alternatetext Багымдат: 04:20 | alternatetextКүн чыгуу: 06:05 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:58 | alternatetextКуптан: 21:46
Таасирдүү окуялар

Кемчилик жана кечирим

Жумуштан чарчап келген аялы күйөөсүнүн алдына куурулган жумуртка менен бир аз күйүп кеткен печенье койду. Ал жубайынын жүзүнө жылмайып карап коюп, күйгөн печеньеден жеп жатты. Баласынын сабактарын сурап бир аз сүйлөштү. Тамактанып бүтөөрдө жубайы жолдошунан печеньени күйгүзүп койгону үчүн кечирим сурады. Ошондо жолдошунун айтканы: «Алтыным, мен күйгөн печеньени жакшы көрөм го» — деген сөз болду… Уктаар алдында баласы атасынын жанына барып: » Ата, Сиз чын эле күйгөн печеньени жакшы көрөсүзбү?» — деп сурады. Ошондо атасы баласын кучагына алып, «Апаң күндө жумушка барат, үйгө чарчап келет, анын үстүнө аз гана күйгөн печеньенин эч кандай зыяны жок. Ошондой эле мен да баардык ишти кемчиликсиз жасай албайм. Кээде мен дагы кемчилик кетирем. Ошон үчүн кемчилик болсо бири-бирибизге кечирим менен карап, көнүлүн алуубуз керек» дейт…

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Бул да кызыктуу
Close
Back to top button