Ден-соолукПайдалуу кеңештер

Көз тийүүдөн сактануу жолдору

“Буга көз тийиптир” же “сага көз тийген окшойт” деген сөздөрдү өмүрүңүздө жок дегенде бир жолу уксаңыз керек? Көз тийүү деген нерсе эмнени түшүндүрөт болду экен? Ислам дини буга кандай көз карашта? Ушул суроолорго жооп алганга аракет кылып көрдүк.

Диний аалым Кадыр ажы Маликовдун жин, кара дуба, сыйкыр, көз тийүү тууралуу жазган “Сулайман падышанын жоголгон тактысы” аттуу китебинде көз тийүү чындык экендиги айтылат:

“Көз тийгизүү атайылап да, кокусунан да болушу мүмкүн. Көз алсыз адамга же, начар коргонгон адамга тийүүсү ыктымал. Айрым адамдар көз тийүүгө ишенишпейт. Бирок көз тийүүгө ишенбей коюу аны көз тийүүдөн сактабайт.

Алсыз биоталаалуу жана алсыз мүнөздүү адамды күчтүү биоталалуу жана күчтүү мүнөздөгү ар бир эле табигый көзү жаман адам, көрө албастык, суктануу менен же жамандык каалоо ниетинде “көзүн тийгизе” алат. Башкача айтканда, көз тийүү – бул көз тийген адамдын энерго алмашуусунун бузулушуна алып келген бир адамдын экинчи адамга тийгизген биоэнергетикалык тетири таасири. Көз тийүү бул – сиздин жаныңызда пайда болгон адамдын жаман бузуку ниетинин түшүмү. Көрө албастык жана жаман ойдо болуу, качан алар атайылап кара ниеттик менен болсо ар дайым таасирдүү болот” деп жазылат китепте.

Бул жерде автор көз тийүүнүн белгилерине да токтолот:

Демейде көз тийүүнүн жана кара дуба аркылуу бузуунун симптомдору (белгилери) окшош. Тажрыйбалуу табып (дарыгер) гана бирин экинчисинен ажырата алат. Алгач, бул ачык көрүнгөн психикалык жана денедеги астения. Бул өтө чарчоодо жана арыктоодо, көңүл –маанайынын бир калыпта болбоосу, өзүн –өзү кармай албай калуусу, чыдамсыздык, бир орунга отура албастык, уйкунун бузулушу, узак убакытка чейин, акыл жана дене эмгектерине жөндөмүнүн жоголушу, өтө жарыкка жана күчтүү жыттарга чыдамсыздык аркылуу билинет. Демейде, көз тийүү куугунтукталган психикалык абалда, сиркеси суу көтөрбөгөндүктө, эркинин азаюусу же такыр жок болуусунда билинет. Арааны (аппетит) жоголот, нервдик-соматикалык системада бузулуу пайда болот. Окуп жатканда оорулуу катуу эстеп, ачуу көз жаш чыгып, баш ооруу, кусуу, ыктытуулар башталат.

Ар бир оорунун шыпаасы бар. Ал шыпаа Кудурети күчтүү Аллахтан болот. Көз тийген адамга Куран аяттары окулуп, дем салынат.

10 жылдан ашык убакыттан бери дем салып, адамдардын айыгышына себепчи болуп келе жаткан “Тойиба Каси” мечитинен Нурмухаммад Карыдан көз тийүү жана аны айыктыруунун жолдору тууралуу сурадык. Нурмухаммад Кары Пайгамбарыбыздын (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) үй-бүлөсүнө да көз тийгенин айтып берди.

null
Нурмухаммад Кары

“Мушриктер Пайгамбарыбыздын тукумунан эч ким калбасын деп көзү бар аялды анын неберелерине көз тийгизип өлтүрүүсү үчүн жөнөткөн. Пайгамбарыбыз ал аялдын үйдү көздөй келе жатканын көрүп, кызы Фатимага неберелерин бекитүүсүн айтат. Чоң –чоң таштарды тиздирип, үстүнө жууркан жаптырып коет. Аял үйгө келгенде балдар уктап жатат деп киргизишпейт. “Анда алыстан уктап жатканын бир көрүп кетейн” деп аял болбойт. Пайгамбарыбыз (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун)макул болот. Аял үйгө кирип, таштардын үстүнө жабылган жууркан жакты карап (аял жууркандын астында балдар жатат деп ойлогон), “Кандай таттуу уктап жатышат” деп суктанып кетет. Аял чыгып кетери менен Пайгамбарыбыз кызына жуурканды ачуусун суранат. Төшөктү алганда таштар кумга айланган болот. Бул жерден көз тийүү акыйкат экенин билебиз. Муну Пайгамбарыбыз өзү айткан”, – деди Нурмухаммад Кары.

Кандай адамдардын көзү тиет?

Бул суроону Нурмухаммад Карыга узатканыбызда ал мындай деп жооп берди:

“Кудай Таалам кээ бир адамдардын көзүнө өзгөчө энергияны берип коет. Мындай адамдар кимдир-бирөөнү суктанып караса, ал энергия ошол адамга өтөт да аны жей баштайт. Айрым адамдар өзүнүн көзү бар экенин билишпейт. Кээ бирлери билип калат да суктанбаганга аракет жасайт. Мындай көзү бар адамдар сейрек кездешет”.

Көз тийүүнүн белгилерин кантип ажыратасыз?

Нурмухаммад Кары адамга көз тийгенби, сыйкырланганбы же жин киргенби, мунун баары окуганда (Куран аяттарын окуганда) билинерин айтат.

“Диагноз коюунун өзүнүн жолдору бар. Көз тийүүнүн абдан көп белгилери болот. Алардын айрымдарын айтсам, мисалы, тамакка табити тартпай баштайт, дайыма башы айланып жүрөт, дене табы түшпөй, же тескерисинче, көтөрүлбөй туруп алат, кусушу мүмкүн, ичи өтөт”.

Көз тийүүдөн кантип сактануу керек?

“Мусулман адам 5 убак намазда эле эмес 24 саатын толугу менен Аллахка ибадат кылып өткөрсө болот. Бирок, тилекке каршы, көпчүлүк мусулмандар буга анчейин маани бере беришпейт. Биз ар бир кадамыбызды, иш-аракетибизди Аллахтын ысымы менен баштообуз зарыл. Мисалы, уйкудан ойгонгондогу дуба, үйдөн чыгардагы, мечитке кирип бара жаткан учурда, тамакка отурган кезде, жаңы кийим сатып алганда, дааратканага кирерде, уктар алдындагы дуба. Бул дубаларды маанилери менен жаттап алып, дайыма оозубуздан түшүрбөй айтып жүрсөк Аллах Тааланын коргоосу астында болобуз. Эртең менен жана кечинде Фалак, Нас, Фатиха, Ихлас, Ясин, Аят Аль Курси сүрөлөрү менен өзүбүзгө дем салып, денебизге үйлөп, же алаканга үйлөп денеге сүртүп турганыбыз жакшы. Көптөгөн хадистерде Пайгамбарыбыз Аят Аль Курсини өзгөчө баса белгилеп айтат, өтө күчтүү сүрө. Бирок, эскерте кетчү жагдай, минтип сактанып жүргөн адамдарга да көз тийип калуусу ыктымал. Бирок, адам сактанып жүргөнү үчүн Аллах Таала ал адамдын бул нерседен сынып калышына жол бербейт, баарыбир, Өз коргоосуна алат. Балким мындай жол менен сынап, аркасынан 2 жакшылык берет. Акыйкат хадисте бир жамандыктын артынан 2 жакшылык келери айтылат. Эң негизгиси, биз Куранды жашообузга сиңирип, Куран шыпаа берет дегенге катуу ишенишибиз керек. Аллах Таала Куранды мусулмандарга мээрим жана шыпаа үчүн түшүргөнүн бекеринен айтып жаткан жок”, – дейт Нурмухаммад Кары.

Сүрөт аркылуу көз тиеби?

Нурмухаммад кары: “Жок, сүрөт аркылуу көз тийбейт. Бирок сүрөт аркылуу дуалашат”.

Автор
Айдай Амангелди кызы
Булак:
"УММА"
Ачкыч сөздөр
Көбүрөөк

Бул да кызыктуу

Жооп берүү

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт.

Бул да кызыктуу

Close
Close
Close