alternatetext Багымдат: 04:18 | alternatetextКүн чыгуу: 06:03 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:56 | alternatetextШам: 20:00 | alternatetextКуптан: 21:48
Макалалар

Катанын үч түрү бар: Текеберлик, ач көздүк, көрө албастык

  1. Текеберлик (бой көтөрүү, менменсинүү). Шайтан текеберлигинен Алла Тааланын каарына жана каргышына калган.
  2. Ач көздүк. Ач көздүктүн айынан Адам ата Бейиштен чыгарылган.
  3. Көрө албастык. Көрө албастыктын кесепетинен Адам атанын уулдарынын бири экинчисин өлтүргөн.

Кимде мына ушул сыпаттардан бири болсо, анда ал жамандыктын ачкычын өзү менен бирге алып жүрүптүр.  Каапырлык (динден чыгуу) текебердиктин айынан болот. Чоң күнөөнүн көбү ач көздүктөн башталат. Заалымдык, бузукулук, кызганыч көралбастыктан улам пайда болот.

Аалымдардын биринен: Өзүң жана диниң жөнүндө айтып берчи, — деп суранышканда ал минтип жооп берген экен:

«Диним кийим сыяктуу, мен болсо жамакчы сыяктуумун. Аны күнөөлөр тытып, айрып салат, а мен болсо аны «Истигфар» айтып, кечирим тилөө менен жамап коём».

Эч качан кайгыга алдырба! Бардык адамдардын кемчилигин кечире бил, эч кимге кек сактаба, анткени; «Сен да, алар да өлүм даамын татуучу».

Устаз Абдишүкүр ажы Нарматов

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Бул да кызыктуу
Close
Back to top button