КАЙГЫНЫН ДААРЫСЫ ПАЙДАЛУУ ИШ

КАЙГЫНЫН ДААРЫСЫ ПАЙДАЛУУ ИШ

0 525

 

✍ Азыркы замандагы эң баалуу, эң зарыл китеп деп Башар Аваддын “Ал-Муснад ал-Мусаннаф ал-Мулълал” китебин эсептейм. Кырк үч жыйнактан турган бул хадис биздин замандагы изилденген, такталган коркомдук сапаты жакшы эң көлөмдүү топтом.

Бир жолу телефон чалсам, Ибн Хаазимдин “Ал-Махал” китебине изилдөө, Ибн Абд ал-Барга түшүндүрмө жазып бүткөнүн айтты. Албетте, булар аябай чоң китептер, изилдеп түшүндүрмө жазуу оңой убакытты талап кылбайт.

Доктор Башар Авад сүннөт китептеринен “Тахзиб ал-Камаал вал-Муснад ал-Жаами” китебин да изилдеп, тактоо жазган. Мунун баарына кантип жетишип жатканына таң каласың. Көрсө, багымдаттан кийин ал күнү канча барак жазарын болжолдоп, ошого жеткирүүгө тырышат тура. Ишин парз намаздары, анан бир аз жеңил уйку гана токтотот экен. Берилип эмгектенүү, анан ушул чыдаган сабыры, аны ийгиликке жеткиргенин көрдүм.

Анын капалуу жургонун такыр көрүүгө болбойт. Мунун сыры өзүнөн-өзү белгилүү, ал убактысын ары кызыктуу, ары пайдалуу эмгек менен өткөрүп жатса санаага убакыт табылмак беле.

Дегеним, эгер күнүң жумуш, ибадат, Куран окуу же башка бир пайдалуу ишке толуп турса, кайгырганга, капаланганга убакыт таба албайсың. Пайдалуу иш менен алектенүү – кайгы-кападан арылтуучу дүйнөдөгү эң таасирлүү даары. Мына ушуну эсиңден чыгарба.

📘 “БАКЫТТЫН СЫРЫН АЧТЫМ” китебинен.

🧕Алина Абдрасул кызы.

👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ Vk.com/Formulasy
✿ Youtube.com/Formulasy
✿ Instagram.com/Formulasy
✿+996708924964..
✿ WWW.FORMULA.KG

Жооп калтыруу

Email дарегиңиз башкаларга көрүнбөйт

We would like to keep you updated with special notifications.