Рубрикасыз

Чыныгы байлык

Бир күнү, шаардагы эң бай үй-бүлөдө жашаган ата, өзүнүн кичинекей баласын алып, адамдар канчалык кедей болушаарын көрсөткүсү келип, айылга алып барат. Алар абдан кедей үй-бүлөнүн үйүндө күн-түнү болушат. Өз үйлөрүнө кайтып келгенде атасы баласынан сурайт:
– Саякат сага жактыбы балам?
– Ооба ата, бул абдан соонун саякат болду.
– Адамдар канчалык денгээлде кедей болушаарын көрдүңбү? – деди атасы.
– Ооба көрдүм.
– Ошолорду көрүп сен эмнени үйрөндүң?
– Биздин үйдө кымбат батыш итти, а алардын короосунда көптөгөн жандыктарды көрдүм. Биздин бактын ортосунда бассейн бар, а аларда учу көрүнбөгөн чексиз көлү бар экен. Биз багыбызды электр чырагы менен жарык кылсак, а аларга көктөн жылдыздар жанат экен. Биздин сарайда чектелүү гана бак болсо, алардын багы бүтүндөй бир кең мейкиндик экен. Биздин үйдө жаратылыштын сүрөттөрү дубалда илинип турса, а алардын жаратылышы көчөдө экен деп жооп берет баласы.
Атасы баласынын сөзүнөн кийин сүйлөөргө сөз таппай турганда:
– Ал адамдар канчалык бай экенин көрсөткөнүңүз үчүн, сизге чоң рахмат ата! – деп, бала чыныгы байлыктарды көргөнү үчүн, атасына ыраазы болгон экен.

Макаланын автору:
Уулкан Амираева
Улантуу ⇓

Тектеш темалар

Жооп берүү

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт.

Close
Close