alternatetext Багымдат: 04:18 | alternatetextКүн чыгуу: 06:03 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:58 | alternatetextКуптан: 21:46
МакалаларТаасирдүү окуялар

Кайгырба бир тууганым Аллах сени менен!

Оо,менин кайгыга баткан бир тууганым! Башыңа сен күтпөгөн, сен каалабаган,сен жактырбаган кыйынчылыктар келип жатабы? Эч жаның жай албай ооруп жатасыңбы? Үй -бүлөңдө чыр болуп,уруш -талаштан кутула албай жатасыңбы? Карызың тоодой болуп кирээрге жер,качаарга жай таппай жатасыңбы? Турмуштун ачуусу алсыратып бирине тапсаң бири түгөп түйшүктөн кутула албай жатасыңбы? Анда сөзүбүзгө көңүл бур! Ооба тууганым жер бетинде бир эле сен кыйналган жоксуң сендейлер толо, эгер билсең башка кыйынчылык түшсө, жүрөктү кубандырат,күнөөнү өчүрөт,кекирейген менменсингенди сындырат,уйкудагы жүрөктү ойготуп,Кудайды эске салдырат. Напси балээни сындырып,акыретти эске салдырат. Кудайга зикир айттырып сабырдуулукка үйрөтөт. Акыретке даярдантып жүрөктөгү бул дүйнө сүйүүсүн чыгарат. Кичи пейилдикке үйрөтүп күнөөдөн узактатат. Кандайча дейсиңби?

Эгерде сенин курсагың ачпаса, ачкалыктын,бир күкүм нандын кадырына жетмек эмессиң ..

Эгерде сенин жаның ооруп кыйналбаса ден-соолуктун кадырына жетмек эмессиң..

Эгерде сенин ботинкаң жыртылып суу өтүп,ташка чалыштабасаң киймимдин ,буйумдун кадырына жетмек эмессиң …

Афлатондун сөзүндө: Жыргал жашоого караганда кыйынчылык адамды оңдойт. Ал эми жыргал жашоо инсанды кыйынчылыкка караганда бузат «..

«Жыргал жашоо караңгы түнгө окшош. Анда эмне кыларыңды ойлонбойсуң. Ал эми кыйынчылык күндүзгү жарыкка окшош. Анда өзүңдү да башкаларды да кандай болуп жатканын көрүп турасың «….

Асмааъ бинту Умайс (р.а) риваят кылган хадисте: Пайгамбарыбыз (с.а.в) мага ушундай деди:
«Кыйынчылык башка тушкөн учурда айта турган сөздү үйрөтөйүнбү? (Ал сөз ушундайча) «Аллах менин Раббим,ага эч кандай шерик кошпоймун «.

Дагы башка бир сөзүндө «Кимге кайгы,капалык,оору же кыйынчылык келсе анда ал: Аллах менин Роббим анын эч кандай шериги жок,-деп айткан болсо, анын кыйынчылыгы чеичилет «…

Эгерде сенин жашооңдо бир да кыйынчылык болбосо Жаратканды унутуп, керек болсо ким экениңди да, адамдык сыппаттан чыгып кетмексиң. Буга мисал: Фаронду билесиңби Муса (а.с) доорунда өзүн Кудаймын деп канча жанды кыйнап, азаптап, канча күнөөлөрдү кылды, бирок анын өмүрүндө бир да жолу башыда ооруган эмес,байлыгы ашып -ташып жатты акырында эмне болду Жараткандын азабыга,каарыга калды түбөлүк тозоктун отунуна айланды …эмне сенда ошо Фарон мен бирге болууну каалайт белең,эч жериң оорубай,эч нерседен кем болбой . Сага келген кыйынчылык,оору,мусибайт,Жараткандын сага болгон ырайымы деп бил! Сен Аллахкка муктажсың !

Эгерде башыңа бир мусибайт түшсө,кайгыга батып,башыңа балээ келсе биринчи жалбыраганың «Оо,Ааллах! » деген сөз болот…

Эгерде кайрылган эшиктерңидин бардыгы жабык болсо,сурагандарын алдында пардалар тосук болсо, анда жалынып сураганганың «Оо,Аллах! » деген сөз болот…

Эгерде баштаган ишиңде ийгиликке жетүүгө айла -амал калбаса, жолдоруңдун баары тарыса,үмүттөр түгөнсө, байланыштар үзүлсө жолун табуу үчүн суранганың «Оо,Аллах! «деген сөз болот..

Эгерде жер жүзү сен үчүн тар болуп сыгылып,жаның жаныңа батпай кыйналсаң дароо «Оо Аллах! деген сөз болот…

Ооба тууганым сен Аллахкка муктажсың! Анткени Аллахтын ысмы менен гана инсандын сөзү оңолот,андан жардам сурап кайрылат,анан зикир кылуу менен жүрөктөр тынчтанып,сезимдер рахаттанып, кайгылар жоголуп,аң сезимдер ордуна келип,ишеним орундалат, анткени:

«Аллах пенделерине боорукер «..

«Аллах «:ысымдардын эң коозу,тамгалардын эң жакшысы,сүйлөмдөрдүн эң туурасы,сөздөрдүн эң кымбаты ….

«Анын (Аллахтын) ысымдарына теңдеш ысым бар бекен?! «..

«Аллах «Баарына Жетиштүү жана Түбөлүк,Күчтүү жана Жардамчы,Улуук жана Кудуреттүү Даанышман…

Кайгырба бир тууганым! Анкени бир күн келет оору да айыгат,мусибайт да чечиле,күнөө да кечирилет,карыз да берилет,камалганда чыгарылат,жоголгон да табылат,күнөөкөр да тообо кылат,кедей да бай болот..

Кайгырба бир тууганым! Кара булуттардын тараганын,караңгы күндүн жарыганын,шамалдын токтогонун,боорондун акырындаганын көрбөй жатасыңбы?! Андай болсо сенин да кыйынчылыгың жеңилдейт,жашооң да оңолот келечегиң да кең болот..

Кайгырба бир тууганым! Сен бир аз сабыр кылып ,күтүп тур. Албетте,күндүн ысыгын караңгы көлөкө муздатат,чаңкаган чаңкоону муздак суу кандырат,ач курсакты ыссык нан тойгозот,уйкусуз түндүн бейпил уйку токтотот,ооруган ооруну да таттуу айыгуу келип токтотот…..

Муса пайгамбарындын доорунда бир аял тууралуу окуяны, анда мен сага айтып берейин:
Муса пайгамбар (а.с) Аллах Таала менен түздөн-түз сүйлөшкөн пайгамбар. Ал күндө өзүнүн үңкүрүнө барып Жараткандан көп нерселерди сурачу жана Ага ибадат кылчу. Ошол күндөрдүн биринде жолуна бир көп жылдан бери бала көрбөгөн аял тосуп:
«Оо,Муса пайгамбар Аллахтан мен балалуу боломбу жокбу сурап келчи, унутуп калба «-деп суранат. Муса(а.с) макул деп жолуна түшөт. Үңкүргө баргандан кийин Муса (а.с) Аллахтан сурагандарын сурап эми артына кайтайын дегенде. Аллах:
«Оо,Муса сен башка эч нерсе унуткан жоксуңбу дагы эмне сурайсың? «-дейт. Муса (а.с.) жоок деп жооп берет. Анда Аллах жолдогу аялчы дейт сен айта бар анын тагдырына бала көрү жазылган эмес балалуу болбойт дейт ..Эртеси Муса (а.с.) жолунан чыккан аялга:
«Сенин тагдырыңа балалуу болуу жазылбаптыр «деп жооп берет. Бирок аял токтоп калган жок күндө Муса пайгамбардын жолун тосуп «Аллахтан сурап келчи «деп тажатып жиберет. Акыры Муса (а.с) башка жол менен бара турган болот. Бир жылдан кийин ошол жолго салат баяны жолун тоскон аялдын колунда бала бар экенин көрөт. Таң калып аялга келип:
«Бул баланы кайдан таптың,кимдик? «деп сурайт. Аял:
-«Өзүмдүн балам өзүм төрөдүм «деп жооп берет. Анда Муса (а.с) кайра таңдана:
«Аллах сенин тагдырыңа бала жазылбаганын айтиы эле го? «.
Аял: «Аны барып Аллахтан сура «дейт. Муса (а.с.) дароо үңкүргө карай бет алат.
Аллах мындай жооп берет:
«Ооба мен ал аялдын тагдырына балалуу болбой турганын жазган элем,бирок ал аял менден сураганын токтоткон жок «Ар Рохмаан,Ар Рохиим «(Аллоху Акбар:Йа-Рахмаану.
Озу жараткан бардык макулуктарга бул дуйнодо эн Мээримдуу.
.Йа-Рахииму.
Ырайымдуу.Акыретте ыймандуу адамдардын баарына ырайым кылуучу.) -деп чын ыклас үмүт менен сураганын эч токтотбой койду. Анын тагдырын өзгөртүүгө мажбур болдум «-деп жооп берди…
Анткени Аллахтан Мээримдүүлөрдүн Мээримдүүс
ү ,Ырайымдуулардын Ырайымдуусу анын Мээриминин,Ырайымынын чеги жок …
Демек менин тагдырым ушул экен деп жатып караңгылык дүйнөсүнөн батып алуу керек эмес экен.Бирөөнүн эшигин канчалык көп каккылаган сайын эшик ачылаарын билесиң ошо сыңар Жаратканга болгон ишенимиң менен себебин изденип дуба кылып бер сөзсүз дубалар кабыл болот ин ша Аллах!

Дагы эле ойлонуп олтурасыңбы бир тууганым! Жараткан Роббыңа жүзүңдү бур! Жүрөгүңдү туурулап,ниетиңти оңдоп, чын ыкластан,жан дүйнөң менен көзүңдөн аккан жаш менен колдоруңду сун! Ин ша Аллах канча тагдырың кыйынчылык баткагында болбосун,оорууң олутту болбосун,карызың тоодой болбосун,жашооңдо эч бир жол,эч бир үмүт шамы өчө турган болбосун Сенин тагдырыңды өзгөртүп,же жеңилдөөсүнө бир гана АЛЛАХ жардам берет!

Анткени Аллах Тааламдын Ыйык Куранда пенделерине берген убадасы бар:

«Мага дуба кылгыла,силерге жооп беремин (кабыл кыламын) »(40;60)..

«Кантсе да, Аллахтын ырайымынан үмүт үзбөгүлө,Анткени,Аллахтын ырайымынан каапыр болгон коом гана үмүз үзөт»(12;87)..

«Балким силер жаман көргөн нерсе силер үчүн жакшыдыр,балким силер жакшы көргөн нерсе силер үчүн жамандыр. Анткени Аллах Билүүчү. Силер билбейсиңер »(2;216)..

«Аллах өз пенделерине мээримдүү»(42;19)..

«Ырайымы бардык нерсени камтыйт »(7:156)..

«Кайгырба! Чындыгында, Аллах биз менен бирге»(9;40)..

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button