Макалалар

Кош кел, Ыйык Рамазан айы!

Бир жылда бир ирет 30 күн бою дүйнө жүзүндөгү мусулмандар орозо кармашат. Аталган ыйык ай быйылкы жылдын май айынын аягына туш келүүдө. Рамазан айын утурлай Ош облусунун казысы Самидин ажы Карыбаев менен орозо кармоо маданияты тууралуу баарлаштык.

«Беш түркүктүн бири – орозо кармоо»

-Бисмиллахир-рохмаанир рохиим! Дайыма сөзүбүздүн башында баарыбызды жараткан Улуу жаратуучубуз Алла Таалама чексиз мактоолорубуз болсун жана Улуу жол башчыбыз, пайгамбарыбыз Мухаммед (с.а.в.)га салам-дубаларыбыз болсун! Албетте, пайгамбарыбыз Мухаммед (с.а.в) айткандай, ислам дини беш түркүктүн үстүнө курулган. Алардын биринчиси – Алланын жалгыз экендигине жана пайгамбарыбыз Алланын элчиси экендигине күбөлүк берүү, экинчиси – беш маал намаз окуу, үчүнчүсү – кайсы бир адамдын малы нысап чек арасына жеткен болсо зекет берүү, төртүнчүсү – орозо кармоо жана бешинчиси – эгер күч-кубаты, байлыгы жетсе ажыга баруу болуп саналат. Ошол беш түркүктүн бири Рамазан айында орозо кармоо. Орозо кармоо бизге мусулмандарга Бахара сүрөөсүнүн 183-аятынын негизинде парз болгон. Бул аятта Алла Таалам «Оо ыйман келтиргендер, силерден мурункуларга парз кылынган сыяктуу эле такыба болушуңар үчүн силерге да орозо кармоо парз кылынды» дейт. Демек, ушул аяттын негизинде орозо кармоо бизге парз болду. Бирок бул аятка маани берип карасак пайгамбарыбыз Мухаммедден мурдагы жашап өткөндөргө да орозо кармоо парз кылынган. Балким, айында же болбосо эрежелеринде айырмачылыктар болушу мүмкүн.

«Рамазан айында адамдар өзүн-өзү тарбиялашы, жаман адаттардан арылышы керек»

-Рамазан айы бир ай бою адамдарды жаман көрүүдөн, ушак-айың айтуудан тыят. Рамазан айында орозо кармоо менен бир гана өзүн тамак-аштан чектөө эмес, көзүн, оозун да жаман нерселерден алыс кармоо, напсини тыюу болуп саналат. Жалган сүйлөөдөн, урушуп кетүүдөн оозум ачылып калат деп адам өзүн тыйышы абзел. Рамазан айы келиши менен адамдардын өзүн-өзү тарбиялашы, жаман адаттардан арылышы керек. Бул ай берекенин, жакшылыктын, ынтымакчылыктын, кечиримдин айы болуп эсептелет. Ушул айда урушуп кеткендер бири-бирин кечирүүсү зарыл. Быйылкы жылдагы орозобуз дагы жылдагыдай жакшы жылдардан болсун. Ыйман, адеп жана маданият жылында адеп-ахлагыбызга да көп таасир эте тургандай болсун деп ниет кылалы.

Рамазан айы 30 күндүк ай эсеби менен эсептелинип турат. Айдын жаңырышына карап эсептелгендиктен жылына 10-12 күн эртерээк келет. Ошон үчүн Рамазан айы кээде жай айларына туш келсе, кээде кыш мезгилине туш келет. Быйылкы Рамазан айынын кириши болжолдуу түрдө үстүбүздөгү жылдын 17- майына туш келүүдө. 17-майдын таңында ооз бекитилип, орозо кармалат.

«Саарлык кылган адам орозону бакубат алып жүрөт»

-Орозонун шарттары катары ооз бекитүү убактысы күн чыкканга чейин болуусу шарт. Күн чыкканга чейин дегени багымдат убактысына чейинки убакыт. Багымдат намазынын убактысы күн чыкканда эмес, таң агарып баштаган мезгил болуп саналат. Адамдар ошол убакытка чейин ооз бекитүүсү керек. Муну Алла Таалам куранда ак жип, кара жип деп айырмалап берген. Бул деген чын таңдын атып баштаганы. Чын таң бар, анан жалган таң бар. Жалган таң таң атканга окшоп сүрүлүп барып, бирок карайып кетет. Ошондон кийин чыныгы таң ата баштайт. Ошол чыныгы таң атканча ооз бекитүү зарыл.

Адам катуу чарчап калып же уктап калып ооз бекитүү убактысында тура албай калса, ниетти кылып орозо кармоону уланта берсе болот. Кээ бир адамдар «саарлык ичпей калдым, эми орозом бузулду» деп кыжаалат болбой же тамактанып албастан орозосун улантып кете берсе болот. Бирок, пайгамбарыбыз «саарлыкты кылгыла» дейт. Анткени, саарлык кылган адам орозону бакубат алып жүрөт.

«Кечиктирбей ооз ачкан сооп болот»

-Орозо бул балакатка жеткен, акыл-эси бар эркек балдардарда 12 жаштан, кыз балдарда 9 жаштан жогору болгон мусулман адамдар орозо кармаганга милдеттүү. Орозо тутпаган адамдар каза кылган орозосун кийин аткарып бериши керек. Орозо кармоодо каза болгон орозосунун ордуна бир күнүнө бир күн кармаган орозо бар. Ал эми «каффарат» деп бир күндүк каза болгон орозосу үчүн 60 күн ортосун үзбөй орозо тутуп бере турган карызы да бар. Булар балакатка жетип, ден соолугу чың мусулман адам атайылап орозосун каза кылып, же оозун ачып жиберсе 1 күнүнө 60 күн орозо тутуп берет. (мисалы, билип туруп күндүзү жыныстык катнашка баргандар, билип туруп-тамак жегендер) Ал эми орозо кармап жатканын унутуп калып, тамак жеп алып, эстеп кетип кайра дароо токтотуп орозосун улантып кете берсе болот. Анткени, ал адам билбей калды. Эстегенден кийин да улантып жеп кете берсе бул киши бир күн орозосу үчүн бир күн кармап берет. Ошондой эле күн бата элек учурда деле күн батты окшойт деп эрте ооз ачып алып, күндүн бата электигин байкаса да бир күнүнө бир күн тутуп берет. Ооз жабуу убактысында да ушундай. Өзү билбей калган таризде убакты-сааты өтүп кеткенден кийин да тамактанганын улантып атса ал киши да бир күнүнө бир күн тутуп берет. Ошондой эле сапарга чыккан адам жолдо кыйналса, аялдардын этек кири келген учурда, бала эмизген, кош бойлуу аялдар да кармай албай калган орозолору үчүн бир күнүнө бир күн тутуп беришет.

Элира Чынтемир кызы

Ачкыч сөздөр
Улантуу ⇓

Тектеш темалар

Жооп берүү

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт.

Close
Close