alternatetext Багымдат: 04:18 | alternatetextКүн чыгуу: 06:03 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:58 | alternatetextКуптан: 21:46
Жаңылыктар

Эл аралык уюмдар Мьянманын мамлекет башчысын сынга алды

БУУнун башкы борборунда маалымат жыйын өткөргөн эки жарандык уюмдун өкүлдөрү, Мьянмада аракандык мусулмандарга карай болгон зомбулукка көңүл буруп, эл аралык жамаатты иш-аракетке өтүүгө чакырды.

Эл аралык Мунапыс Уюму жана Адам укуктарын Байкоо Уюму, Мьянманын тышкы иштер министри жана мамлекет башчылыгы боюнча жооптуу мамлекеттик министри Аунг Сан Суу Чини аракандык мусулмандарга карай болгон зомбулук окуяларына кайдыгер калгандыгы менен сындады.

БУУнун башкы борборунда маалымат жыйын өткөргөн эки жарандык уюмдун өкүлдөрү, Мьянмада аракандык мусулмандарга карай болгон зомбулукка көңүл буруп, эл аралык жамаатты иш-аракетке өтүүгө чакырды.

Эл аралык Мунапыс Уюмунун кризиске бөгөт коюу боюнча директору Тирана Хассан, Бангладештен видео конференция жолу менен байланышып берген маалыматында Мьянма армиясынын жарандарга туш келди ок атканын айтты.

Аракандык мусулмандардын айылдары бутага алынып өрттөлгөнүн белгилеген Хассан, «Рохинжа мусулмандарынын жашоосу жана негизги укуктары бузулууда»,-деди.

Адам укуктарын Байкоо Уюмунун БУУдагы директору Луи Шарбоно болсо, «Рохинжа мусулмандары Мьянмадан толугу менен чыгарылууда жана бул этникалык тазалоонун бардык издерин көрсөтүүдө»,-деп айтты.

Луи Шарбоно: «БУУнун коопсуздук кеңешинин Мьянмадагы зомбулук окуяларын жабык эшик артында сүйлөшүүсү ишке жарабайт, бул мьянмалык жооптуу кызматтагыларга жана коопсуздук күчтөрүнө иштерин жасоосу үчүн жашыл жарык жагууда»,-деп айтты.

Көп жылдар бою үй камагында жаткан Суу Чинин эркин кое берилиши темасында эң алдыңкы акцияларды уюштурган жарандык уюмдардын өкүлдөрү, «Нобель» тынчтык сыйлыгынын ээси Чини аракандык мусулмандарга карай болгон зомбулукка үн катпай койгондугу боюнча сындап, көңүлдөрү калганын билдиришти.

Мьянма армиясынын куралчан согушкерлер менен күрөшүү шылтоосу менен Араканда жарандарга карай кол салууларында 25-августтан бери миңдеген мусулман курман болду. Мьянма бийлигинин аймакка кирип-чыгууларга уруксат бербөөсүнүн себебинен каза болгон жарандардын саны толук белгилене элек.

Кол салууларда 150дөн ашуун айыл, армия жана буддист улутчулдар тарабынан өрттөлдү. Он миңдеген аракандык мусулман коопсуздугунун себебинен дагы деле аймактан алыс кетүүгө аракет кылып жатат. Мьянмадан качкан жарандар тоолуу аймактар, Наф дарыясы же деңиз жолу менен Бангадешке өтүүдө. БУУга караганда 25-августтан бери Бангладешке баш калкагандардын саны 370 миңге жетти.

Булак
"ТРТ"

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button