alternatetext Багымдат: 04:31 | alternatetextКүн чыгуу: 06:12 | alternatetext Бешим: 13:04 | alternatetextАср: 17:52 | alternatetextШам: 19:53 | alternatetextКуптан: 21:36
Жаңылыктар

Орусияда “Жахаба күбөлөрү” уюмунун ишмердүүлүгүнө тыюу салынды

Орусиянын Жогорку Соту “Жахаба күбөлөрүн” экстремисттик уюм деп таап, анын өлкөдөгү ишмердүүлүгүнө тыюу салды. Сот чечимине ылайык, “Жахаба күбөлөрүнүн” Санкт-Петербургдагы башкы борбору жана аймактардагы 400гө жакын бөлүмдөрү толук жабылып, бардык мүлктөрү өкмөткө өтүшү керек. Бирок Орусия ичинде он миңдеген жолдоочуларыбыз бар деген диний уюм, чечимдин жокко чыгарылуусу үчүн аракеттене турганын айтууда. Ал арада Евробиримдик жана «Хьюман Райтс Уотч» уюму орус сотунун чечимин сынга алышты.

Орус бийлиги «Жахаба күбөлөрүнүн» бир катар басылмаларын “экстремисттик” деп тыюу салынган адабияттардын кара тизмесине да киргизген.

Эми Орусиянын Жогорку Соту 20-апрелдеги бүтүмүндө “Жахаба күбөлөрү” “адам укуктарына коркунуч келтирип, коомдук тартипти жана коопсуздукту бузууда, алардын ишмердүүлүгүндө экстремисттик белгилер бар” деп көрсөттү.

Өлкөнүн Юстиция министрлигинин арызынын негизинде кабыл алынган бул чечим — Орусияда каттоодон өткөн диний уюмга толугу менен тыюу салынып жаткан алгачкы учур.

«Жахаба күбөлөрү» Орусияда 1991-жылдан бери расмий иштеп келген. Алардын өлкөдө 170 миңдей жолдоочусу бар экени маалымдалууда.

Жахабачылар шайлоого катышпайт, партияларга мүчө болушпайт, саясий ишмердүүлүккө кийлигишпейт, аскерде кызмат өтөбөйт. Ошондой эле кан алмаштыруу сыяктуу медициналык кызматтардан баш тартат.

«Жахаба күбөлөрүнүн» Орусиядагы борборунун өкүлдөрү Жогорку Соттун чечимин кайрадан карап чыгууну талап кылышарын жана Адам укуктары боюнча Европа сотуна арыз менен кайрыларын билдиришкен.

Кыргызстандагы жахабачылар

Кыргызстанда «Жахаба күбөлөрү» уюмунун бөлүмү 90-жылдардын башынан бери иштейт. Маалыматтарга караганда, өлкөдө алардын 5 миңден ашуун жолдоочусу жана элүүдөй бөлүмү бар.

Теолог Кадыр Маликов жахабачылардын Кыргызстандагы ишмердүүлүгү жөнүндө төмөнкүлөргө токтолду:

Кыргызстанда «Жахаба күбөлөрү» экстремисттик уюмдардын катарына кирбейт. Алардын ишинде экстремисттик идеологияларды таркатуунун же экстремисттик ишмердүүлүктүн белгилери аныкталган эмес. Алардын ишинде саясий түзүлүштү бузуу, зордук-зомбулукка же жек көрүүчүлүккө чакыруу аныкталган эмес. Аларды эксперттер арасында христиан диний агымдарынан бөлүнүп калган деструктивдүү секта катары карашат. Ар бир өлкөнүн өзүнүн ыкмалары, шарттары бар, Кыргызстан суверендүү өлкө болгондуктан, биздеги экстремисттик уюмдардын тизмеси дагы Орусия, Казакстандан жана башка өлкөлөрдөн айырмаланат. Кыргызстандагы жахабачылардын так саны белгисиз, алар көп жайылган эмес. Алар көбүнчө Чүй, Ысык-Көл, Нарын жана Ошто бар.

Жахабачыларга Кытай, Түндүк Корея, Сауд Араб өлкөлөрүндө, Борбор Азиянын ичинен Өзбекстан, Түркмөнстан жана Тажикстанда тыюу салынган. Ал эми Казакстанда апрелдин башында 60 жаштагы жахабачы Теймур Ахмедов өлкөнүн коопсуздук кызматы тарабынан “диний жана этникалык биримдикти бузган идеяларды таркаткан” деген айып менен сот жообуна тартылып, он жылга эркинен ажыратылган.

«Азаттык»

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button