alternatetext Багымдат: 04:22 | alternatetextКүн чыгуу: 06:06 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:57 | alternatetextКуптан: 21:44
Жаңылыктар

Европада жогорулап жаткан ысыктык бир топ өлкөгө тескери таасирин тийгизүүдө

Португалияда көптөгөн күндөрдөн бери болуп жаткан токой өрттөрү бардык аракеттерге карабастан текшерүүгө алына албай жатат. Өлкөнүн ар башка аймактарында чыккан 250 токой өртүнөн улам токойлордун үчтөн бир бөлүгү күлгө айланды.

Өрт өчүрүү иштеринде төрт миң өрт өчүргүч кызматкери жана эл иштеп жатат, бирок жетерлик болбой жатат.

Өрт менен алпурушкан Португалия өкмөтү башка Европа Биримдиги өлкөлөрүнөн жардам сурады. Өрт өчүргүч кызматкерлери жана тик учарлары менен Испания жардам берди.

Грецияда  болсо өрт борбор шаар Афинага жакындады. Афина жакындарындагы Каламос аймагында башталган өрттөн улам  20 турак жай кодонулбай турган абалга келди. Өрткө кийлигишүү учурунда кээ бир өрт өчүргүчтөр жараланды.

Грециянын Закинтос араланыда да 12 өрттөн 10ну азыр да көзөмөлгө алына албай жатат. Жалпы өлкөдө 53 башка жерде чыккан өрттөр 3 күндөн бери  болуп жатат. Испанияда болсо Севияда токой аймактарында өрт чыкты. Аймактагы өрт өчүргүч топтору жетерлик болбогондуктан  кошумча топтор аракетке өттү.

Өрт өчүрүү иштери үчүн аймакка 18 учак жиберилди.

Булак
"ТРТ"

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button