Жаңылыктар

Йеменде согуштун символу Эмел көз жумган

Ички согуш жүрүп жаткан Йеменде ачкачылыктан улам саламаттыгы начарлаган, ооруканада жаткан жеринде тартылган сүрөтү социалдык тармактарга жайылган 7 жаштагы Эмел Хусейн көз жумду. Эмелдин денеси согуштун оор жүгүн көтөрө алган жок.

Кыз ата-энеси жашаган өлкөнүн түндүгүндөгү качкындар лагеринде көз жумган. Анын сүрөтү “New York Times” гезитине чыккандан кийин социалдык тармактарда кеңири тараган эле.

“New York Times” басылмасына маек берген апасы Мерйем “Жүрөгүм жараланды. Эмел дайыма күлүмсүрөп турчу эле. Эми башка балдарымдан да тынчсызданып жатам”,-деди.

400 миң бала ачка

Йеменде 4 жылдан бери уланып келе жаткан ички согуш өлкөнү гуманитардык кризиске алып келди. Бириккен улуттар уюму (БУУ) өлкөдө 400 миң баланын ачкачылыка туш келгенин эскертип келет.

8 миллион адам жокчулуктун босогосунда

БУУнун Азык түлүк программасынын маалымат катчысы Эрве Верхозель 16-октябрда БУУнун Женевадагы кеңсесинде өткөн маалымат жыйынында Йемен дүйнөдөгү эле катаал ачарчылыкка кабылышы мүмкүн экенин эскертти. Ал өлкөдө 18 миллион адам кийинки тамак кайдан келерин билбей жашап жатканын, 8 миллион адам ачарчылыктын босогосунда турганын айткан.

Узак мезгилдерден бери саясий туруксуздук болуп жаткан Йеменде бийликке каршы чыккан Хуситтер 2014-жылдын сентябрь айынан бери борбор Сана жана башка айрым аймактарды көзөмөлдөп турат. Өлкөнүн бир топ шаарларында армия менен хуситтердин ортосундагы жаңжалдар жүрүп турат. Сауд Арабия жетектеген коалиция күчтөрү 2015-жылдын март айынан бери Йемен өкмөтүнө колдоо көрсөтүп келет.

Булак
"Заман"
Ачкыч сөздөр
Улантуу ⇓

Тектеш темалар

Жооп берүү

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт.

Close
Close