Жаңылыктар

Израиль аскерлери Палестиналыктарды жарадар кылды

Пластика капталган ок менен атылган 8 паелстиналык жараланды.

Израиль аскерлери басып алынган Батыш Шерианын Рамаллах шаарына жасаган баскынында 8 палестиналыкты жаралады.

Рамаллахтын ортоңку бөлүгүн басып алган Израиль аскерлери таш жана колдо жасалган бомбалар менен каршылык көрсөткөн палестиналыктарга көздөн жаш агызуучу газ жана пластикалык ок колдонду.

Палестина Кызыл Айынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта кийлигишүүнүн акырында 8 палестиналыктын пластика капталган металл ок менен жаралангандыгы, 5 кишинин болсо ыргытылган газдан улам уулануу коркунучун өткөргөндүгү билдирилди.

Бир тараптан Рамаллахка караштуу Ел  – Бире аймагын басып алган Израиль аскерлери палестиналыктарга таандык үй жана дүкөндөрдү тинтип, аймактагы камера катоолорун да конфискациялады.

Израиль аскерлери Палестинада изделип жаткан кишилерге карата операция деген негиз менен бат – бат үйлөрдү тинтүүдө.

Булак:
"ТРТ"
Ачкыч сөздөр
Көбүрөөк

Адилет Сыдыков

Сыдыков Адилет Акматжанович 1995-жылы Ош облусунун Ноокат районундагы Атамерек айлында туулган. Улуту – кыргыз. 2001-жылы айылдагы Боронбай Атишев атындагы орто мектептин босогосун аттаган. Эркин журналист, блоггер жана веб-дизайнер. 22 жашта. Кыргыз-Түрк “МАНАС” университетинин социология факультетин аяктаган.

Бул да кызыктуу

Жооп берүү

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт.

Close
Close