КҮНДҮН БААРЫ ЭЛЕ САГА ЖЫЛМАЯ БЕРБЕЙТ_

0 213

✍ Алла Таала айтат: ” *Биз бул күндөрдү адамдар арасында айлантып турабыз”* (Аалу-Имран сүрөөсү, 140-аят).

Күндүн баары эле ийгилик, майрам, жеңиш алып келе бербейт. Кадырың бир күн артат, бир күнү жок. Ар бир отурушта, ар бир иште элдин чордонунда болууну эңсебе. Дайыма мактанып, даңкталып, урмат-сый үстүндө болушум керек десең жаңыласын, бул сенин кемчилигиң.

Кээде отуруштун ээси болуп, бардык сөз сага арналып, эл сага көңүл бурат. Кээде башканын ийгилигин кеп кылышып, элдин баары макташат, мындайда сен да аларга кошулуп, тигиге жакшы тилегиңди айт.

Тилекке каршы айрымдар муну туура түшүнбөйт. Кайсы жерде болбосун, элдин көңүл чордонунда, эл оозунда болгусу келет . Кокус андай болбой калса, санаага батат. Кыжаалат болот, кысылат, кыйналат, өзүн-өзү жейт.

Албетте, бул – Алланын сүннөтүнө каршы. Алла Таала пенделерине ар түрдүү тагдыр буйруган, кайгы менен кубаныч, токчулук менен жокчулук, оору менен шыпаа, жеңиш менен жеңилүү дайыма куйрук улаш жүрөт.

Ошон үчүн бүгүн сенин күнүң болсо, эртең башканыкы; бүгүн сенин көчөңдө майрам болсо, эртең башка жерде; бүгүн күн шооласы жарыгын чачса, эртең көлөкөдө калууң мүмкүн; бүгүн бирөөнүн ити чоп жеп, иши жүрүшсө, эртең оомат сага оойт. Болгону аны күтө бил, ошондо жашоо менен табышып, эриш-аркак болосуң.

📘 “Бакыттын сырын ачтым” китебинен.

Автор: Аид ал Карни.

📱👉✿+996708924964

👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ Vk.com/Formulasy
✿ Youtube.com/Formulasy
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ WWW.FORMULA.KG

Жооп калтыруу

Email дарегиңиз башкаларга көрүнбөйт

We would like to keep you updated with special notifications.