alternatetext Багымдат: 04:28 | alternatetextКүн чыгуу: 06:11 | alternatetext Бешим: 13:04 | alternatetextАср: 17:52 | alternatetextШам: 19:53 | alternatetextКуптан: 21:38
Макалалар

ЭҢ КОРКУНУЧТУУ ООРУ ТЕКЕБЕРЛИК

 

Өзгөлөрдөн өзүн өзгөчө сезген чиркей…

✍?Текеберлигинен улам өз калпынын туткуну болгондордун абалы айтылуу Мавляна Жалаладдин Руминин «Маснави » аттуу эмгегиндеги тамсилде таасын сүрөттөлгөн:

«Чиркей өзүгөлөрдөн өзгөчө сезе турган. Ал өзүнө— өзү: «Мен бул доордун зымырык кушумун. Менден жогору эч бир канаттуу жок! » -дээр эле. Күндөрдүн бириндк бир эшектин заарасы менен аралашып! Түшкөн чайналган чөптүн үстүнө конду. Эшектин заарасын учу-кыйры көзгө илешпес деңиз, тезектен калган чөптү кеме, ал эми өзүн кеменини башкарган жол башчы (капитан) катары сезип: «Мына, океан! Бул болсо менин эң мыкты кемем . Ал эми мен дүйнөдөгү океан -деңиздердин баарын басып өткөн эң тажырыйбалуу жол башчымын! «-дептир ..

Адамдагы эң коркунучтуу жана эң талуу тамыр бул «мен »деген текеберликтин тамыры. Дал ушул тамыр күч алган адам өтө оор күнөө иштерге ойлонбой бараары бышык. Чындыктын жанында болууга бей байлагандар текеберликтен арылуу менен гана чындыкка кызмат кыла алышат…
Текеберлик -бой көтөрүү,чындыктын алдында баш ийбөө дегендик. Алла Таала Куран аяттарынын бир топ жеринде бул багытта бизге эскертүүлөрүн берген:
«Шек -күмөнсүз,Аллах бой көтөргөн жана мактанчаак адамды жакшы көрбөйт»(Ниса:4;36)…

«Жер бетинде текеберленип,бой көтөрүп жүрбө! Себеби сен эч качан жерди теше албайсың,жана тоолорго тең боло албайсың! »(Иса:17;37)…

«Аллах Таала: -Эй, Иблис! (Чексиз) кудуретим менен жараткан (Адамга) сажда кылбай коюшуңа эмне тоскол болду? Же бой көтөрүп текеберленгиң келдиби? Же бийик даражалардагылардан болуп калдыңбы? -деди»(Сод: 38;75)…

Ошентип, Ибилис адамдын нурду чагылдыра албаган топурактан жаратылгандыгын тенсиңбей,бирок андагы Аллахтын берилген өзөктү көрө албай,от менен топурактын ортосундагы айырмачылыктан жаңылып,адамдын алдындагы текеберлигин Алла Таала алдында көрсөтөөрү менен каргышка калып, түбөлүк бактысынан ажыраган. Анысы аз келгенсип,муну өзүнөн көрбөй адамды күнөөлөп,кыяматка чейин адамзат урпагын адал жолдон адаштыруу менен өч алууга жан үрөөдө ….

Кутман сахабалардан азирети Абдуллах бин Масуд айтып калтырган куттуу хадисте мындай делет:
«Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) бир күнү:
-Жүрөгүндө кыпынчалык текеберлиги бар адам бейишке кире албайт,-деди.
Сахабалардан бирөөсү:

-Адам баласы кийим -кечесинен жана бут киймин жакшы болушун каалайт,-деп суроолуу карады. Анда Алланын Элчиси:
-Алла Таала сулуу! Ал сулуулукту жакшы көрөт. Ал эми текеберлик, — чындыкты кабыл албоо жана адамдарды кемсинтин төмөн көрүү! -деп жооп берди»(Муслим,Иман 147; Абу -Давуд) …

Текебердиктен туулган иштер тууралуу бир нече мисал берели:

1- Суроо сурабоо текебердиктен туулат. Текебер адам суроо суроону билбестиктин белгиси деп кабылдайт. Суроо сурасам билбегендигим билинип калат деп ойлойт.

2- Дайыма өзүнөн суроо суралуусун, башка биринен суралбоосун каалайт. Билген же билбеген ар суроого жооп берүүгө далалаттанып, «билбейм” деп айта албайт.

3- Жол суроодон тартынуу. Жол сурабоо жана суроо сурай албоо уят болуп калбайын, айыпталып калбайын деген коркуудан улам болот.

4- Башчылардан уруксат суроодон тартынуу.

5- Конокто болсо, имамдыкка ылайык бир канча адам болсо үй ээси уруксат бербестен эле имамдыкка өтүү, баарынан да өзүн имамдыкка ылайык көрүүсү.

6- Бир жыйналышта жеке эле өзү сөз сүйлөөнү каалоо, башкаларынын сөзгө кошулуусунан ыңгайсыздануу, алардын козудай болуп угуп отурууларын каалоо.

7- Досторуна бир нерселерди билгендигин көрсөтүү үчүн аларга кез келгенде бир нерсени айтууга тырышуу, ката деп ойлогон нерселерин дароо оңдоого, аларды эскертүүгө аракет кылуу.

8- Мечитте бош жерлерди толтур деп тиге-буга буйрук кылуу жана муну уккан адам да муну катуу кабыл алса.

9- Макталууну жактыруу, сынды көтөрө албоо. Катасын айткан адамга рахмат айта албоо.

10- Чындыкты кабыл кылбоо. Бир нерсе мындай деп айтылганда аны чечмелөөгө аракет кылуу. Негизи чындыкты айткан адам кичине бала болсо да, сабатсыз адам болсо да муну кубануу менен кабыл кылуу керек.

11- Васваса кылуу да текебердиктен болот. Өзүн өтө этияттуумун деп эсептегендер башка адамдарды ката кылып жатат деп ойлошот.

12- Башчы болууну каалоо, буйрук берүүнү жактыруу. Өзүнүн кээ бир жактарын жогору деп эсептөө.

13- Адамдардын жанына баруудан, бир нерсе суроодон тартынып жаткан болсо бул дагы текебердиктин белгиси болуп саналат.

14- Жөнөкөйлүк кылып жаткандай көрүнүү. «Пендеңиз сизди угуп жатат” ж.б., деген сыяктуу сөздөр менен ашыкча жөнөкөйлүк көрсөтүү. Пенде бул кул дегенди билдирет. Андай болсо ар айтылган нерсеге каршы чыкпоосу керек эмеспи. Эгер мындай болбосо пендемин деп айтуусу текебердигин жашыруудан башка нерсе эмес.

15- Жөнөкөйлүк болсун деп калп эле «мендей алсыз кул”, «мендей күнөөкөр кул” дегени менен бираз сындала турган болсо дароо ачууланат. Азыр эле айтып жаткан алсыздыгын, күнөөкөрлүгүн дароо унутат. Мындай адам текебер адам.

16- Туш келген адамга кыйынчылык тарттыруу, аларды таарынтуу. Бирин экинчисине даттануу. Башкалардын кемчиликтерин айтып, ал эми өзүнүн андай адам эмес экендигин билдирүүгө тырышуу.

17- Тообону кечиктирүү, намаз окубоо дагы Аллаху таалага каршы текебердик болот.

18- Пикир талашуунун акырында «хаккыңды халал кыл”, «кечир” десе аны кабылдабоо. Бул дагы эле меники туура деген пикирде болуунун белгиси.
19- Адамдардын арасында жеке эле өзү сүйлөп, башкалардын сүйлөөлөрүн жактырбоо.

Натыйжада: Өзүнүн чегин билүү жөнөкөйлүк, чегин билбөө текебердиктин белгиси болуп саналат.

Текеберлик Аллаху тааланы унутуунун белгиси. Текеберлик бардык жакшылыкка кедерги болот, ошол эле убакта бардык жамандыктын ачкычы болуп саналат. Текеберлик шайтандын сыпаты жана анын Бейиштен куулуусуна себеп болгон.

Күчтүү адам жөнөкөй, алсыз адам текебер болот.

Текеберлик менен куфурдун арасында өтө ичке аралык бар. Текеберликтин бир кадам аркы жагы куфур болот.

Алсыз адам кемчилигин толуктоо үчүн текебер болот. Жакшылыктуу адам текеберленүүгө муктаж эмес.

Бардык жамандыктардын башы текеберлик болуп саналат. Текебер адам көп акмактык кылат. Пайдасын, зыянын ойлонбойт.

Алсыз адам текебер болот. Текеберлик Аллаху таалага ширк кылуунун бир тууганы. Текебер алып жүргөн мээде акыл болбойт. Напсибизди ортодон тартып, өзүбүздөн жийиркенүүбүз керек. Өзүнөн жийиркенбеген адам кутула албайт.

Бардык адамдар жогорудагы белгилерди карап өзүнүн текебердүү экендигин же эместигин түшүнө алат…

Аллах Таалам текеберликти тутукуну болуп калуудан жүрөгүбүздү,чындыктын чызыгын көрбөй калуудан көздөрүбүздү май басып калуудан,акыйтка тик карай албай моюн сунбай калууда напсибизди,башкаларды кемсинтип,азар берип,бой көтөрүүдө жан дүйнөбүздү сактасын! Амин…

?Насиба Абдуллаева.

«БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ»

Бул да кызыктуу

1 пикир

  1. Накануне серфил содержание интернет, неожиданно к своему удивлению заметил неплохой ресурс. Вот посмотрите: https://sms-activation-service.com/ . Для меня этот вебсайт показался весьма привлекательным. Всего наилучшего!

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button