🌑Куноо психологиясы

🌑Куноо психологиясы

0 466

 

✍🏻Куноо журокко батып,карартып отуруп,тээ ыймандын нурун журоктон чыгарганга чейин алып барып,таштай катуу кылып салат.Ар бир куноонун ичинде Алла Тааланы жокко чыгарганга алпара турган жол бар.Ал куноо тообо келтируу аркылуу тезинен жок кылынбаса,кичинекей рухий жылан сыяктуу журокту кемиргени кемирген.
Бул тууралуу Куранда мындайча айтылат:”Акырет Кунун жалганга чыгаруучуларга ошол куну кыйроо болот!Алар эсеп кунун жокко чыгарышат.Чынында аны куноого баткан куноокорлор жокко чыгарышат.Аларга биздин аяттарыбыз окулса:байыркынын жомогу дешет.Жок,таптакыр андай эмес.Алардын журокторун кылган куноолору каптап алган.”
Аяттарда тушундурулгондой ,динди жалганга чыгаруучулар-булар чектен ашып кеткен,дайыма куноо кылган адамдар.Жаза куну болгон Кыямат кунуно ишениш аларга жакпаганы учун жана азыркы жыргалдарынан айрылгысы келбегени учун Кыямат кайым жок дешет.Алла Тааланын аяттарын откондун жомогу,мифтери сыяктуу карашат.Мына ушул нерселер алардын арам оокаттардан жыйылган куноолорунун журокторуно дат болуп басып калышынан улам болууда.Ал журоктор ошол куноолорду конумуш адатка айландырып отуруп,дат баскан кузгу сыяктуу карарып,укпай турган,корсотпой турган болуп калат.
Пайгамбарыбыз (С.А.В.)бир хадисинде мындай деген:
“Кул бир куноо кылганда ,журогундо кара бир так пайда болот.Эгер дароо тообо кылса,журогу кайра жаркырап чыгат,жок,эгер кайра куноо кылган болсо,ал кара так кобойуп отуруп журокту бутундой каптап кетет”
Убакыттын отушу менен куноолордун журокту толугу менен карартышы аркылуу Алла Тааланы жокко чыгаруу сезими пайда болот.Алла Тааланын буйруктарын аткарууда кылган жалкоолугу аны тажатып,ичинен мындай дейт:”Ушул кулчулук милдети болбой эле койбойбу… ” Бул каалоодон Алла Таалага каршы рухий турдогу душмандыкка ишарат кылган жокко чыгаруу сезими ойгонот.Чон жоготуу эшиги ага ачылат.Муну ал билбейт.Чымындын оз бетине конушунан качып,жыландын чагышын кабыл кылат.

📗”Ибадаттын пайдалары”китебинен алынды.

🧕Диана Муслима.

👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ Vk.com/Formulasy
✿ Youtube.com/Formulasy
✿ Instagram.com/Formulasy
✿+996708924964..
✿ WWW.FORMULA.KG

Жооп калтыруу

Email дарегиңиз башкаларга көрүнбөйт

We would like to keep you updated with special notifications.