“Дирилиш Эртугрул” жаңы сезонун баштады

ТРТнын эң алдыңкы сериалы «Дирилиш Эртуурул» жаңы сезонунун биринчи бөлүмүн 25 тилде 80ден ашуун өлкөдө берди.

0 253

Түркия радио жана телекөрсөтүү мекемеси ТРТнын эң алдыңкы сериалы «Дирилиш Эртуурул» жаңы сезонунун биринчи бөлүмүн 25 тилде 80ден ашуун өлкөдө жарыялады.

ТРТнын чет өлкөлөрдө да абдан чоң кызыгууларды тарткан «Дирилиш Эртуурул» сериалы бешинчи сезонун баштады.

Тизмесин жаңы  актер жана актрисалар менен толуктаган «Дирилиш Эртуруулдун» 122 – бөлүмүнөн мурда Стамбулдагы Жемиле Султан токойчосунда галасы өткөрүлдү.

Кечеге катышкан ТРТнын башкы директору Ибрахим Эрен алдыдагы мезгилде да тарыхый сериалдарды экранга чыгарууну максат кылышкандарын айтты.

25 тилде 80ден ашуун өлкөдө берилген «Дирилиш Эртуурулду» ушул күнгө чейин 3 миллиард киши көрдү.

Булак: "TRT"

Жооп калтыруу

Email дарегиңиз башкаларга көрүнбөйт

We would like to keep you updated with special notifications.