КАТЫГАН ТОКОЧКО ДА КАРДЫН ТОЁТ

КАТЫГАН ТОКОЧКО ДА КАРДЫН ТОЁТ

0 431

🍞 КАТЫГАН ТОКОЧКО ДА КАРДЫН ТОЁТ

✏ Мындан жыйырма беш жыл мурун Эр-Риядга жаңыдан келгенимде, кайсы бирөөлөр соода кылууга үндөштү. Бир жолдошума шериктеш болуп, “Күн” деген акционердик коом негиздедик. Каалагандарга эшик ачып, келгендердин саны оголе көп, чалууларды айтпай эле коёюн. Окууга убакыт аз, ал тургай Куран окуп, зикир кылганга да убакыт табылбай калды.

Ошентип жүргөндө белгилүү аалым, Ислам университетинин мугалими Абдуллах бин Мухаммад ал-Амин аш-Шанкитини себепкер кылып, Алла Таала пикиримди өзгөрттү. Устат келгендерден жана телефон чалуулардан колум бошобой жатканын көрүп, окчундата чакырып кеңешин айтты:

– Сен илим талап кылып жүргөн адамсың. Келечекте Алла ыраазычылыгы үчүн кызмат кылууң керек. А бул ишиң сени чарчатат, дүнүйөгө сугуңду арттырат. Илим жолундагы, деги эле мусулман адам азга каниет кылуусу керек, – деп, кайсы бир акындын: “Катыган токочко да кардың тоёт, ашыгы ач көз кылып, бир күн соёт” деген саптарын эскертти.

Устаттын айтканы жан дуйномду дурботуп, озгочо таасир берди. Эртеси эле жолдошума иштен кеткенимди айтып аман-эсен бул балээден кутулдум. Иштен кеткен кундон тарта кадимкидей женилдеп, санаам тынчып, конулум которулуп, кайра баштагыдай сабакка берилип, Куран окууга, зикир кылууга кенен убакыт таап жыргап калгансыдым. Ушул ишти баштагандан бери тынч уктай электигимди , жаным жай ала элегин сездим.

Муну менен таптакыр соода кылуудан же акча табууда тыйып жаткан жерим жок. “Бардык адам ичер суусун өздөрү табышат” (“Аьраф” сүрөөсү, 160-аят). Адамдардын шыгы ар түрдүү болот, ким соодага бет алса, өз алдынча аткара берсин. Бирок, акция аркылуу ар тараптан акча чогултуу адамдарга кыйынчылык туудуруучу, акыбети оор иш. Анан да соодада сүткордук, жалган айтуу сыяктуу оңой берилип кете турган күнөөлүү иштер көп. Мына ушулардан да сак болуу кажет.

📗”Бакыттын сырын ачтым” китебинен даярдалды.

Автор: Аид ал Карни.

🧕Алина Абдрасул кызы.

📱👉✿+996708924964

👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ Vk.com/Formulasy
✿ Youtube.com/Formulasy
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ WWW.FORMULA.KG

Жооп калтыруу

Email дарегиңиз башкаларга көрүнбөйт

We would like to keep you updated with special notifications.