КОЛУҢДАН КЕЛБЕГЕН ИШКЕ КОЛ САЛБА.

0 161

✍ Мурдараак философия боюнча китептерди окуп, маалыматтарды топтоп, ушул жаатта бир эмгек жазмакка аракет кылып көрдүм. Философиялык терминдердин оордугу, түшүндүрмөлөрдүн татаалдыгы акыл-парасатыма туура келбеди. Убактым короп, бирок, эч кандай пайда таппаганымды сездим. Ар ким өз адистиги боюнча эмгектенсе, иши ийгиликтүү болорун дагы бир жолу аңдадым. Менин адистигим Хадис илими, дарс окуу, ачык-айкын, түшүнүктүү баян кылуу, ал эми философия табагыма сала турчу аш эмес экен.

Ошентип философияны таштап, кайра баштапкы ишиме кайттым. Хадис китептерин, тарых китептерин окуп, ушулардын үстүнөн иштей баштадым. Оңой түшүнөм, оңой жазам, баары жайына келип, өзүмү жеңил, кубанычтуу сезип калдым.

Сен да табиятыңа кара, өзүңө жаккан тармакты оку, өзүңдүн түшүнүгүнө, ал тургай мүнөзүңө дал келчү ишти аткар. Сага жакпаган, табиятына туура келбеген, кыжаалат кылган ишке киришпе, аны канчалык өжөрлөнсөң да багынта албайсың.

Өзүңө ылайыктуу жээкти танда, ылайыктуу тереңдикте суз. Табиятына туура келген ишти аткар, анын натыйжасы жакшы болот. Акын айтмакчы:

” __Ийнине_ _чак_ _келбесе_ _артынбагын_ ,
_Колуңдан_ _келген_ _иштен_ _тартынбагын_ “.
_

📘 “Бакыттын сырын ачтым ” китебинен.

Автор: Аид ал Карни.

📱👉✿+996708924964

👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ Vk.com/Formulasy
✿ Youtube.com/Formulasy
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ WWW.FORMULA.KG

Жооп калтыруу

Email дарегиңиз башкаларга көрүнбөйт

We would like to keep you updated with special notifications.