alternatetext Багымдат: 04:33 | alternatetextКүн чыгуу: 06:14 | alternatetext Бешим: 13:04 | alternatetextАср: 17:51 | alternatetextШам: 19:51 | alternatetextКуптан: 21:36
Жаңылыктар

Дубайда дүйнөдөгү биринчи «акылдуу» полиция бекети ачылды

Толук автоматташтырылган "акылдуу" полиция бекети Дубайда ачылганы туурасында БАЭнин Gulf News басылмасында билдирди.

Басылманын маалыматы боюнча, бул дүйнөдөгү биринчи автоматташтырылган полиция бекети болуп саналат. Анын 60 түрлүү кызматтарын колдонууга мүмкүн. Мисалы, укук бузуу же жол эрежеси бузулган туурасында ж.б. у.с. билдирүүлөр үчүн колдонсо болот.

Полиция кызматкерлине кайрылуу электрондук тармак аркылуу видео билдирүү менен ишке ашат. Акылдуу полиция бекети күнү-түнү иштейт.

Келечекте мындай полиция бекеттерин Дубайдын бардык турак-жай жана өнөр жай тармакттарында ишке киргизүү пландаштырылууда.

Дубайдын полиция департаментинин айтымында, бул автоматташтырылган бекеттер адаттагы полиция бекттеринин жумушун жеңилдетүү менен бирге ички иштер органдарына кайрылуу туурасындагы адатка айланган терс көз караштарды жоюга жардам берет.

Булак
"Умма"

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button