Жаңылыктар

“Имам элдин күзгүсү!”

Учкул сөз:

  • "Имам элдин күзгүсү!" - (Таалайбек ажы Акунов)

Тоң районунун баш имам хатиби Таалайбек ажы Акунов Төрт-Күл айылынын “Бейшен Ажы” мечитинде өткөн аймактагы жалпы имамдардын отчеттук жыйынын инсандын ыйманы, адеп-ахлагы жана өзүн алып жүрүүсү, коомдогу терс көрүнүштөрдүн пайда болуусу жана андимаман арылуу темасындагы сабагы менен баштап, имам элдин күзгүсү болуусу керек экендигин эскертти.

Андан соң баш имам хатиб имамдардын отчетун угуп, жакшы деген баасын берип, ишти ушуну менен токтотуп койбостон Алланын алдындагы жакшы баага жетүүгө аракет кылуу керек экендигин билдирип, дин кызматкерлерин өз иштерине так, жоопкерчиликтүү жана коомчулук, жаштар менен иштешүүнү жакшыртуу керектинин аманат кылды.

«Биздин отчетубуз биздин ишибиздин тактыгын далилдеп, өзүбүздүн жоопкерчилигибизди күчөтөт. Андыктан ар бир кылган эмгегибизди кагаз бетине түшүрүп, өз учурунда тапшырып туруубуз керек»,-деди Таалайбек ажы Акунов.

Булак
"Муфтият"
Ачкыч сөздөр
Улантуу ⇓

Тектеш темалар

Жооп берүү

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт.

Close
Close