alternatetext Багымдат: 04:20 | alternatetextКүн чыгуу: 06:06 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:57 | alternatetextКуптан: 21:44
Макалалар

КАБЫРДАГЫ ЧЫНДЫК

Өлгөндөр кабырда төрт абалда болушат.

Кээ бири таманы менен отурат. Көзү чыгып, денеси ысып, денеси топуракка айланганга чейин ошол бойдон турат. Андан соң руху периштелер ааламына чыгат.

Кээ бирине Аллаху таала уйку берет. Биринчи сур үйлөнгөндө чейин эмне болуп жаткандыгынан кабары болбойт. Биринчи сур үйлөнгөндөн кийин ойгонуп, анан кайра өлөт.

Кээ бири кабырында эки же үч ай турат. Анан руху Бейиш кушуна минип, Бейишке барат. Муну билдирген хадиси шарифтер сахих хадистер болуп саналат. Пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссалам:

«Мусулмандын руху куш менен бирге болот. Бейиш бактарынын биринде конуп турат”, —
деген.

Ошол сыяктуу шейиттердин рухтары тууралуу суралганда:

«Шейиттердин рухтары жашыл куштардын ичинде болуп, Жаннат бактарына конуп турат”, — деп жооп берген.

Кээ бир адамдар каалаган учурда орундарынан көтөрүлөт.

Кээ бирлери сур үйлөнгөнгө чейин ошол жерде калат.

Төртүнчү абалда боло тургандар – набилер менен олуялар. Алардын кээ бири кыяматка чейин учуп жүрөт жана көпчүлүгү түнү көрүнөт. Абу Бакр Сыддык жана Умар-уль Фарук ошолордун бири болуп эсептелет.

Пайгамбарыбыз:

«Адамдар уйкуда, өлгөн кезде ойгонот”, — деп айткан.

Бул хадис үчүнчү өмүрдү, б.а., кабыр жашоосун билдирет.

Кабыр жашоосундагы жагдайлар өлгөндөрдүн акыйкаттары менен сыпаттары ачыла турган кезиндеги жагдайлар болуп саналат. Өлгөндөрдүн кээ бири бир орунда калат. Кээ бири кыдырып жүрөт. Кээ бири катуу азапка тартылат. Буга далил:
«Мумин” сүрөсүнүн 46-аяты:

«Нар (от) күнөөкөрлөрдүн үстүнө таңда жана кечинде берилет. Кыямат күнүндө да Тозокто милдет аткаруучу периштелерге Фараонго ээрчигендерди азаптын эң коркунучтуу жерине таштагыла деп буйрук берилет”.

Өсүмдүктөр көмүртек диоксиди газын жана топрактан суу менен тузду алып, аларды бириктирет. Ушунун негизинде органикалык заттар калыптанат. Жылдар бою улана турган химиялик реакциянын катализатор аркылуу бир заматта жүзөгө аша тургандыгы белгилүү. Мына ошол сыяктуу эле Аллаху таала мазарда суу, көмүртек диоксити жана топурак заттарын бириктирип, органикалык заттарды, жандуу мүчөлөрдү бир заматта жаратат. Ушул сыяктуу тириле турганыбыз тууралуу Мухаммед (алейхиссалам) кабар берет. Табият таануу илимдери анын бул дүйнөдө да жүзөгө ашып жаткандыгын көрсөтүп турат.

Жаратылган жандуулардын бардыгы машхарда жыйналат. Ар бир адамдын амал дептери учуп ээсине келет. Аларды Аллаху таала жүзөгө ашырат. Ушулардын боло тургандыгы тууралуу Аллаху тааланын Расулу кабар берген. Анын айткандары туура. Алардын баары милдеттүү түрдө жүзөгө ашат.

Жакшы адамдардын амал дептерлери оң жагынан, жаман адамдардын амал дептерлери аркасынан же сол жагынан берилет. Жакшы, жаман, чоң, кичине, ачык, жашыруун кылынган бардык амалдар дептерге жазылган болот. Кираман катибин периштелери билбей турган иштер адам мүчөлөрүнүн билдирүүсү жана Аллаху тааланын билдирүүсү менен белгилүү болуп, бардык нерседен суракка тартылат. Махшарда Аллаху тааланын каалаган жашыруун нерсеси ачыкка чыгат.

Периштелерден: «Асманда, жерде эмне кылдыңар?” — деп, пайгамбарлардан: «Аллаху тааланын буйруктарын анын пенделерине кандай жеткирдиңер?” — деп, адамдардан: «Пайгамбарларга кандай моюн сундуңар, милдеттериңерди кандай орундадыңар?” — деп суралат. Махшарда жакшылык кылган адамдар сый-урматка бөлөнүп, жамандык кылган адамдар оор азапка учурашат.

Аллаху таала каалаган ыймандуулардын күнөөлөрүн кечирүүсү мүмкүн. Аллахка шерик кошуу жана куфурдан башка бардык күнөөлөрдү кааласа кечирет. Кааласа кичинекей күнөөлөрдөн улам да азап берет. Мушрик жана капырларды эч качан кечирбей турганын билдирген. Китептүү, китепсиз капырлар, б.а., Мухаммед алейхиссаламдын бүткүл адамзаттын Пайгамбары экендигине ишенбеген, ал билдирген өкүмдөрдүн бирөөсүн болсо да жактырбаган адамдар ошол абалдары менен өлө турга болсо, милдеттүү түрдө Тозокто түбөлүккө азап чегет.

Кыямат күнүндө амалдарды өлчөй турган, биз билбеген өлчөө куралы – «Мийзан” (тараза) бар. Жер да, асман да бир тарабына бата тургандай өтө чоң болот. Сооп жагы жарык, Арштын оң жагында, Бейиш тарабында. Күнөө жагы караңгы, Арштын сол жагында, Тозок тарабында. Дүйнөдө жасалган иштер, айтылган сөздөр, ой-пикир, көз караштар ошол жерде көз менен көрүлө тургандай абалга келтирилет. Сооптуу иштер жарык, ал эми күнөөлөр караңгы, жийиркеничтүү түс алып, таразага тартылат. Бул тараза дүйнөдөгү таразага окшобойт. Оор жагы жогору көтөрүлөт. Жеңил жагы төмөн түшөт деп айтылган. Ахли сүннөттүн кээ бир аалымдары бир нече тараза болот деп айтышкан. Көпчүлүгү таразанын канча жана кандай тартыла тургандыгын динде ачык билдирилбегенин айтып, бул тууралуу ойлонбоо керек экенин билдиришкен.

Булак
«Ислам дини»

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button