АңгемелерТаасирдүү окуялар

КУРАН ЖЕ АКЧА…?!

Тукумсуз калган, бирок өтө бай жана мартабалуу киши кызматкерлерин чогултуп, кечки тамакка чакырды.

Дасторконго отурган ар бир кызматкеринин алдына Куран жана акча койду.

Тамактанып болгон соң :

– “Алдыңыздардагы Куран менен акчанын бирисин тандаңыздар”- деди.

Биринчи болуп күзөтчүгө :

– Тандаңыз!-деди.

Күзөтчү: -Мен албетте, ушундай….. эме Қуранды тандайт элем…..бирок…. өкүнүчтүү…мен Куран окушту билбеймин барыбир. Ошондуктан акчаны аламын. Мага акчанын көбүрөөк пайдасы тийет”- деди.

Кезек ашпозчуга келди.

-“Келиңиз, тандаңыз сиз дагы!”.
-Ашпозчу “албетте мен дагы Куранды тандамакмын… Бирок… Мен иштеймин, өзүңүз билесиз, окуганга убактым болбойт. Ошондуктан мен дагы акчаны тандаймын”- деди.

Багбанга карап :
-“Тандаңыз!”- деди.
Ал дагы өзүнөн мурункулардын сөзүн айтып :
-“Мен сөзсүз Қуранды тандаган болор элем. Бирок, бирок… Аялым оорулуу. Мага акча абадай керек. Анын дары-дармегин алыш үчүн акчага муктаждыгым бар. Эгер мындай болбогондо сөзсүз Куранды алмакмын”-деди.

Акыры кезек үй жаныбарларын багып, карап жүргөн жаш жигитке келди . Бай бул жигиттин кедей үй-бүлөдөн экенин билет эле . Ошондуктан дагы ага :
-“Сен дагы акчаны тандайсың деген ойдомун. Азык-түлүк, эски-куску кийим-кеченин ордуна жаңысын алуу керек”- деди бай.
Жигит :
– Чынында менин жаңы кийим алып кийгенге мүмкүнчүлүгүм жок. Керек болсо апам экөөбүзгө тоок дагы сатып алалбаймын. Бирок мен Куранды тандаймын! Себеби, апам Аллах Тааланын сөздөрү алтындан кымбат, балдан таттуу деп үйрөткөн-деди.

Столдо турган Куранды ачып карады.

Ичинде эки конверт бар эле. Биринде дасторкондо турган акчадан он эсе көп акча бар болчу.

Ал эми экинчисинде болсо, бай өзүнө жакында мураскер кылып дайындай турган осуяты болчу.

Бай айтты : -” Ким Аллах жөнүндө жакшы ойдо болсо, Аллах аны эч качан жардамсыз таштап койбойт”- деди.

Ачкыч сөздөр
Улантуу ⇓

Тектеш темалар

Жооп берүү

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт.

Бул да кызыктуу

Close
Close
Close