alternatetext Багымдат: 04:16 | alternatetextКүн чыгуу: 06:02 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:56 | alternatetextШам: 20:00 | alternatetextКуптан: 21:48
Макалалар

ЭЙ,НАПСИМ МЕНИ -НАМАЗЫМДАН АЛЫСТАТПА!

✍🏻Бир жолу жашы жагынан да, келбети жагынан да, даражасы жагынан да чоң бир адам мага мындай деди: «Намаз-жакшы нерсе. Бирок, күн сайын беш маал окуу көптүк кылат. Бүтпөгөндүгүнөн тажатып жиберет». Ал адамдын ошол сөзүнөн бир топ убакыт өткөндөн кийин напсимди тыңшап көрдүм. Дал ошол сөздөрдү айтып жатканын уктум жана ага кунт коюп карап: жалкоолук кулагы менен шайтандан дал ушул сабакты алып жатканын көрдүм. Ошол кезде жанагы киши ал сөздү бардык жамандыктарга буйруучу напсилердин атынан айткан сыяктуу же болбосо айттырылганын түшүндүм. Ошондо мен да мындай дедим: «Ырас, напсим мени ар түрдүү жаман иштерге буйруп турат. Өзүнүн напсин тарбиялай албаган адам башкаларын да тарбиялай албайт. Андай болсо өз напсимден баштаймын».

*_☝🏻Мындай дедим: «Эй напсим! Билбегениңди билбеген абалда, жалкоолук төшөгүндө, кайдыгерлик уйкусунда сүйлөгөн бул сөзүңө каршы менден «Беш ойготууну» ук!_*

*Биринчи ойготуу:* Эй бактысыз напсим!
Таң калам, өмүрүң түбөлүктүүбү? Же болбосо эмдиги жылга чейин, атүгүл, эртеңки күнгө чейин жашай турганыңа «кепилдик кагазың» барбы? Сени жадатып жаткан бул жашооңду түбөлүктүү деп кыялданышың. Ырахат алыш үчүн бу дүйнөдө түбөлүктүү кала тургансып эркелеп жатасың. Эгер сен өмүрүңдүн аздыгын жана да пайдасыз өтүп баратканын түшүнгөн болсоң, албетте, анын жыйырма төрттөн бир бөлүгүн чыныгы түбөлүктүү бактылуулугуна себеп боло турган сонун, жагымдуу, ырахаттуу жана ырайымдуу кызматка жумшоо, адамды жадатуу мындай турсун, тескерисинче, чыныгы куштарлык менен жагымдуу ырахат алууга себепчи болот.

*Экинчи ойготуу:*Эй сугалак напсим!
Таң калыштуу, күн сайын нан жейсиң, суу ичесиң, абадан дем аласың, сени булар тажатабы? Албетте, тажатпайт: Анткени, муктаждыгың кайта-кайта кайталангандыктан улам, сени тажатпастан, тескерисинче, сен андан ырахат алуудасың. Андай болсо, дене деген үйүмдө сенин досторуң болуп саналган жүрөгүмдүн азыгы, рухумдун өмүр суусу жана Латифе-и Раббаниемдин эс алдырган абасы болуп саналган намаз дагы сени тажатпашы керек. Ооба, чексиз кайгылар менен азаптарга дуушар болгон, чексиз ырахат менен чексиз каалоолорго ашык болгон жана да сүйүү толгон жүрөктүн азыгы менен кубатын, бардык нерсеге күчү жеткен Ырайымдуу, Жоомарт болгон Аллахтын ырайым казынасынын «эшигин» жалбаруу менен каккылоо аркылуу гана табылат. Ооба, ушул убактылуу дүйнөдө өтө тездик менен ажырашуу айкырыктарын пайда кылып жаткан көпчүлүк жаратылган нерселер менен байланыштуу болгон рухтун өмүр суусун болсо, тек гана Аллахтын ырайым булагынан намаз аркылуу жүздөнүү менен ичүү мүмкүн. Ооба, жаратылышынан түбөлүктү каалаган, түбөлүк үчүн жаратылган, түбөлүктүү Аллахтын күзгүсү болгон жана өтө назик, тунук, таза болгон адамдардын жүрөгүндөгү нурдуу сезим болгон Латифе-и Раббание ушул кайгылуу, эзүүчү, кыйноочу, убактылуу, караңгы жана тумчуктуруучу болгон бу дүйнөлүк жагдайлар ичинде, албетте, дем алууга өтө муктаж жана ал жалгыз гана намаз терезеси аркылуу дем ала алат…..

👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ Vk.com/Formulasy
✿ Youtube.com/Formulasy
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ +996700334493
✿ WWW.FORMULA.KG

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button