Атактуулар ааламыМакалалар

Криштиану Роналду: “Мен Мусулмандарды неге жакшы көрөм?”

Балалык чагым кыйын болду. Кедейчиликте өмүр сүрдүк. Коңшу балдар менен досторум жаңы оюнчук алып атышканда катуу кызыгат элем. Мектепке жөө барат элем, көбүнчө барбай да калам, өтө кедей турат элек. Бар эрмегим топ болду, бардык жок нерсеге деген өчүмдү топту тээп алат элем…

Мен Африкалык балдарга байлыгым ашып-ташып атканынан эмес, атак үчүн да эмес, алардын азыркы абалын бир кезде көргөндөн, жагдайларын сезгенден кайрымдуулук жасаймын…

Менин атымды атап, мага кичинекей колдорун созгон Палестиналык ач-жыңалач балдарды көргөндө көз жашым токтобойт. Даңк менен арзан мактаныч үчүн кайрымдуулук жасабаймын, менин жүрөгүм эзилет аларды көргөндө….

Мен тууралуу жалган сөз, ушак таратуу жеңил, кайыр-садака бергенимди алдамчы аракет деп баалай салуу оңой. Албетте, ар ким өз деңгээлинде түшүнсүн…

Мен мусулмандардын эч кимге зыян тийгизбей, терсинче, өзүңө пайда тийгизе отуруп жакшылык жасагандарына таң калам. Мен мусулмандардын өмүрүндөгү ар иш аракеттин орду менен жасагандарына таң калам. Аларда берекетсиздик менен куру тырышкандык болбойт, алардын кол жууй турган сууга чейин урмат менен караган кичипейил, канаатчылдыгын сүйөм…
Мен мусулмандар тууралуу, Ислам тууралуу көп нерсе билем, ал азыркы сиздер окуп жүргөн басылмалардагы “исламдан” башкача дүйнө. Ал башкача таза, тунук аалам!

Макаланын автору:
Которгон: Б.Дүйшөбаева
Ачкыч сөздөр
Улантуу ⇓

Тектеш темалар

Жооп берүү

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт.

Close
Close