Макалалар

Жүрөктүн төрт уусу

Билгиниң! Күнөө – бул уу сыяктуу жана анын баарысы жүрөктү кыйратат. Ошондой эле күнөөлөр – жүрөк оорусунун жана Аллахтын каалоосунан башка нерселерди каалагандыктын өзөгү.
Абдуллах ибну Мубарак айтты:

“Күнөөлөр жүрөктү өлтүрөт жана дайыма күнөө кылып жүргөн адам кордукту көрөт. Күнөөнү таштоо – жүрөккө жашоо берет жана нафсиге каршы туруу –нафсинин пайдасын көрсөтөт”.

Эгерде ким жүрөгүнүн сак-саламаттуулугун жана бейпил жашоосун кааласа, анда жүрөктү уулаган иш-аракеттерден арылуусу керек. Андан арылгандан кийин жүрөктү өлтүргөн башка ууга дуушар болбош үчүн, жүрөктү дайым көзөмөлдөп жүрүүсү керек. Эгерде жүрөккө уу сыяктуу таасир берген күнөө ишти кылган болсо, анда тезинен анын таасирин кетирүш үчүн тезинен тообо кылып, Аллахтан кечирим суроо керек. Ошондой эле күнөөлөрдү кетирген жакшы иш-аракеттерди аткаруу керек.

Жүрөктү уулаган төрт иш-аракеттен максат – ашыкча сүйлөө, ашыкча кароо, ашыкча тамактануу жана адамдар менен ашыкча аралашуу. Мына ушулар жүрөктү өлтүрө турган жана адамдардын арасында көп кездешкен иштерден.

1. АШЫКЧА СҮЙЛӨӨ

Адамзатты чырайлуу келбетте жараткан, ага ыйман нурун тартуулаган, анын жүрөгүн ыйман менен кооздогон, ага сүйлөөнү үйрөткөн жана ага жүрөгүндөгү нерсени айтууга тил берген Аллахка мактоолор болсун!

Тил – бул Аллахтын адамзатка берген улуу жакшылыктарынан жана Жараткандын кереметтүү нээматтарынан. Тил өзү кичине болсо да, адам анын себебинен көптөгөн соопторго жетет же көптөгөн күнөөлөргө барат. Анткени куфурлук жана ыйман келтирүү бир гана тилдин күбөлүк келтирүүсү же келтирбеши менен ишке ашат. Ал эми ал экөө күнөөнүн жана баш ийүүнүн чокусу. Эгерде ким тилин көзөмөлгө албаса, анда аны шайтан жетелеп, кулай турган жарга алып барат. Ошентип аны тозоктун түбүнө жеткирет. Адамдар тозокко тилдеринен чыккан жаман сөздөрдүн себебинен гана киришет.

Муаз ибну Жабал, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:

“Адамдарды тозокко беттери менен тилдеринен чыккан жаман сөздөр гана түшүрөт”. (Тирмизи)

Тилдин апааттарынан кайтарган жана кооптуулугун баяндаган көптөгөн аят-хадистер келген.

Аллах Таала айтат:

“Кандай гана сөз сүйлөбөсүн. Анын алдында (периштелер) көзөмөлдөп даяр турат”. (Кааф сүрөөсү, 18-аят)

Суфиян ибну Абдуллах, радыяллаху анху, Пайгамбарыбыздан:

“Оо, Аллахтын Элчиси! Сиздин мен үчүн эң корккон нерсеңиз эмне?” – Деп сурады. Ошондо Пайгамбарыбыз: “Мына бул”- деп, тилин кармап көрсөттү”. (Тирмизи)

Укбат ибну Аамир, радыяллаху анху, риваят кылат:

“Мен Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдан: “Кантип ийгиликке жетишем?” – деп сурадым. Ошондо ал :
“Тилиңди тыйып жүргүн”- деп жооп берди. (Тирмизи)

Ошондой эле Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:

“Кимде-ким Аллахка жана Кыямат күнүнө ыйман келтирсе, анда жакшы сөз сүйлөсүн же унчукпасын”. (Бухари)

Бул хадис Пайгамбарыбыздын кыска-нуска хадистеринен. Бирок ал кыска болсо да мааниси өтө терең болгон насааттарынан. Демек сөздүн жакшысы жана жаманы болот. Адам жаман сөздөн тыйылып, жакшы сөздү гана сүйлөөгө буйрулган.
Абу Хурайра, радыяллаху анху, Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, мындай деп жатканын уктум дейт:

“Чындыгында, пенде бир сөздү ойлонбостон туруп сүйлөп коет. Мына ошол сөздүн себебинен чыгыш менен батыштын аралыгынан да алысыраак тозоктогу жерге түшөт”. (Бухари)

Абдуллах ибну Масууд, радыяллаху анху, айтты:

“Жалгыз Өзү гана сыйынууга татыктуу болгон Аллахка ант болсун! Тилимден да өткөн тыя турган башка нерсе жок”.

Ал мындай деп айтат эле:

“Эй, тил! Өкүнүп калардан мурун, жакшы сөздү гана сүйлөгүн, ошондо ийгиликке жетесиң, жаман сөздү сүйлөбө, ошондо саламатта болосуң”.

Абу Дарда, радыяллаху анху, айткан:

“Тилиңден эки кулагыңдын акысын алып бер. Анткени сага көбүрөөк угушуң үчүн эки кулак жана аз сүйлөшүң үчүн бир тил берилген”.

Ошондой эле Хасан ал-Басри айтты:

“Даанышмандар айтышкан:

“Чындыгында, момундун тили – жүрөгүнүн артында. Эгерде бир нерсени сүйлөөнү кааласа, анда жүрөгү менен ой жүгүртөт, андан кийин сүйлөйт. Ал эми мунафыктын тили – жүрөгүнүн алдында. Эгерде бир нерсени кааласа, анда дароо тили менен айтат. Бирок жүрөгү менен ой жүгүртпөйт”.

Эгерде сен “унчукпоонун ушунчалык улуу пазилеттери барбы? Себеби эмнеде?” – деп сурасаң, анда мындай деп жооп бермекмин: “Анткени тилдин көптөгөн апааттары бар. Алар: Жалган сүйлөө, ушактоо, чагымчылык кылуу, сөгүнүү, мактануу, жалганга берилүү, жалган жалаа жабуу, эки жүздүүлүк. Мына ушул апааттарды адам баласы дайыма кыла берсе, анда алар тилге жеңил болуп калат жана адамга кумар сыяктуу болуп калат. Ошондой эле бул апааттарга шайтан азгырат жана адамдын табияты да тартып турат. Мына ошондуктан бул апааттардан сактанып унчукпай жүрүү – көптөгөн жакшылыктарга жеткирет. Ошондой эле унчукпоо – адам өз оюн топтоп жүрүүгө жана дайыма өзүн токтоо кармап, зикир-ибадаттарын кылууга да себеп болот. Айтып алган сөзүнүн туткуну болуудан сак-саламат болот жана Акыретте эсеп-кысабы да жеңил болот.

Анткени Аллах Таала айтат:

“Кандай гана сөз сүйлөбөсүн. Анын алдында (периштелер) көзөмөлдөп даяр турат”. (Кааф сүрөөсү, 18-аят)

2. КӨЗДҮ КҮНӨӨДӨН ТЫЙБОО

Көздү күнөөдөн тыйбоо – бул бир нерсени көздү кандыра карап, адал болбогон жерлерге көз чаптыра берүү. Бул Куранда айтылган көздү тыйуу деген сөздүн тескериси.
Аллах таала көздү сактоого буюруп мындай деп айтты:

«(Эй, Мухаммад!) Ыймандуу эркектерге айткын: «Көздөрүн (чоочун аялдарды кароодон) тыйышсын жана авраттарын (зынадан) сакташсын. Мына ушул алар үчүн эң таза. Чындыгында, Аллах алардын кылгандарын билип турат. Жана ыймандуу аялдарга да айткын: *«Көздөрүн (чоочун эркектерди кароодон) тыйышсын жана жыныс мүчөлөрүн (зынадан) сакташсын» (Нуур сүрөөсү, 30-31-аят)

Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:

«Адам баласынын зынадан болгон үлүшү анын тагдырына жазылган, ал анын башына түшөөрү шексиз. Көздүн зынасы – кароо. Кулактын зынасы – сөз тыңшоо. Тилдин зынасы – сүйлөө. Колдун зынасы – кармоо. Буттун зынасы – басып баруу. Жүрөк каалайт жана эңсейт, ал эми аны жыныс мүчө ишке ашырат же жалганга чыгарат» (Бухари, Муслим)

Пайгамбарыбыздан Жарир, радыяллаху анху, чоочун аялды кокустан карап алуу туурасында сураганда:

«Ошол замат көзүңдү бургун» – деп жооп берди. (Муслим)

Көздү күнөөдөн тыйбоонун кесепети: Мисалы, адам башка бир адамдын аврат жерлерин караса, ошол элес адамдын жүрөгүндө калып калат. Мына ошентип ал элес адамдын жүрөгүндө бузукулукту пайда кылат. Ал бузукулуктарга булар кирет:

? 1. Бир эле жолу карап коюу – бул иблистин ууланган найзаларынын бир найзасы. Ал эми кимде-ким Аллах үчүн чоочун аялдарды кароодон көзүн сактаса, анда Аллах ал адамдын жүрөгүнө бейпилдикти салат, ал андан Аллахка жолукканга чейин ырахат табат.

? 2. Чоочун аялдарды кароодо шайтан адамдын ичине кирип, чоочун аялдын элесин кооздоп, ал аялдын элесин жүрөк сыйынган кудайча сыяктуу кылып, кийин убадаларды берип азгырат. Жана ал элессиз жетүү мүмкүн болбогон бузукулуктарга аны түртөт.

? 3. Ашыкча кароо – жүрөктү алаксытат жана зарылдуу иштерди унуттуруп, аны аткарууга жолтоо болот. Адамды койгон максатынан алыстатат, анан ал адам каалоолордун, кайдыгерликтин артынан ээрчип калат. Аллах таала айтат:
«Биз жүрөгүн Өзүбүздү эскерүүдөн бейкапар кылып койгон, өз каалоосун ээрчиген жана иштери текке кеткен адамга сен моюн сунба!» (Кахф сүрөөсү, 28-аят)
Көздү күнөөдөн тыйбоо үч нерсеге себеп болот:

? 1. Аалымдар айтышат:

«Көз менен жүрөктү байланыштырган жол бар. Эгерде көз бузулуп айныса, анда жүрөк дагы бузулуп айнып, таштанды салган челек сыяктуу болуп калат. Андай жүрөктө Аллахты таанып-билүү, Аллахты сүйүү, Аллахка кайтуу, Аллахка жакындоо менен сүйүнүү деген нерсе жоголот. Андай жүрөктө бул айтылган ыйык сыпаттарга каршы келген, терс сыпаттар жашап калат»

Арам нерселерди кароо – Аллахка каршы чыгуу болуп эсептелет. Аллах таала айтты:

««(Эй, Мухаммад!) Ыймандуу эркектерге айткын: «Көздөрүн (чоочун аялдарды кароодон) тыйышсын жана авраттарын (зынадан) сакташсын. Мына ушул алар үчүн эң таза. Чындыгында Аллах алардын кылгандарын билип турат» (Нур сүрөөсү, 30-аят)

Бул дүйнөдө бактылуу болгондор Аллахтын буйругун аткаруу менен гана бактылуу болушкан. Акыретте да адам бул дүйнөдө Аллахтын буйруктарын аткаргандыгы себептүү гана тозоктон кутулуп, ийгиликке жете алат.

? 2. Аллах үчүн көздү күнөөдөн тыюу жүрөктү нурланткандай эле, арам нерселерди карай берүү да жүрөктү карайтат. Аллах таала:

«(Эй, Мухаммад!) Ыймандуу эркектерге айткын: «Көздөрүн (чоочун аялдарды кароодон) тыйышсын» – деген сөзүн эскергенден кийин эле «нур» аталган аятты эскерди, ал аят:
«Аллах – асмандардын жана жердин Нуру! Анын Нурунун мисалы, чырак турган бир текче сыяктуу» (Нур сүрөөсү, 35-аят)

Эгерде жүрөк караңгылыкка батса, ага ар тараптан ар кандай жамандыктар топтолоору анык болгондой эле, жүрөк нурланса да ага ар тараптан жакшылыктар топтолот.

? 3. Арам нерселерди кароо – жүрөктү акыйкат менен жалганды, сүннөт менен бидаатты ажыратуудан айрылтып, аны сокур кылат. Ал эми көздү арамды кароодон тыюу – туура айырмалап биле турган баам-парасаттуулукту алып келет.
Аалымдардын бири айткан:

«Ким сырткы жашоосун сүннөттү ээрчүү менен, ал эми ички дүйнөсүн Аллахтан коркуу менен кооздосо, ошондой эле көзүн күнөөдөн тыйса жана өзүн ар кандай азгырыктардан кармаса, анда анын парасаттуулугу күчөйт»

3. АШЫКЧА ТАМАКТАНУУ

Аз тамактануу жүрөктү жумшартат, акылды өстүрөт, нафсини сындырат, ошондой эле нафсий каалоону жана ачууланууну басат. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:

«Адам баласы курсагынан да жаман идиш толтурбаган. Адам баласына анын дене-турпатын кубатташка бир нече жутум тамак жетиштүү. Эгерде ал ашыкча жешке аргасыз болсо, анда курсагынын үчтөн бири тамакка, үчтөн бири суусундукка, үчтөн бири дем алганына калсын».

Ашыкча тамактануу ар кандай зыяндарга алып келет. Адам көп жегенде денеси алсырайт, мына ошондо шайтан адамды күнөө иштерге түртөт жана ал үчүн ибадатты оор кылып көрсөтөт. Ага ушул эки зыяндын өзү жетиштүү. Канчалаган күнөөлөр ашыкча жегендин себебинен болуп жатат. Ошондой эле ашыкча тамактануу канчалаган ибадаттардан тосот. Кимде-ким курсактын жамандыгынан сактанса, көптөгөн жамандыктардан сактаныптыр. Анткени адам баласынын курсагы тамакка толгон кезде шайтанга адамды башкарыш жеңил болот. Ошондуктан даанышмандардын мындай сөзү бар:

«Эгерде ашказан толсо, анда акыл уктайт жана даанышмандык сүйлөнбөй калат, ошондой эле адамдын дене-мүчөлөрү ибадат кылуудан токтоп калат».

Жана башка да аалымдар да мындай деп айтышкан:
Бану Исраил коомунан болгон бир канча жаштар ибадат кылып жүргөн кездеринде тамак жешээрде алардын бирөөсү туруп:

“Көп жебегиле, көп жесеңер көп ичесиңер, көп ичсеңер көп уктап көптү жоготосуңар” – деп айтчу.

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, жана анын сахабалары тамак-аш аз болгондуктан көпчүлүк учурда ачка жүрүшчү. Анткени Аллах Өзүнүн сүйүктүү Пайгамбарына эң жакшы абалды тандаган. Мына ошондуктан Абдуллах ибну Умар да Пайгамбарды туурап, тамак көп болсо да аз жеген.

Айша энебиз, радыялаху анха, айтат:

«Мухаммаддын үй-бүлөсү Мединага көчүп келгенден баштап бул дүйнөдөн өткөнчө үч күн катары менен буудай нанын тойо жеген эмес».

Ибрахим ибну Адхам айтат:

«Ким курсагын башкара алса, ал динин башкара алат. Ким ачка убагында өзүн кармана алса, ал жакшы адеп-ахлактын ээси болот. Чындыгында, күнөө ачка адамдан алыс болот, тойгон адамга жакын болот».

4. АДАМДАР МЕНЕН АШЫКЧА АРАЛАШУУ

Бул сыпат адамдын жүрөгүнө ар кандай жамандыктарды алып келүүчү оорулардан. Адамдар менен ашыкча аралашуу – билинбегени менен адамды көптөгөн жакшылыктардан куру калтырат жана адамдардын ортосунда душмандыкты пайда кылат. Ошондой эле жүрөккө көрөлбастык жана кек сактоо дарттарын жаратат.

Чындыгында, эл менен ашыкча аралашуу – адамды бул дүйнөдө жана Акыретте да кыйроого алып барат. Албетте, адам баласы эл менен аралашууну өзүнүн муктаждыгынын гана чегинде аткарышы керек. Ошондой эле мусулман адам башка адамдар менен аралашууда – аларды төрт бөлүккө бөлүп караш керек.

Биринчи бөлүктөгү адамдар: Алар менен адам баласы күн сайын аралашып тыгыз мамиледе болууга муктаж болгон адамдар. Эгерде адам алардан муктаждыгын өтөп бүтсө, анда алар менен аралашууну токтотот. Кайрадан муктаж болгон учурда алар менен аралашып, жакын мамиледе болот. Мына ушинтип күн сайын кайталана берет. Бул бөлүктөгү адамдар – Аллах тааланы тааныган жана Анын өкүмүн билген аалымдар. Ошондой эле жүрөк ооруларын жана жүрөктү дарылай турган ибадаттарды билген адамдар. Алар Аллахка жана Анын Элчисине , Анын Китебине, ошондой эле жалпы адамзатка насыйкат кылган адамдар. Мына ушул адамдар менен аралашуу – адамды көптөгөн ийгиликтерге жеткирет.

Экинчи бөлүктөгү адамдар: Алар менен аралашуу адамга дары сыяктуу бул дүйнөдө пайдасын берет. Адам бул бөлүктөгү адамдарга ооруган кездерде гана муктаж болот. Эгерде адамдын жүрөгү оорулардан таза болсо, анда алар менен аралашууга муктаждык болбойт. Бул адамдар менен жашоо-тиричиликте жана соода-сатыкта кеңеш суроого муктаж болгон учурда гана аралашуу керек. Ал өзүнүн муктаждыгын чечкен соң, алар менен аралашууну токтотуу керек.

Үчүнчү бөлүктөгү адамдар: Алар менен аралашуу адамдын жүрөгүнө ар кандай ооруларды алып келет. Ошондой эле бул бөлүктөгү адамдардын кээ бирлери менен аралашуу – айыкпас оору же күн сайын өөрчүп турган оору сыяктуу жүрөккө терс таасирин тийгизет. Бул бөлүктөгү адамдар менен аралашуу – адамга бул дүйнөдө жана Акыретте да пайдасын бербейт. Тескерисинче, анын бул дүйнөсүн да жана Акырет жашоосун да бирдей кыйроого учуратат же бирин кыйроого алып барат жана жан дүйнөсүн талкалайт.

Мусулман тууганым! Эгерде сен ушул адамдар менен ашыкча аралашсаң, анда жүрөгүң ар кандай дарттарга кабылат. Бул адамдар: Эгерде алар сүйлөшсө, сага пайда бере алышпайт же унчукпаган кездеринде сенин кеп-кеңешиңден пайда алалбайт. Жана өзүнүн кадырын билип, өз ордуна кое алышпайт. Эгерде алар сүйлөшкөн кезде алардын сөздөрү угуучуларга мактануу жана сөздөрүнө суктануу менен сүйлөп жатканы сезилет. Качан алар сүйлөгөн кезде ойлонбой сүйлөшөт. Жана алар элдер менен сөзгө аралашып олтуруп, өздөрүн ошол жыйынды жыттантып турган жыпар жыттуу атыр катары баалашат. Эгерде ал унчукпай калса, анда оор тегирмен ташын көтөргөн сыяктуу ага кыйын болуп сезилет.

Жалпысынан айтканда, мусулман адамдын жан-рухуна жана жүрөгүнүн тазалыгына таасирин тийгизген адамдар менен аралашуу – бул жашоодо кокустан же күн сайын кездешип турган көрүнүш. Ошондой эле мусулман адам бул топтордогу адамдардын бирөөсү менен аралашууга аргасыз болуусу – бул көр дүйнөнүн сыноосу. Мына ошондуктан мусулмандын мындай адамдарга жасаган мамилеси тышынан жакшы болуп, бирок ичинен өз жүрөгүнүн тазалыгын сактай билүүсү керек. Мындай мамиленин натыйжасы мусулман адам ага туура таасирин берет же Аллах экөөсүнүн ортосун алыс кылып, мусулмандын жолун ачып коет.

Төртүнчү бөлүктөгү адамдар: Алар менен аралашуу – мусулман адамга толук зыянын тийгизет. Бул бөлүктөгү адамдар менен аралашуу – ууну жуткан сыяктуу жүрөк дартына бат чалдыгат. Эгерде мусулман адам бул адамдар менен аралашып калса, анда “ооруну жеңген биринчи дары – жумуш” деп айтылган сыяктуу, тезинен жүрөк амалдарына көңүл коюп ыкластуулукту жана ыймандуулукту көбөйтүү керек. Эгерде ууга каршы дары колдоно албай калса, анда ооруга чыдап ууну кетиргендей, жүрөк оорусун да сабырдуулук менен жана көптөгөн ибадаттарды аткаруу менен кетирүү керек. Адамдардын арасында мындайлар көп кездешет. Аллах бизди мындай адамдарга жолуктурбасын! Алар бидаат таратып жана нафси-каалоолорун ээрчип жүргөн адамдар. Алар Аллахтын жана Анын Элчисинин шариятына бут тоскон адамдар. Алар Аллах чакырган жолдон тетири жолго чакырган адамдар. Алар акыйкатты жалган дешет, жалганды акыйкат дешет. Бидаатты сүннөт, ал эми сүннөттү бидаат дешет. Акылдуу адам үчүн булар менен аралашуу жана бирге олтуруу туура эмес. А эгер алар менен аралашып калса, анда анын жүрөгү өлөт же ооруга чалдыгат.

Мына ошондуктан мусулман бир тууган, сен биринчи бөлүктөгү адамдардын катарында болгун же алар менен бирге болгун!

Аллах бизди жүрөк ооруларынан сактоосун жана жүрөгүбүздү тазартуусун тилейбиз.

Булак
ИсламОнлайнKG
Tags
Көбүрөөк

Бул да кызыктуу

Жооп берүү

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт.

Back to top button
Close
Close