Атактуулар ааламыТурмуш таалимдери

ИСХАК РАЗЗАКОВДОН 100 НАСААТ

Исхак Разаков кыргыз тарыхында орду чон инсан. Анткени, орустар үчүн Петр 1, түрктөр үчүн Ата Түрк кандай роль ойносо, кыргыздар үчүн да Исхак Раззаков андан кем эмес орду бар мамлекеттик ишмер, улуттук лидер болгон. Бүгүн коомдо чиеленишип аткан окуялар Кыргызстанга кудум ушундай акактай таза, адилеттүү, билимдүү, элди бөлбөгөн, мээнеткеч, чынчыл, өтө мекенчил жетекчилер зарылдыгын айгинелеп олтурат. Ооба бул чындык, азыркы күндө кыргыздар Исхак Раззаковдой улуттук лидерге суусап турган учуру.

И.Раззаковдун көзү өтсө да, артында үлгү болор эмгеги калды.Так турмуштун өзүнөн алынган, таамай айтылган, таасирдүү сөздөрү калды артында. Алардын бир даарын удулу келип турат, улуу муундун табериги катары эске салып эскерели.

ИСХАК РАЗЗАКОВДОН 100 НАСААТ

  1. Кимдеким өз бактысын өз колу менен жасап алса, ал чыныгы эрдик, бакыт. Ал эми бирөөлөрдүн жардамы менен бакытка жеткен чыныгы кордук.
  2. Бай жашоого болот, бирок өрнөктүү жашоо кыйын!
  3. Иштен качкан адам, идирексиз адам. Инабаттуу өмүр сүрөм десеңиштен тажаба…
  4. Иштей бил…Иш сенин зарылдыгың болгондо гана турмуштун өтөлүнө чыга жашайсың…
  5. Эл башкаруу чоң жоопкерчилик, жаман кызматкердин зыяны элге тиет.
  6. Калыс жетекчи болом десең, кек сактаба айкөл бол!
  7. Касташуудан кач, бирок калыстыктан тайба!
  8. Идректүү адамдардан жардамыңды аяба. Алар кийин иш билги болуп чыгышат.
  9. Туулдуң өлдүң. Өлбөй калуунун жолу барбы? Бар – ал эмгек!
  10. Ак иштеген адам акыры жамандык көрбөйт.
  11. Кемчилдиктерди эле айта бербей,аларды оңдоонун жолун айтканыбыз он болоор.
  12. Бирөөлөрдүн күчтүүлүгүнөн коркпо, өзүңдүн чабалдыгыңдан корк!
  13. …Пакиза, таза журүп, адилет болсоң эки дүйнөң бейиш!
  14. Мекендин кунар баасыөмүрдөн кымбат!
  15. Экономика жана дагы бир жолу экономика!
  16. Жумушчулар, инженертехникалык кызматкерлербулар биздин коомубуздун гүлү, букети, бурулуш жасоочу күчү.
  17. Өзүң жаңыны жарата албасаң, башкалардан үйрөнүүдөн уялба.
  18. Эң башкысы эч качан, ар кандай шартта болбосун капаланууга, бук болууга жол бербөө үчүн, күч жыйнап ишке киришүү абзел.
  19. Биз баарыбыз адамбыз, өзүбүздүн жерибизди, эне тилибизди сүйөбүз. Андан уялбашыбыз, тартынбашыбыз керек.
  20. Ынтымакбиримдик биринчи кезекте жетекчилерден башталышы керек.
  21. Жакшы жетекчи болоордон алдын, жакшы адам бол!
  22. Руху бузулган адам гана арам ишке, кылмышка барат.
  23. Турмуштун ачуутаттуусуна бышкан адамдан жакшы инсан чыгат.
  24. Коомдун өнүгүшү үчүн, анын калкынын жашоотурмушуна гүлдөп өсүшү үчүн биринчи башчы өзгөчө жооптуу. Ал өзү ууру, шумпай болсо калган жетекчилер аны туурап, өлкөнүн мүлкүн туш тараптан талаптоноору айдан ачык.Анда элдин шору, эл кыйналат, эл чачылат.
  25. Чыныгы патриот өз элин дүйнөлүк масштабга көтөрүү үчүн эмгектенет.
  26. Адам байлыгынын чениилим жана билим!
  27. Биз кыргыздар үнөмдүү, сарамжалдуу болушубуз керек.
  28. Кыргыз элибир эл, бүтүн эл! Кыргызды бөлгөн жакшылык көрбөйт!
  29. Бул дүйнөгө мен жылаңач бойдон келгем, ошол бойдон кетемин.Мага малдын да, толгон байлыктын да кереги жок. Элим үчүн эмгегим гана калса болду, ошого ыраазымын, ошол мага дөөлөт!

Ачкыч сөздөр
Улантуу ⇓

Тектеш темалар

Жооп берүү

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт.

Close
Close