alternatetext Багымдат: 04:31 | alternatetextКүн чыгуу: 06:12 | alternatetext Бешим: 13:04 | alternatetextАср: 17:52 | alternatetextШам: 19:53 | alternatetextКуптан: 21:38
Жаңылыктар

Гроздь айылындагы шаардык көрүстөн расмий ачылды

Жаңы көрүстөндүн аймагы 44 гектарды түзөт

Аламүдүн районунун Гроздь айылында шаардык көрүстөн расмий түрдө ачылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Аталган көрүстөн Түштүк-батыш мүрзөсү толуп калгандыктан ачылган. Бирок Түштүк-батыш көрүстөнү жарым-жартылай иштеп, аталган жайга буга чейин коюлган маркумдардын жакындарынын жашырылышына уруксат берилет.

Жаңы көрүстөндүн аймагы дин боюнча бөлүнүп, жалпы аймагы 44 гектарды түзөт. Ошондой эле бул жайдын тегереги тосулуп, жолдору оңдолду. Мындан тышкары, машина токтотуучу жай да курулган.

Эске салсак, Түштүк-чыгыш көрүстөнүнө 1973-жылдан бери маркумдар коюлуп келген. Башында анын аянты 69 гектар болчу. Кийин 300 гектардан ашып, сөөк коюуга орун калбай калган. Андыктан шаардыктар каза болгон жакындарын башка аймактарга көмө баштаган.

Булак
"Спутник"

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button