alternatetext Багымдат: 04:22 | alternatetextКүн чыгуу: 06:06 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:56 | alternatetextКуптан: 21:43
Суроо-Жооп

Чубак ажы Жалилов менен турмуштук суроо-жооптор (67)

СУРОО: — Эмне үчүн Куранды, намазды кыргызча окуй  албайбыз? Арабдар бизден  өйдө  турабы?

ЖООП: — Эгер  кыргыз  тилинде  түшкөн  болсо  кыргыз тили өйдө турабы демекпиз. Биринчиден, Кудайдын ыктыяры. Экинчиден, араб тили бай болгондугу үчүн. Үчүнчүдөн, бардык адамдардын баш мыйзамы бир тилде  болгондугу талапка  ылайыктуу. Курандын кыргызча котормосун окуса болот. Намаздын араб тилинде болуусу шарт. Буга жооп берүү үчүн гезиттин бир бети арналыш керек.

СУРОО: — Атам мас кезинде өзүмдү коргоп мушташып кеткем. Атам мени “жети атаңдын каргышы  тийсин” деп каргаган. “Атанын сөзү ок” деп коёт эмеспи. Эми не кылам? Кеңеш бериңизчи…

ЖООП: — Атаңыздан  кечирим сурап,  тообо  кылыңыз. Атаңыз өлтүрүп койсо да унчукпашыңыз керек болчу. Арактын арты ушул.

СУРОО: — Согушта адам өлтүрүп, ок тийип өзүң да өлсөң кыяматта жооп бересиңби?

ЖООП: — Адамды себепсиз өлтүрүү күнөө,  жооп берет. Эгерде мекенди коргоп, динди сактап, үй-бүлөсүнүн абийирине тийип, зордуктап жатса өлтүргөн болсо жооп бербейт.

СУРОО: — Апам казакка турмушка чыгып 4 жыл жашап, ажырашты. Азыр турмушка чыккан. Бирок, экөө менен тең жашайт.

ЖООП: — Кандай акмак апа! Андай болбойт. Никеси бары менен жашашы керек. Никеси жогу менен зына эсептелинет.

СУРОО: — Намазды 5 убак окуу керекпи же 2 убак боло береби?

ЖООП: — Бул 5 сом карызым бар, 2 сомун эле берип койсом болобу дегендей сөз. 3 сомун да төлөп беришиңиз керек. 5 маал намаз буйрулган. Намаз окуу менен энергия аласыз, жүрөгүңүз тазарат.

СУРОО: — Адамдын сүрөтүн тарткан күнөөбү?

ЖООП: — Адамдын сүрөтүн фотоаппарат менен тартуу күнөө эмес, кол менен тартуу күнөө.

СУРОО: — Дваваттын мааниси кандай жана максаты эмне?

ЖООП: — Жакшылыкка чакыруу, жамандыктан кайтаруу, динге чакыруу деген сөз. Максаты — адамдарга акыйкатты жеткирүү.

СУРОО: — Ата-энемдин сүрөтүн үйгө илип койгон элем. Периште кирбейт деп жазылыптыр китепте?..

ЖООП: — Сүрөт бар үйгө периште кирбейт. Сүрөт илүү болбогон нерсе, шариятта эле эмес кыргыздын салтында да жок.

СУРОО: — Атам бакшыга үйлөнүп алган. Аялы бизди  батырбайт. Атам болсо өзгөрдү, мурункудай балдарым деп эзилбейт, ичип калыптыр. Инимдин тоюна өз атам да, өгөй атам да катышса болобу?

ЖООП: — Экөө тең катышса болот.

СУРОО: — Бир жарым жылдан бери балалуу болбой жатабыз. Кетип калсам болобу? Бирок жолдошумду аябай жакшы көрөм.

ЖООП: — Кетип эмне кыласыз! Адамдар он жылдан кийин деле балалуу болушат. Кудай берген күнү болот. Балким жаш кезде ойноп-күлүп алышсын деп мүмкүнчүлүк берип жаткандыр.

СУРОО: — Күйөөм ичип алганда “кет, балдарың менен” деген. Талак түшпөйбү?

ЖООП: — Ажырашуу ниетинде айткан болсо түшөт. Анан жөн эле мастыкта келжирей берген сөздөргө маани берилбейт.  СУРОО: — Мурунку жолдошум каза болгондон кийин ашында кабар берилбей карам алынбай калды.  Ишим  жүрүшпөй  жатат.  Каранын мааниси  барбы?  ЖООП: — Эч кандай мааниси жок.

СУРОО: — Дубаны 1000 жолу окуш керек десе сөзсүз ошончо окуш керекпи? Жети токочту Кудай жолуна деп күнүгө жасаса болобу?

ЖООП: — Шарт эмес, бирок көбүрөөк окуган жакшы болот.

Токочту күнүнө 2 жолу жасасаңыз деле жарай берет.

СУРОО: — Беш жылдан бери күйөөм бирөө менен жүрүп, анысы төрөдү. Экөөнүн никеси жок. Күйөөм ага эмнелерге милдеттүү?

ЖООП: — Никеси жок болсо эч нерсеге милдеттүү эмес. Ага да нике кыйдырып ал десеңиз жакшы болот. Балким алардын никеси бардыр, сиз билбегениңиз менен.

СУРОО: — Намаз окуйм. теледен түрк сериалдарын көрсө күнөө болбойбу?

ЖООП: — Түрк, бразилия сериалдарын көрүп, убакытты ысыраптайсыз.

СУРОО: — Мени кудалап койгон. Аны жакшы көргөндүктөн эмне десе кечирип, күтүп жүрдүм. Аябай кызганчаак. анын айынан уятсыз сөздөр  менен сөгө баштады. Көп урушкандыктан көңүлүм калды. Мындайда эки тарап сүйлөшүп чек койсо болобу?

ЖООП: — Кудалашуу никелешүү деген сөз эмес. Бул жөн гана убада. Башка күйөөгө тийсеңиз жарай берет.

СУРОО: — Тиш кыйшык болсо башка тиш салганга болобу?

ЖООП: — Түздөтсө болот. Анан түз эле тишти андан бетер Майкл  Жексондукундай,  Пугачеваныкындай  сулуу кылам десе болбойт.

СУРОО: — Жаман ойлорду ойлой берем. Кайсы аяттарды окуп мындан арылам же бул оорубу?

ЖООП: — “Фатиха”,  Курандын  бардык  аяттары  себепчи боло берет. Окуй бериңиз.

СУРОО: — Сүйлөшкөн кызым  менен жаткам. Кыздыгы жок экен. Аны албай  койсом  болобу?

ЖООП: — Өзүң деле зына иш кылып албай койсом болобу дейсиң.  Дароо алышың  керек! Денеси чоюлчаак болушу мүмкүн, спорт менен машыгууда түшүп калышы мүмкүн же төрөгөндө кыздыгы чыгышы мүмкүн. Балким айып сендедир. Өздөрү эле периште болуп кеткенсип албай коём деп чыгышат!

СУРОО: — Мен ишиме байланыштуу багымдат намазын окуйм, калганын кечинде үйгө келгенде парздарын окусам болобу?

ЖООП: — Колуңдан келишинче толук окуганга аракет кыл. Эгер ниет койсоң Кудай Таалам бардыгына жетиштирет. Дуба кылсаң баары ордуна келет.

СУРОО: — Мен бойдок жигитке турмушка чыккан элем. Ата-энеси  ата-энемдин алдына келе элек. мен да аларды көрө элекмин. Жашаганыбызга бир жыл болду. Качан келээрин сурасам, шарт болгондо дейт. Мени да ата-энем жанымды койбойт, качан кудалар келет деп. Азыр чогуу жашабайм. Эмне кылсам болот? Ата-эне балага жамандык каалабайт да.

ЖООП: — Турмушка чыкканда ата-энеңдин колунан алып кеткендей болуу керек эле. Кыз каадасы кымбат дейт. Ошого карабастан үйлөнүп алган болсоңор, жашап жаткан болсоңор улантып жашай бергиле! Калганы акырындык менен ордуна келет, насип кылса. Жөн эле жетелешип барсаңар деле жараша берет. Кайра жашап баштаңыз. Ажырашуу жакшы эмес. Кудалар келбей койду деп ажырашып кеткен уят иш.

СУРОО: — Үч күндүк даават учурунда европа улутундагы эки аял, бир эркек мас абалында бут кийимдери менен  намазкананын төрүнө өтүп жигиттерди акараттап, “уурулар” деп доомат кылышты. Мен чыдап тура албай сыртка сүйрөп чыгарсам Алла жолундагы бир туугандар менен кайчы пикирде болуп калдык. Ушуга пикир билдирип койсоңуз.

ЖООП: — Алар намазкананын сыртында туруп сүйлөшсө болмок экен. Анын үстүнө мас болсо. Пайгамбарыбыз алайхис саламдын убагында бир адам келип мечиттин ичине эле заара ушаткан. Ал убакта мечиттер өтө эле карапайым болуп, полу топурактан эле. Сахабалардын кээ бирлери заара ушаткан чөлдүк адамды ур-токмокко ала турган болгондо, аларды тыйып, заара ушаткан жерине бир чака сууну куюуга буйрук берген. Андыктан биз да Пайгамбарыбыздын жолун кармангандыгыбыз жакшы болот. Жамандын өзү теңелбесе да сөзү теңелет дейт. Ичкени арак болгон кайрыдиндин намазканага киргени абдан туура эмес, а бирок Аллах Тааланы тааный албаган адамдан башка эмнени күтүүгө мүмкүн эле? Аллах  жолундагы  бир туугандарыбыз ушуларды айткысы келсе керек го…

Бул да кызыктуу

1 пикир

  1. Ассаляму алейкум кытайда момун мусульмандарды кордоп жатышыптыр китептерде мусульман мусульманга тууган деп жазылып келет кордолгон мусульмандарды корсотуп жатышат телевизордон кытай элине тийбегиле деп айтып жэ болбосо чарасыны коруш керекпи жэ болбосо ун чыкпай дуба кылып Гана олтуруш керекпи

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button