Ырлар

Калыгул атадан кечигип келген насаат

Калыгул Бай уулу

Батасыз калаар элиңер,
Балыксыз калаар көлүңөр.
Корголсуз калаар корооңор,
Кол сунбас жолдош-жороңор.

Ичегиң калар ичкерип,
Ийгилик тураар кеч келип.
Санаасы бузук эл келээр,
Салт-санаа айткан тергелээр.

Жегени таза жерилээр,
Жериңди четтен кемирээр.
Учкундан мурун өрт кетээр,
Улуудан каада-салт кетээр.

Казанга салбай аш бышаар,
Кагазсыз элиң кат жазаар.
Ширеңке чакпай от жагаар,
Шилбилүү төрүң бош калаар.

Тоолоруң калар топусуз,
Сок билек калар сокусуз.
Үйлөрүң болоор үч кабат,
Эшигиң болоор беш кабат.

Көңүлүң өргүп тынч албас,
Өксүсөң эч ким кылчайбас.
Түбөлүк көрөєр, жашоосун,
Түз жолго салбас азоосун.

Тыя албай калар катынын,
Каттабай калаар жакының.
Тең ата болоор жаш-кары,
Тебилип калаар баштагы.

Уят деп айтсаң күлүшөөр,
Улуулук наркы чүрүшөөр.
Казына башчың шум болоор.
Кагаздай аппак ун болоор.

Чегиртке басаар жериңди,
Чет жерлик табаар эбиңди.
Куюгаар журтуң адашып,
Кул-кутан бийлик талашып.

Кылычың ташка чабылаар,
Кытайлар каптап жабылаар.
Саламын айтаар ийилип,
Саадагын жонго түйүнүп.

Аралай чабаар элиңди,
Акырын бузаар тегиңди.
Алгоолоп жүрүп жол салаар,
Ары тур, десең кол салаар.

Жараксыз келип багынтаар,
Жарлыгын төшкө тагынтаар.
Жараткан Теңир кайда?- деп,
Жасалма бутка табынтаар.

Карагай-кайың кыйылаар,
Качанкы демиң тыйылаар,
Калпагың башка кийе албай,
Кайран журт ташка сыйынаар.

Кашыкка сузган кант берээр,
Кантына кошуп дарт берээр,
Капарсыз жүргөн күнүңдө,
Карт кытай бир күн мант берээр.

Тоңдурбас кышта тон берээр,
Тонуна ороп шор берээр.
Тоо-ташың басып алганга,
Тоң кыргыз колго оң келээр.

Чочконун майын эритээр,
Чокунтпай туруп жегизээр.
Чочунбай бирге бололу,
Чогуу өскөн элбиз, дегизээр.

Кадуулап алтын табышаар,
Каймагын калпып алышаар,
Канатташ элбиз баштан деп,
Калп эле тилин жагызаар.

Кылтылдап кирер койнуңа,
Кылтагын илер мойнуңа.
Кызыкпа, журтум, кызыкпа,
Кытайдын кытмыр ойнуна.

Ашың жок болсо, ачка бол,
Алдыңдан изде башка жол.
Алданбай кара курсакка,
Ачылбай турган капка бол.

Кытайдын айттык баянын,
Кылыгын журтка жаямын.
Кылычсыз калбай кырылып,
Кылымдын көргүн аягын.
Кыргызым уккун ойгонуп,
Кызырдын берген аянын.

Калыгул Бай уулу 1785-жылдары азыркы Ысыккол районунун Кара-Ой айылында жарык дуйного келген. Калыгул олуя улуу акылман, философ , ири ойчул, нускоочу акын жана Замана агымынын окулу болуп саналат. Бут омурун кол кылаасында откоргон Сарыбагыш уруусунун манап тукумунан. Оз доорунун корогоч, акылга дыйкан, ак караны ажырата билген, келечекти нак сезген жана алаканга салгандай так айтып берген олуя болгон. Калыгул Бай уулу озу жашаган тарыхый шарт учурундагы кыргыз жергесинде болуп откон орчундуу окуялардын, маанилуу иштердин дээрлик бардыгында катышкан. Эл арасын ынтымакка ундоп, кагылышпай, чабышпай биримдикке чакырган. Калыгулдун тубаса адамгерчилиги, айкол даанышмандыгы, калын журтка, жалпы элге жаккан. Калыгулдун санат-насыят ырлары бугунку кундо да оз ордунда, оз маанисинде, касиетин жоготпогон. Анын Ысыккол жонундо айткандарын угуп олтурсак эч калетсиз таасын айткандыгына ынанса болот. Колдун ыйыктыгын, кол тийгис асылдыгын, кереметин ачык суроттогон: Ысыккол – бейиштин бир эшиги. Суу сайын нарын табак эти бар. Жайы болуп, катыра ысыгы жок, ат жеткен жерде мындан артык кызыгы жок, кыш болуп кашкая суугу жок, мактанып жер жетеби, адам мындан кетерби? Ысыкколдон чыкпагыла балдар! Мына ушундай таамай жана нукура озундой суроттоп берип, ыйыктын ыйыгы экенин Калыгул олуя айткан.

Ачкыч сөздөр
Көбүрөөк

Бул да кызыктуу

Жооп берүү

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт.

Бул да кызыктуу

Close
Close
Close