alternatetext Багымдат: 04:18 | alternatetextКүн чыгуу: 06:03 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:58 | alternatetextКуптан: 21:46
Макалалар

«Кудайга ишенбеген атеист болуп баратамбы..» деп негедир өзүмдөн өзүм шектенип жатам…

Суроо: Мен өзүмдү, баскан-турган жоруктарымды, дегеле бүт жашоомбу иликтеп көрүп, өзүмө өзүм суроо берип, акыры ага жооп ала баштадым окшойт... Мен деген бул – менин денем, тулку боюм, анан ошол денени кыймылга, келтирип, башкарып турган – мен экенимди да түшүндүм. Демек мен өзүмдү кандай сезгеним, кантип кабыл алганым – мага гана байланыштуубу деп калдым. Анан эле ушул ойлорума каршы кандайдыр карама-каршы ойлор да кээде келип кетет.

Демек анда кандай болуп калат,…Кудайды кантип  кабыл алуум да өзүмө байланыштуу болобу? Эгер менин бүт баардыгым (денем, тулку-боюм, акыл-эсим түп орду менен жок болсо,.. анда Кудай да жок болуп калабы? Акыл-эсим толугу менен ордунда, тирүү турган кезимде гана Кудай барбы? Кудай анда эмне,..  ой, идея түрүндөгү эле нерсеби, жооп берип койгулачы?..

Диний көз караштан алганда: 

Сиз баш катырып жаткан ойлор жаңылык деле эмес, так эле ушундай теорияга  кезинде аль-Газали, Абу Ханифа жашаган доорлордо да баш катырышкан. Атап айтсак, аль-Газалинин заманында философтор, ойчулдар чыгып, алардын көбү атеисттик, “кудай жок” деп болжогон пикирлерди арбын айтышкан. Мындай талаш-тартыштын изин кубалап аль-Газали өзү киришип бүт өмүрүн арнап  ушул маселени иликтей баштаган. Ойчулдукту (философияны) иликтеп, анын тарапташтырынын көз караштарын төгүндөөгө аль-Газали дээрлик 2 жылдан ашуун убакыт короткон.  Ошонун натыйжасында ал бир катар илимий иликтөөгө негизделген китептерди жазып чыккан, мисалы “Макасидуль-фалясифа” (Философтордун идеологиясы), “Тахафутуль-фалясифа” (Философтордун теориясынын кыйрашы) ж.б.  Жогорудагы китептерде аль-Газали философтордун баарынын (анын ичинде мусулман ойчулдарынын да) теорияларын ынанымдуу  далилдер менен  төгүнгө чыгарган. Эгер сиз араб тилинде окуй алсаңыз, же орус тилине которулган китептерди таба алсаңыз аль-Газалинин төгүндөөлөрү менен кенен тааныша аласыз.

Сиздин ой калчооңуз такыр туура эмес багытка бурулуп калыптыр. Айлана-тегерегиңизди, бүт ааламды караңызчы, жандуу-жансыз нерселерди байкаңызчы, кантип эле ошонун баары Жаратуучусуз эле өзүнөн өзү пайда болуп, өздөрү эле жаралып калсын? Кандай гана нерсени, буюмду карап көрүңүз, мисалы ашканадагы кашык деп коел. Кашык – бул адам тамак жей турган бир каражат, эми ошол кашык өзүнөн өзү жаралып калды деген ойго сиз ишенесизби?

Так ошол эле кашыктын сабындагы оймолорго көз жүгүртүңүз, ал кештелерди карап “ушуну кайсы бир уста жасады болуш керек” деп саамга болсо да ой чаргытып аласыз да туурабы?  Кимдир бирөө сизге “бул кашыкты эч ким жасаган жок, ал өзүнөн өзү эле жаралып, пайда болуп калды” десе ага ишенет белеңиз?!  Ошондуктан ойлогондо да туура багытта  ойлонуңуз, мына ошондо гана сиз чыныгы Акыйкатка келесиз!

Психологиялык өңүттөн алганда: 

Сиз өз ойлоруңузду психологиялык нукта өтө  ырааты менен,туура улаштырыпсыз, бизге жазган катыңыздын башында эле өзүңүз берген суроонун жообу катылып турат.  “Мен өзүмдү өзүм, өз жашоомду аябай иликтей баштадым..”деген мааниде жазыпсыз, мына ушул жазганыңыздын өзү көп нерсени аңдоого жардам берет.  Айтайын дегеним, ар нерсенин башы, анын улануусу жана түгөнүүсү болот. А сиз болсо баштаарын баштап, анан дароо  эле акырына чыгып бүтүп калдыңыз. Ушу тапта кылган тыянагыңызды өто олуттуу кабыл алып, “болду, айтканым айткан, дегеним деген..” деп соңку чындык катары кабыл албай эле коюңуз, анктени алдыда пикирлериңиз дагы далай өзгөрөт.

Сиз азыр баш катырып жаткан ойлорду  мындан көп кылымдар мурун ойчулдар, философтор далай талашып-тартышкан. Дүйнөлүк философия айдыңында сиз ой калчап жаткан нерсени субьективдүү идеализм деп атап коюшат. Бул жолду туура деп эсептешкен ойчул-философтор ( Мах, Авенариус, Беркли ж.б.у.с.) бу дүйнөдөгү жандуу-жансыздын баары адамдын аң-сезиминде гана жашайт, адамда акыл-эс жашап турганда, анын кабылдоосу да ошол акыл-эске көз каранды деген мазмундагы түшүнүктү туура деп эсептешкен.  А бирок ошол замандарда алардын бул тыянактарынын жарым жартылайын же баарын төгүндөгөн карама- каршы жүйөөлөрдү келтирген пикирлер көп эле болгон.
Субьективдүү идеализмди жактаган тарапташтар ушул азыркы биздин заманда деле бар, бирок алардын пикирлери мурунку замандагыдай копол, орой эмес.

Мына эми сиз да тээ илгерки ойчулдар талашып-тартышкан теманы жеке ой калчоолоруңузга салып, так эле ошолор берген суроолорду жаадырып “бу кандай болуп кетти?” деп  ой толготуп жатасыз. Сизге мындай түшүндүрөлүчү, маселен өзүнөн өзү эле бир дарак өсүп турат, аны сиз эккен эмессиз, жөн эле бир дарак деп коелу, ары-бери өткөндө ал даракты көрөсүз, кээде кармайсыз, жыттап, кээде анын жалбырактарын, бутактарын жеп да  көрөсүз,  шамалга шуулдаган үндөрүн, жалбырактарынын дилдирегенин угасыз  дегендей… Эгер сиз бир себептер менен ал дарактын жанында болбой, көрбөй, аны дарак катары кабыл алган сезимдериңиз да өчүп, же алыске кеттиңиз дейли, ошондо эмне,..ал дарак – дарак болуудан калабы? Ал дарак сиз болсоңуз болбосоңуз, көрсөңүз көрбөсөңүз деле шуудураганын улантып, жалбырагы түшүп, кайра пайда болуп өз арбайын согуп өсө берет да? Мобу сиз, биз жашаган обьективдүү дүйнөдө деле ушундай көрүнүш эмеспи?

“Мен” деген түшүнүк бар экенин билесизби? Мына ошол “Мен” кантип пайда болоорун билип койсоңуз ашыкча болбойт. “Мен” бизди биз кылып, тирүү сездирип турган кубулуш. “Мен болбосом…башкалар да болбойт эле..менин акыл эсим бар үчүн башка нерселер мен үчүн бар..” деген тыянагыңыз  кызык болуп турат. Демек башкалар тирүү жүргөнү үчүн алардын ан сезиминде да  сиз  тирүү жүргөн болуп каласызбы ошондо? “мен киммин, кайдан келдим?” деген суроону жер жүзүндөгү макулуктардын арасынан адам гана өзүнө бере алат, адам гана издене алат.

Мындай ойлонуп, изденүү, өзүн өзү таанууга аракет кылуу абалы “психика” деп аталат, грек тилинен которгондо психика – “жан” деген маанини берет. Биздин ошол жаныбыз айланабызда болуп жаткан нерсенин баарын кабыл алат, анын баарына баа берет. А адам каза болгондо мына ошол жан денеден бөлүнүп чыгат. Андан ары жан баштапкыдай эле ар нерсени сезет, угат, көрөт, туят – болгону башка алкакта, башка денгээлде.  Анан тигинтип “менин акыл-эсим бар кезде, аң сезимим бар кезде гана Кудай бар” дегениңиз өтө бир адашкандык. Чындап келгенде, сизге акыл эсти, аң сезимди, ал нерселер менен ойлонууну же адашууну,..мунун баарын сизге Кудай бергенин биле жүрүңүз.

Жеке туюмуңузду, жеке дүйнө таанымыңызды “акыркы чындык” катары кабылдап албаңыз. Чү дегенде эле адашкан, чаташкан жолго түшүп алып, анан ошондон кийинки жеке тыянак кылууларыңыз, бүтүм чыгарууңуз бир чекитке токтой эле арабөк абалыңыз гана, болгону ушул.

Автор
Мухаммад-Амин МагомедрасуловАлиасхаб Анатольевич Мурзаев
Булак
"Исламлайф"

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button