alternatetext Багымдат: 04:28 | alternatetextКүн чыгуу: 06:11 | alternatetext Бешим: 13:04 | alternatetextАср: 17:52 | alternatetextШам: 19:53 | alternatetextКуптан: 21:38
Жаңылыктар

Казак ишкерлери фондко акча төгүп, анын эсебинен айылдык имамдар маяна алышат

Казакстанда айылдык имамдардын каржылык колдоо фонду түзүлдү, бул фонддун милдети – дин кызматкерлери үчүн кайрымдуулук каражаттарын чогултуу, айта кетчү сөз фонд кызматкерлери айлык албай бекер иштейт.

Казакстандын дин иштери жана жарандык коом боюнча министри Нурлан Ермекбаевдин айтуусунда, имамдардын айлыктары фонд чогулткан каражаттын көлөмүнө байланыштуу болот.

“Айыл жергесинде имамбардын абалы кыйла эле туруксуз. Бул кырдаалды калк ичиндеги деструктивдүү күчтөр пайдаланып, ар кандай ойдо жок жоруктарды жасап жиберүүсү ыктымал. Анан калса имамдар айылдарга барып иштөөгө анчалык ынтызарлыгы жок”,-деди ал.

Министрдин айтуусунда азыр мыйзам боюнча министрлик имамдарга түздөн түз маяна төлөй албайт, ал эми фонд түзүлсө, ишкерлер ал фондго акча төксө , ошол сумманын эсебинен имамдарга айлык төлөнүп турмакчы.

Булак

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button