда да жегени айтылган. Курманын өзүн гана жеген жана нан менен бирге да жеген учурлары болгон. Курманы тамактардын эң жакшысы катары баалап: «Кайсы үйдө курма жок болсо, ал үйдөгүлөр ачка калышат» – деп айткан. Жогоруда айтылгандай жаңы төрөлгөн наристени курма менен оозантуу сүннөт. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) көптөгөн сахабалардын баладарын курма менен оозандырган. Азыркы учурда да жаңы төрөлгөн баланын оозуна глюкоза тамчылатышат. Бул баланын бат өөрчүүсүнө, эненин сүтүнө бат калыптануусуна шарт түзөт. Ал эми илимий изилдөөлөрдө табигый глюкозага бай өсүмдүк курма экендиги аныкталган. Демек, бир гана Жаратуучунун аяны менен иш кылган пайгамбарыбыздын бул сүннөтүн аткарууга аракет кылуубуз керек. Курманын курамын толук изилдеп чыккан дүйнөлүк диетологдор аны эң пайдалуу азык катары сунушташат.

Курамы: (100гр азыкта) белоктор 5,8% углеводдор 60% май 0,2-0,5 % фосфор 30-350 мг чейин

кальций 36-60 мг темир 0,7-10 мг

калий 700 мг натрий 0,7-3мг

Витаминдер: (100гр азыкта) В (0,07-0,09мг) В2 (0,5-1мг) В5 (01-2,2мг) С (30мг) А (0,2 мг) А1 (0,3)

Мындан сырткары 23 түрдүү амин кычкылдары бар.

Пайдасы:

1) Көздүн көрүүсүн жакшыртат.

2) Боюнда бар аялдардын иммунитетин жогорулатып, түйүлдүктүн толук кандуу өөрчүүсүнө шарт түзөт.

3) Организмдеги зыяндуу бактерияларды жок кылат.

4) Жүрөктүн иштөөсүн жөнгө салат.

5) Аз кандуулукту алдын алат.

6) Нерв системасын бекемдейт.

7) Эркектердин тукумсуз болуусунан сактайт.

8) Кан басымдын жогорулоосун жөнгө салат.

9) Кандагы холестеринди азайтат.

10) Организмди картаюудан сактайт.

Элдик табыпчылыкта:

1) Баш ооруган (мигрень) учурда күнүнө 50-100 гр курма жеп туруу сунуш кылынат.

2) Нерв ооруларында, 7 даана курманы сүт менен ичүү нервди тынчтандырат.

3) Инсультта сууга кайнатылган күрүч менен бирге курманы жеген жакшы.

4) Ичегилердин жакшы иштөөсү үчүн күн сайын, эртең менен тамактан алдын 7 даана курма жеп турган жакшы.

5) Аз кандуулукта, күнүнө 10 даанадан кем эмес курма жеш керек.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button