alternatetext Багымдат: 04:33 | alternatetextКүн чыгуу: 06:14 | alternatetext Бешим: 13:04 | alternatetextАср: 17:51 | alternatetextШам: 19:51 | alternatetextКуптан: 21:36
Макалалар

Чагымчыбы же бузукубу?

Бир киши Имам Шафиге келип: “Баланча, сиз жөнүндө жаман сөздөрдү сүйлөп жатат”, — деди. Имам Шафи: «Эгер айтканың чын болсо, анда сен чагымчысың. Эгер айтканың жалган болсо, анда сен бузукусуң» – деп жооп кайтарды.

Адамдардын маданияттуусу — башкалар тууралуу аз сүйлөгөнү. Адамдардын тазасы — башкалар тууралуу жакшы пикирде болгону. Адамдардын такыбасы — башка адамдарга жардам берүү үчүн жан үрөп аракет кылганы.

Али (ага Алла ыраазы болсун) мындай деп айткан: «Төрт ишти аткарган адам, төрт нерседен куру калбайт:

1. Ким дуба кылса, дубасы кабыл болот;

2. Ким тообо кылса, тообосу кабыл болот;

3. Ким истигфар айтса, күнөөсү кечирилет;

4. Ким шүгүр кылса, ырыскысы мол болот.

Абдишүкүр ажы Нарматов.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button