🌱 Элге пайдалуу иш кыл 🌱

0 140

Бүгүн мага эки шейх жоолугуп кетти. Өрнөк катары кылган иштерин жазып коюуну эп көрдүм. Мен билгенден булар дайыма эл кызматында, алгач жетимдерге жардам берүүгө бел байлашкан, кийин жакыр үй-бүлөлөрдү да карамагына ала башташты, эми ар кайсы жерлерде дарылоо жайларын ачууга жардам беришүүдө.

Качан жолукпайын, улам бир жаңы долбоор баштап жаткандарына күбө болом. Акыркы жолу азиздерди (сокур) даарылоого жардам берип жатканын көргөм. Кыскасы, булардын максаты ислам ааламындагы баардык адамдарга жардам берүү. Убактылары ушунчалык берекелүү: жакшылык жасоого гана жумшалат, талаш-тартышка, ушакка чололору тийбейт. Анткени, ким жакшы иш менен алек болсо, Алла Таала аны жалкоолуктан , зееригүүдөн, талаш-тартыштан, ушак-айыңдан Өзү сактайт.

Айтарым, эгер убактыңдын жемишин татууну кааласаң, майданга чык да, эл үчүн кызмат кыл. Талаш-тартыш, куру сөздөр, айтылчу жайлардан безе кач. Болбосо, убактың текке кетип, өмүрүң бошко коройт.

Дайыма элге пайдалуу иш изде, ушундай иш кылгандарга шерик бол, мындай ишти баштагандарга көмөк бол. Мусулмандарга пайдасы тие турган иш жасаган сайын, Алла сенин ден соолугуңду, диниңди, үй-бүлөңдү сактайт, өмүрүңө береке берет.

Кыска өмүрүңдү Аллага жакындата турган иштер менен алек болуп өткөр. Адамдарга жакшылык кыл. Мына ушул жолдо убактың берекелүү, көңүлүң ачык, жан дүйнөң жарык болот. Жакшы амалдарын көбөйт, күнөөлөрүң кечирилет.

Жаашылык кыл, жамандыктан сактан, ” *Мусулмандын эң сулуусу – өзүнө тиешесиз иштен алыс болуусу”* , ким убактысын чындык учун пайдаланса, Алла аны жалгандан сактайт; ким Алланы ыраазы кылса, Алла аны шайтандан сактайт.

📓 _”Бакыттын сырын ачтым “_ китебинен даярдалды

Автор: Аид ал Карни.

📱👉✿+996708924964

👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ Vk.com/Formulasy
✿ Youtube.com/Formulasy
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ WWW.FORMULA.KG

Жооп калтыруу

Email дарегиңиз башкаларга көрүнбөйт

We would like to keep you updated with special notifications.