АңгемелерТаасирдүү окуяларТарбия

Ким Бакыт издейт? 

"Биздин учурда сый болгону үчүн сүйүү да түбөлүк болчу..."

Улгайган бир кемпир акырын бөлмөсүнөн  чыкты. Конок бөлмөсүнөн небереси менен  келининин үндөрү угулуп жатты:  – “уулум, дасторкон даяр, сорпоңду куюп  койдум; кел, муздап кала электе ичип ал”.  Муну уккан чоң эне бөлмөнүн бурчуна айылдан кошо көтөрө келген жер төшөктүн  үстүнө отурду. Небереси, чоң энесин көрө  калып:

– “Чоң эне, келиңиз чогуу ичели”- деди.  Кемпир маанилүү үшкүрүнгөн соң:  “үйдун эркеги келгиче кечки тамакка отурулбайт. Атаңар келсин, чогуу  тамактанабыз, Кудай буюрса”- деди.  Келини: ” Ай коюңузчу апаке, илгери ошондой  экен го! Азыркылар ачка болгондо,  дасторконго отура берет, атабыз келгенде  жейт да. Кемпир: ” кызым, адамдардын кандай адеби  бар болсо , үйлөрдүн да намысы жана адеби  болот”.

Небереси чыдабай, мазактагансып сөзгө  кошулду: ” апеей да чоң апа, үйдүн намысы  деген эмне экен? айтып берчи, кана, кызык болуп атат”, деди.  Кемпир сөздү баштады:  Биз кичине кезибизде апаларыбыздан мурун  аталарыбыздын каршысында адептүү  отурганды үйрөндүк. үйдө, ата-энебиз барда  бутту сунуп отурбай, улуулар сүйлөп жатканда сөз укугу берилмейинче сөзгө аралашчу  эмеспиз. Улуулар бөлмөгө киргенде дароо  тура калып орун берчүбүз. Эч качан атабыз  дасторконго отуруп даам ооз тийгиче  дасторконго кол узатчу эмеспиз.  Атабыз келип: Бысмылда деп, келгиле тамактан алгыла дечү. ошондо гана жыргап  тамак иче баштачубуз. Тамак ичип бүткөн соң,  бир туугандар менен кезектешип дасторкон  дубасын окуур элек. үй-бүлө мүчөлөрүнүн  толук отуруп жеген тамагына эч нерсе  жетпейт го, чиркин. Бул дасторкон адеби болуп саналат балам.  Небереси : Ушунчалык басым кылынса,  деппресия болчу белеңер анан? деп сурады.  ” Жок балам, биздин учурда сый болгон үчүн  сүйүү да түбөлүк болчу. Сүйүү бар болгон соң  деппрессияга кирген эч ким кездешчү эмес. Тамактар даамдуу, уйкулар таттуу, эс  алдыруучу болчу.

Билесиңби? Мен депрессия  деген сөздү алгач ирет ушул жактан уктум,  жадакалса айылда бир кем акыл адам бар эле,  ” жинди Ыбрайым” дешчү аны. Бирок ал деле  ушундай бактылуу адам болчу дейсиң. Керели күнү кечке көчөдө балдар менен ойноп, ачка  болгондо бир эшикти такылдатып: “Аба ачка  болдум, аба суу берчи” дээр эле. Кайсы  каалганы такылдатса да, бош жөнөтүлчү эмес. Чач тарач анын чачтары өсүп кетсе  кыскартып, мончочу киринтип, тазалап коер эле. Жума күндөрү соодагерлер колундан  тутуп, намазга да жетелеп барышчу. Кыскасы  эч ким аны жээричу эмес.  Азыр болсо эч нерсеге сый-урмат калган жок.  Мына, карачы үйлөрдө да сый жок бул  шаарда.

Кеч кирсе да, эч ким терезе пардаларын жаап койбойт, үйдүн ичи бүт  көрүнүп турат, бирок эч ким уялбайт.  Биз болсо күүгүм кире электе калың  пардолорду жаап, үйдүн жарыгын күйгүзүп  коер элек. Жадакалса пардо жабык болсо да,  кийимибизди которгондо, жарыкты өчүрүп, жерге тизелеп отуруп анан алмаштыраар  элек. Көлөкөбүз дагы сыртка көрүнүп калса  жүзүбүз кызарып, уялаар элек. Ошол убакта  келини, отурган жеринен турду дагы, уялыңкы  башын шылкыйта бөлмөнүн пардолорун  жапты. ” үйдун адеби, пардолордун жабылып-  жабылбаганынан билинет” дешчү  улууларыбыз. үйлөр, бийик-бийик дубалдар  менен курчалса дагы эч ким ич кийимдерин  көз-көрүнө асчу эмес. үй тургундарынан да  уялышчу.

Мен кичинемде кийип жүргөн шалварымды эң алдыңкы кермеге жайып  койсом, апам келип: ” кокуй, бул эмне  кылганың, атаң короого чыгыптыр, сенин  шалварың илинип турат, уялганымды  кантейин, кирээрге тешик таппай  калбадымбы. Экинчи кайталанбасын, ич кийимиңди эң аркадагы кермеге асып жүр!  үстүнө узун жоолук жаап, анын үстүнө башка  кийим илип коюп жүр, ботом. эмне илинип  турганы көрүнбөсүн!  Намысыбыз, адебибиз жоголсо, ыйманыбыз  да жоголот! деди. Мен болсо ал кезде 12 жашар секелек кыз элем. Апам буларды  айтып жатканда жерге кирип кете жаздагам.  Азыр ошондойбу? өткөндө балконго чыга  калсам, маңдайкы кошуна, бардык кирин  жайып коюптур, уялып кайра кирип кеттим.  Азыркы заманда сыртта тамактанышчу болду. ” Көз акысы” болуп атат, эч ким муну  ойлонгон жок. Базардан алынган азыктар да  ичи көрүнгөн баштыктарда үйгө алынып  келинет; аларды алалган да бар, алалбаган  да. Көз акысы, кызганычты туудурат. Минтип  желген азыктар аш болобу?

Пайгамбарыбыз ( с.а.в):

“Тамагыңардын жыты менен  кошунаңарды капалантпагыла” деп буйурган.

Бүгүн жыт менен, мактануу менен  чөйрөдөгүлөр капа кылынууда. Анан албетте,  жегениңер аш болбой, депрессия болуп,  дарыгерге көрүнөсүңөр. үйдүн дагы бир адеби бар, эң маанилүүсү ушул  менимче. үйдүн ичинде болуп өткөн окуялар  эч качан сыртта айтылбаш керек; желип-  ичилгендер, уруш-талаштар, бактылуу  учурлар. Бул да үйдүн намысы болуп  эсептелинет жана эч кимге айтылбашы керек. Ошон үчүн илгери үй ичиндеги маселелер,  оңой эле чечилчү. Анын үстүнө  Пайгамбарыбыз да өзгөчө эрди-катындын  ортосунда болуп өткөн окуялардын чөйрөгө  жайылтылуусун эң чоң күнөө экендигин  хадистеринде дайым айтып келген. ” Туурабы Лейла”- деди келинине. Лейла уялып: ” Ооба,  апаке” дей алды жөн гана.  Небереси: ” Чоң эне, азыр фэйсбуук деген бар;  адамдар барган ресторандарынан баштап,  жеген тамактарына чейин сүрөткө тартып  миңдеген адамдарга көрсөтүшөт”! ” Ий, кокуй, уят.. адам жегенин кантип  көрсөтсүн?”  ” Ах, апаке, майда- чүйдөсүнө чейин  бөлүшүшөт. Кыдырган жерлерин, жеген  тамак- аштарын, алган буюмдарын, кийим-  кечесин, жадакалса аялдар күйөөлөрүнүн алган гүлдөрүн жана жазган каттарына чейин  көрсөтүшөт”.  ” Ок, балам, сен эмне деп жатасың? Кыямат  күнү келди дечи. үйлөр жылаңач болду  дечи…” деп көз жашын көлдөтүп сөзүн  улантты: ” Биз күйөөлөрүбүз менен жанаша баскандан  да арданчубуз; жесир калгандар бар,  турмушка чыга албагандар бар. Алардын  көңүлүндөгү жараларга туз баса көрбөйлү  деп, күйөөлөрүбүздөн бир кадам артта  бассчубуз… Азыр болсо уруш-талаш ортодо, сүйүүлөр ортодо.. Албетте жеке жашоо  калбаган соң, чын жүрөктөн жасалган иштер  да жоголот. үйдүн берекети, улууларды  сыйлоодо жатат. үйдун намысы – жабылган  пардолор. Сүйүүнүн намысы- жашыруун  болууда. Көздүн намысы- сурмаларда. Дененин намысы- жабынууда. Уялуу  ыймандын бир бөлүгү. Силерге апам айтып  берген бир окуяны баяндап берейин. Окуя  дегеним менен аты эле окуя. Негизи бир хадис. Башкача айтканда Алла-Тааланын  Пайгамбарыбызга кабар бергендей, Пайгамбарыбыздын болсо өз сөзү менен хадис  кылып айтып берген окуясы:  Алла-Таала Азирети Адам алейхисаламды  жаратып жаткан учурда Жабраил  алейхисалам ага үч белек алып келет: Илим,  уят, акыл. Адамга кайрылып: Эй Адам..Ушулардын ичинен каалаганыңды  танда!… Адам (ас) акылды тандап алат.  Жабраил (ас) уят менен илимге кайрылып өз  кызматтарына кайтууларын буюрат. Анда уят  менен илим: “Биз рухтар ааламында дайым  бирге жүрчүбүз, бири-бирибизден ажырай албайбыз. Рухтар өлүктөргө киргенде да  ошондой болушу керек. Акыл кайда болсо  биз ошояктабыз”- дешет. Жабраил (ас): андай  болсо өз ордуңарга баргыла деген буйрук  берет. Ошентип акыл- дымакта, илим-  жүрөктө, уят көздө жайгашат. Мына ушул хадисте айтылгандай уяттын  макамы ( орду) көз. Ошон үчүн көзүбүздү да  коргошубуз зарыл. Көзгө урунган  нерселердин баарын контролдой билүү  керек”.  Анда келини: “Туура айтасыз апа. Биз намысыбызды жоготкон сайын  санааларыбыз, жүрөк адаларыбыз  көбөйдү. “Небереси акырын кашыгын коюп жатып: ”  апа, мен атам келгенде тамактанам”,- деди.  Чоң эне болсо айтып бергендеринин балдарына таасир эткенин көрүп ичинен  Алла-Таалага чексиз мактоолорун айтты.

 

Ачкыч сөздөр
Улантуу ⇓

Тектеш темалар

1 пикир

  1. Азыркы учурда тарбия толук кандуу берилбейт балдарга. Илгери жадакалса мектепте тарбиялашчу. Азыр такыр тескерисинче

Жооп берүү

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт.

Close
Close