Суроо-Жооп

Чубак ажы Жалилов менен турмуштук суроо-жооптор (71)

— Чубак ажы, 9-мартта Москвага сапар тарттыңыз эле. Байсалдуу болдубу? Эмне максатта бардыңыз? Ушул боюнча окурмандарыбызга да маалымат берип, ой бөлүшө кетсеңиз?

— Кудайга шүгүр, бул сапарыбыз адаттагыдай эле байсалдуу болду. Кыргыз муфтиятынын Москва өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулган “Мавлид” кечесине Аалымдар кеңешинин төрагасы, белгилүү аалымыбыз Абдышүкүр ажы Нарматов, казактын белгилүү аалымы Абдугапар Сманов, Москва муфтийи Эльдар Аляуддинов, КМДБ аппарат башчысы, Аалымдар кеңешинин төрага орун басары Абибилла ажы Кадырбердиев сыяктуу үлкөндөр менен чогуу бардык. Андан сырткары ак таңдай акындарыбыздан Идрис, булбул үндүү ырчыларыбыздан Омар, Айыма, Нияз, Кыргыз эл артисти Тынара Абдразаева эжебиз баш болуп барып, орустун ордо калаасындагы алты миңден ашуун адам сыйдырган Крокус Сити Холл өргөөсүн дээрлик жети саат бою сагыныч менен сүйүү, урмат менен сый, ыйман менен ислам, адеп менен тартип коштогон керемет жолугушуу болуп өттү. Өргөөнүн кире беришинен үкү топучан эрке кыздарыбыз, элечек кийген керилген жеңелерибиз, ак жоолугун асте салынган сыпай эжелерибиз, тебейтей кийген салабаттуу агаларыбыз жана да ак калпакчан мырза жигиттерибиз тосуп алышты. Кеченин көркүн жубайлар Максат мырза менен Нурзат Токтосунова көркүнө чыгарды. Айрыкча Нурзат айымдын кийген адеми кийими менен оронгон элечеги кыргыздын тарыхын да, маданиятын да, улуулугун да, сулуулугун да керемет баяндап берди десем жаңылышпайм.

— Демек, диний алкакта эле эмес, улуттук баалуулуктарды да даңазалаган иш-чара турбайбы?
— Ошол жерде иштегендердин айтымында, Москва муфтийинин күбөлүк берүүсүндө бул өргөө жети миңге чукул коногу менен жети саатка чейин мынчалык жандуу жашап көргөн эмес экен. Тарых үчүн айтып коё турган маалымат, орустун баш калаасында болуп өткөн бул иш-чара жыл сайын өткөрүлүп келет, салтка айланып калган. Бул кыргызстандыктардын иш-чарасы. Башка коңшу республикалардан айырмаланып, бул бизге гана тиешелүү көрүнүш. Элибиздин нарктуулугу, салттуулугу, бекемдиги жана ынтымагы мына ушул сүрөттөн даана көрүнөт.

— Ушул өңүттөн алганда, дагы кандай кошумча идеяңыз болду?
— Менимче, мына ушул ыймандашуу кечесин мамлекет өз колуна алып, он беш миң адам чогула турган өргөөгө уюштурса, мамлекет башчыбыз өзү барып эки ооз сөзүн сүйлөп берсе, Кудайга жага турган пайгамбарыбыз сүйүнө турган, улуттун уңгусун бекемдей турган, мамлекетибиздин келечегине кам көрө турган иш-чаралардын бири болор эле… Мигранттарыбыздын балдары өзүн орусиялык сезип, Кыргызстанга болгон сагыныч сууп турган чакта, ошол жакка отурукташып, ошол жердин нанын жеп, ырын ырдап калгандардын мекенге болгон сагынычын козгоп, кусалыгын жазып, аз да болсо туулган жердин топурагын көздөй тартканга себеп болор беле (?) деген маани. Болбосо ал топурактар деле бизге бөлөк-бөтөн эмес, өзүбүздүн көөнө мекендер.

— Мергенчиликке чыгууга оюңуз кандай? Тоо теке, карышкыр, улар, айтор, жан-жаныбар, канаттууларды аткандарга кандай кеңеш берет элеңиз?
— Аңчылык кылуу илгертеден эле келе жаткан, Алла Таала адал ырыскы табуунун жолдоруна кошкон кесип болуп саналат. Пайгамбарыбыз Алайхис Салам айтат:

“Адам уулу өз колу, маңдай тери менен таап жегени эң жакшы ырыскылардан болуп эсептелет” (Абу Дауд 3\80, Термизий 3\639, Насааий 7\241).

Акыркы учурда аңчылык кылуу илими болуп көрбөгөндөй өстү. Бардык тармактарында атайын илимий изилдөөлөр жүргүзүлүп жатат. Аңчылык куралдары да бир топ ийгиликтерге жетишип, куралдар, аларды пайдалануунун жолдору да түркүн түскө ээ болду. Суудагы жаныбарларга аңчылык кылуу – кээ бир мамлекеттердин негизги киреше булагына айланды.

Аңчылык жана анын өкүмдөрү туурасында ханафий аалымы Мухаммад бин Абдулатииф бин Абдулазииз бин Фиришта, Ибнул Малак (854-хижрий жылы каза болгон) деген ат менен белгилүү болгон аалымыбыз “Минятус сойяадиин-Уучулардын тилеги”) деген китебинде кеңири баяндаган.

Алла Таала Курандагы аятынын маанисинде айтат:

“Биз өз кудуретибиз менен силерге жан-жаныбарларды (төрт түлүктү) жаратканыбызды көрүп, андан ибрат, үлгү албайсыңарбы да, ойлонбойсуңарбы?! Силер аларга ээлик кылып, алардан кожоюн пайдалангандай пайдаланасыңар! Жана да аларды силерге баш ийдирип, моюн сундурдук. Аларды улоо катарында пайдаланасыңар, аларды азык катары колдоносуңар. Аларда силер үчүн көп пайдалуу нерселер (жүнү, териси ж.б.), иче турган азыктар (сүт) бар. Мунун баарын жараткан Кудай Таалага шүгүр айтпайсыңарбы?!!” (Ясиин 71-73).

Жогорудагы аятта колдо кармалуучу жаныбарлар жөнүндө айтылды. Ошондой эле жапайы айбанаттарга аңчылыкка чыгуу жөнүндө да айтылган. Адам баласы ихрам (ажылык ибадатын аткарууда кийиле турган атайын кийим) кийип турган учурунда, Харам (Макка аль Мукаррама) жеринде уучулуука чыга албайт. Андан башка жерлерде ууга чыгууга уруксат берилген. Ыйык Курандагы аяттын маанисинде айтылат:

“Ихрамдан (Ихрам кийиминен жана Харам жеринен) чыккан убагыңарда аңчылыкка чыга бергиле…!” (Мааида 2).

— Деги эле шариат эрежелерине ылайык аңчылык кылуунун аныктамасы кандай?
— Аңчылык – пайдаланууга жаратылган нерселерден, уруксат берилгенине жараша пайдалануу. Уруксат берилген жерден отун терүүнүн өкүмүндөй эле “Мубах – уруксат берилген” деген өкүм берилген.
Аңчылык – кесиптин бир түрү. Арам мал аралашпаган, таза бойдон сакталган нерселерден жан багуу үчүн кесиптенүү.

Аңчылык – Исмаил пайгамбардын сүннөтү болуп саналат. Азирети Ибрахим Алейхис Салам пайгамбарыбыз эки ирет уулу Исмаил Алейхис Саламды издеп келип таппайт, келинчеги анын ууга кеткендигинен кабар берет. Үчүнчү жолкусунда Исмаил Алейхис Салам жаасынын огун учтап отурган учурунда келип табат… (Бухарий 6\398).

Жарды пенде өзүнүн күч-кубаты жана айлакердиги менен аңчылык кылса, колунда бары мал-мүлкү менен аңчылык ылат. Кудай Таалам пенделеринин бирине бирин себеп кылып ырыскысын берет.
Деңизден балык уулоо Ихрам кийген учурда да жарай берет. Тыюу салуу кургактыктагы жаныбарларга тиешелүү өкүм.

Эти желе турган жаныбарларды да, эти желбей тургандарына да аңчылык кылганга уруксат берилет. Анткени аңчылыкка чыгууга уруксат берилген аятта жалпылай – мутлак айтылган.
Пайгамбарыбыз Алейхис Салам айттат:

“Акмак аялдын сүтүн балаңарга эмиздирбегиле! Анткени сүт таасир берет!” (Абу Дауд, Мараасиил 181-бет.)

Ошондуктан жырткыч айбанаттардын эти арам кылынган. Жогорудагы хадистин далилинде, адамдын арам даамдарды оозануусу анын амалына таасирин тийгизерин айтышат. Акмак аялдын адал сүтү терс таасирин тийгизсе, арам менен нажастын таасиринин тиери аштан бышык маселе. Кээ бир аалымдар айтышат: арам тамак жегенден күнөө иштер гана ишке ашат. Күмөндүү тамак жегенден инсан капылетте, бейкапар калат. Ага-буга, жакшы-жаманга маани бербей айбанпарас болуп калат. Ким адал менен азыктанса, андан жакшылык гана күтүлөт.

Аңчылыкка чыккан адамдын уусу адал болуусу үчүн ал адам мусулман же китаабий болуусу керек. Андан сырткары өзүн-өзү билбей турган абалда мас болбоосу керек.
Аңчылыкка чыккан адам ок атканда, же кушту коё бергенде жана итти агытканда “Бисмиллаахи, Аллааху акбар” деп атуусу милдеттүү болот. Кокустан унутуп калган болсо зыяны тийбейт. Бирок, атайын айтпай койгон убакытта, аңдын эти арам болуп калат.
Пайда көрбөй турган жандыктарды жөндөн жөн эле өлтүрүнүн кереги жок. Жаныбарларды курулай эле кыйноо да арам болуп эсептелет. Пайгамбарыбыз Алейхис Салам айтат:

“Чымчыкка да акысы менен аңчылык кылсын! Антпесе кыяматта жооп берет! Анын акысы – башын жулуп, этин ыргытып жибербестен, аны даам кылып бышырап жемек!” (Насааий).

Тирүү жаныбарды атып ойноого бута кылып койгон да арам болуп саналат. Аны азаптоо арам.
Аңчылык кылуу Алла Тааланын ибаадаттарынан, намаз, орозодон тоспоо керек. Тоссо арам болуп эсептелет.
Аңчылык кылып ок атылгандан кийин да тирүү калса, аны бычак менен менен союу керек болот. Аны жарадар абалында таап, өзү өлгөнгө чейин күтүп турса, ал арам болуп эсептелет.
— Балык уулап, чер жазууну туура көрөсүзбү?
— Туура көрөм, бирок көп деле жакшы көрбөйм. Жогоруда айтылгандай, тартип менен балык уулай берсе болот. Балыкка “Бисмилла” айтпаса да адал боло берет. Колдон келишинче мамлекеттин бул туурасындагы мыйзамдарын аткарууга аракет кылуу лаазым. Балык кармагандар кобүнчө балыкка кул болуп, убакыттын баарын ага кетирип жибергендиги туура эмес көрүнүш. Кимдир бирөө балык кармап, жакшылап бышырса, жешип койгондон көбүрөөк чер жазабыз, балыктын өзүн кармаганга караганда.

— Жыныстык катнашта көп болуу он чакты оорудан арылта турганын медиктердин кеңешинен окуган жайым бар. Сиз кандай ойлойсуз, күнүгө интимдик кошулуу болуп турса зыян эмеспи? Эми бул жагы жаш куракка, бел күчтүн кубаттуулугуна жараша да “жемишин” берсе керек?..— Албетте, акыркы изилдөөлөр боюнча жыныстык мамиледе көп болуунун пайдаларын дарыгерлер белгилешет. Мисалы:

  • Чарчоону кетирет. Анткени жыныстык мамиледе болууда дене өзүнөн допамин (дофамин) бөлүп чыгарат, ал чарчоонун гормондорун кетирет. Стрессти жокко чыгарат. Артериалдык кан басымды төмөндөтөт.
  • Эркек киши жумасына үч жолудан кем эмес жыныстык катнашта болууну туруктуу карманса, анда жүрөктүн миокард оорусуна кабылуу коркунучу адаттагы адамга караганда эки эсеге аз болот.
  • Адамдын эс тутумун жана гормоналдык системасын мээнин гипоталамус деген бөлүгү башкарат. Ал бактылуулук гормонун бөлүп чыгарып, эс тутумду жакшыртат.
  • Жыныстык байланыш учурундагы кыймыл-аракет жүрөк булчуңдарын жана кан тамырларды бекемдейт. Бул өз учурунда адамдын организминдеги кан айлануунун жакшыруусун шарттап, жүрөктүн нормалдуу иштешин камсыздайт.
  • Интимдик катнаш учурунда бөлүнүп чыккан эндорфин гормону организмде кан менен кошо айлануу аркылуу баш ооруга дары болот.
  • Арыктоого шарт түзөт. 30 мүнөттүк жыныстык алакадагы иш аракет 85 килокалорийди жокко чыгарат.
  • Спермоплазманын курамындагы цинк, кальций элементтери жана башка минералдар тиштин эмалынын бузулуусунун алдын алат.
  • Жыныстык мамиле адамды жашартат. Ал эстрогенди көбөйтүп, чачты жагымдуу жана жандуу кылып, теринин сыйда жана сүйкүмдүү болуусуна алып келет.
  • Миле учурунда бөлүнүп чыккан тестостерондогу пайдалуу минералдар сөөктү жана булчуңдарды бекемдөөгө себеп болот.
  • Фиброздук-кисталык мастопатияга кабылууга тоскоолдук болот. Спермоплазма буга жол бербей турган табигый суюктук катары кызмат кылат.
  • Сексуалдык жаатта толук канааттануу менен жашаган адам коомдо өз ордун таба билет, психикалык жактан да саламаттыкка ээ болот. Ал өзүн ар дайым керектүү сезет, моралдык жактан аксабайт. Өзүн ишенимдүү алып жүрөт.
  • Аялдын этек кири келүүнүн мөөнөтүн так жана туура абалга алып келет.
  • Иммунитетти чыңдайт.
  • Убакыттын өтүүсү менен аялдардын чат булчуңдары начарлап, заарасын кармай албай турган абалга кириптер болуусу мүмкүн. Көп жыныстык мамиледе болгон учурда, бул оору да алыстайт.
  • Туруктуу жыныстык мамиледе болгон аялдардын мастит оорусунан сактануусуна да себеп болорун маммологдор белгилешкен.
  • Уйкуну жакшыртат, анткени жыныстык мамиле учурунда бөлүп чыгарылган окситоцин менен эндорфин адамдын уктоо жөндөмдүүлүгүн жөнгө салуучу функцияны да аткарарын унутпаңыз.
  • Жыныстык мамиледе көп болуу, эркектин көбөйүү мүчөсүнүн талаптагыдай чыңалуусу камсыздайт.
  • Өмүрдү узартат.
  • Эркектин уругунун сапаттуулугун арттырат.
  • Рак оорусуна чалдыгууну азайтат. Бир айда 21 жолудан кем эмес уруктугун жыныстык мамиле аркылуу сыртка чыгарып тургандар рак оорусуна башкаларга караганда сейрек чалдыгышат экен.
  • Кан басымды нормалдаштырат.
  • Бирок мына ушунун баары адал нике менен болуусу кажет. Аялынын муктаждыгын канааттандырган адам, садака берген соопту аларын пайгамбарыбыз Алейхис Салам белгилеген. Ошондой эле аялы менен кошулганда эркек иши бүтөрү менен эле нары карап жатып албастан, анын да муктаждыгын бүткөрүүсүнө өбөк көрсөтүүнү осуяттаган.
  • Канчалык көп же андан азыраак жыныстык мамиледе болуу керектигин шариатыбыз жубайлардын эркине калтырган. Жубайлардын ырахаты, алардын каалоосу, арамдан тосулуусу, алардын муктаждыктары бул маселени жөнгө салат. Ошондой эле адардын ден соолугу да, физикалык кудуреттери да мааниге ээ болот.

Ачкыч сөздөр
Улантуу ⇓

Тектеш темалар

Жооп берүү

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт.

Close
Close