alternatetext Багымдат: 04:18 | alternatetextКүн чыгуу: 06:03 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:58 | alternatetextКуптан: 21:46
ЖаңылыктарФото

Чубак ажы Жалиловдун эмгегин баалаган кыргыздын бир азаматы «Насаат Медиа» порталына жеңил автоунаа тартуулады

Өтүп бара жаткан аптанын шаршемби күнү аты-жөнүн маалымат каражаттарына айтууну каалабаган кыргыздын бир азаматы Бүткүл дүйнөлүк шарияттык координациялык кеңешинин туруктуу мүчөсү, КМШ аймагынын жаӊы тарыхында алгачкы Хадис Академиясынын негиздөөчүсү, атагы алыска кеткен айтылуу аалым Чубак ажы Жалиловдун эмгегин баалап, "Насаат Медиа" илимий порталына жеңил автоунаа белек кылды. Бул тууралуу аталган порталдан маалымдашты.

«Насаат Медиа» илимий порталы Чубак ажы Жалиловдун баяндарын, теле-радиолор аркылуу угарман-көрөрмандардын суроолоруна берген жоопторун, өлкө аймагында жана чет мамлекеттердеги жолугушууларындагы айткан насааттарын, дегеле турмуштук жана диний маселелердеги түйүндөрдү чечкен шариат мыйзамдарына ылайык көрсөткөн илимий жол-жоболорун камтыган видеолорун дээрлик ар күн сайын жүктөп, ал Уoutube видеоканалы менен ааламга тарап турат.

Бүүгүнкү күндө «Насаат Медиа» порталы Кыргызстандагы эң көп көрөрманы бар порталдардын катарын толуктайт. Учурда Уoutube видеоканалындагы анын баракчасында 120 000ден ашуун катталган (подписчик) интернет колдонуучусу бар.

Булак
INTER.KG

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button