ИЙГИЛИКТҮҮЛӨРДҮН ҮЧ СЫПАТЫ

ИЙГИЛИКТҮҮЛӨРДҮ ҮЧ СЫПАТЫ

0 390

 

🖊 Шейхтердин биринин: “Эгер мусулмандар кайсы бир китеп менен сыймыктангысы келсе, Аз-Заркинин “Ал-Ааламы” менен сыймыктансын”, – дегенин угуп калдым. Дароо китепти таап, үч мертебе кайталап окуп чыктым. Андагы каармандардын образынан адам ийгиликке жетип, бакыттын даамын татуусу үчүн үч сапат эле керек экенин түшүндүм, алар – бийик максат; убакытты туура пайдалануу, тиешесиз ишке баш оорутпоо.

Аларды ошол бийиктикке алдына койгон максаттары жеткиргени көрүнүп турат. Мейли илим алууда болсун, мейли байлык топтоодо болсун: алдыга бийик максат коюлбаса, ийгиликке жетүү мүмкүн эмес. Ошондой эле максатына жетүү үчүн убакытты туура пайдаланышкан, анан да өздөрүнө тиешеси жок иштерге аралашпай, көксөгөнүн гана көздөп жүрүп отурушкан. Ошентип агарып-көгөрүшкөн, ийгиликти багынтышкан, кийинки муунга үлгү, өрнөк болууга татып, ысымдары кылымдар бою өчпөй, тарых беттеринде сакталып калган.

Шейхтин китебиндеги каармандар – тээ караңгылык доорунан бери карай жашап өткөн инсандар, аты тарыхта алтын тамгалар менен жазылып калган – пайгамбарлар, чыгаандар, аалымдар, падышалар, вазирлер, баатырлар ж.б.

Ал эми алдына максат коё албагандар, убактысын текке кетиргендерге жана ар кайсы ишке башын салып өмүрүн өткөргөндөргө тарыхтан орун жок. Алардын же өзүнө, же башкага тийгизген пайдасын көрө албайбыз. Мына ушундайлардан болуп калуудан сактаналы.

Буга көңүл бур, дагы бир жолу көңүл бур!

🔰 “Бакыттын сырын ачтым” китебинен алынды.

Автор: Аид ал Карни.

🧕Алина Абдрасул кызы.

📱👉✿+996708924964

👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ Vk.com/Formulasy
✿ Youtube.com/Formulasy
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ WWW.FORMULA.KG

Жооп калтыруу

Email дарегиңиз башкаларга көрүнбөйт

We would like to keep you updated with special notifications.