alternatetext Багымдат: 04:18 | alternatetextКүн чыгуу: 06:03 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:58 | alternatetextКуптан: 21:46
Жаңылыктар

Кадыр түн кечеси 21-июндан 22-июнга караган түнү белгиленет

Орозо — Ислам дининин беш негизинин үчүнчүсү болуп саналат. Рамазан айында орозо кармоо —мусулмандардын парзы болуп эсептелинет. Рамазан орозосу хижраттын экинчи жылында парз кылынган. Рамазан айы мусулмандар үчүн эң ыйык жана куттуу айлардан эсептелинет. Ислам ушул айда туулган, дүйнө жүзүн нурга бөлөгөн Ыйык китебибиз Курани-Карим да так ушул айда түшө баштаган. Миң айдан да куттуу болгон Кадыр түн кечеси да ушул айдын ичинде камтылган.

«Биз ал (Куранды) Кадыр түндө түшүрдүк. Кадыр түндүн эмне экенин сен билесиңби? Кадыр түнү миң айдан да жакшы. Ал түндө жараткан (Аллахтын) уруксааты менен периштелер жана Рух (Жабреил периште) ар бир (маанилүү) иш үчүн түшүшөт. Ал түн таң агарып атканга дейре салам (амандык) менен толтура». (Кадр сүрөсү 97 )

Жогоруда маанисин берип өткөн «Кадр» сүрөсүндө, кадыр түндүн «ичинде кадыр түнү жок болгон миң айдан да жакшы» болору билдирилген. Алла Тааланын бул ыйык кабары эч качан талаш-тартыш туудурбагандай даражада анык жана кескин айтылган. Андыктан бул, кадыр түнүнүн бийик  кадыр-баркына, улуулугуна жана соопторуна эң күчтүү, айкын далил болууда.

Пайгамбарыбыздын (Аллах андан ыраазы болсун) көрсөткөн боюнча, Рамазан айынын жыйырмасынан кийинки так түндөрүндө кадыр түнүнүн издөө зарыл. Ошентсе да кылымдардан бери келе жаткан исламдык каада катары, мусулмандар Рамазан айынын 27-түнүн кадыр түн катары тосуп келүүдө.

«Муфтият»

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button