❤ БУЛ ДҮЙНӨНҮН БЕЙИШИ ТАЗА ЖҮРӨКТӨ

❤ БУЛ ДҮЙНӨНҮН БЕЙИШИ ТАЗА ЖҮРӨКТӨ

0 501

❤ БУЛ ДҮЙНӨНҮН БЕЙИШИ ТАЗА ЖҮРӨКТӨ

✍ Эр-Риядда бир аксакал (Алла аны ырайымына бөлөсүн) менен он жыл коңшу турдум. Акырети үчүн жан үрөгөн, ибадаткөй киши болчу жарыктык. Жашы токсон таяп калганда да, баскан-турганы тың, анан да эң негизгиси жүрөгү таза болчу, көралбастык, ичи тардык кылганын көрбөдүм. Алланы тынбай зикир кылчу, Куранды үч күндө бирден аягына чейин окуп чыгар эле. Отурган жеринде теспе тартып, Алланын кечиримин тилеп (истихфар) тилеп, жүзү Курандын барагындай нурданып турчу. Аны менен отуруп калсаң, ыйманын көтөрүлүп, жүрөгүн тазарчу. Кыйбат, ушакка убактысын коротчу эмес.

Бирөөгө ачууланбай, бирөөнү жек көрбөй жүрөгүн кантип сактаганына таң калам, бирөөнү кеп кылса, жакшы жагын гана айтат. Кокус, бирөөнү жамандап калышса, дароо ага кечирим тилеп, истихфар айтат.

Жашоо ырахатына, акырет сообуна жык толгон жүрөктүн тазалыгы кандай сонун. Биз дагы жүрөгүбүздү жек көрүүдөн, көралбастыктан, ичи тардыктан тазалай алабызбы? Буларды жүрөктөн жууп салууга мүмкүнчүлүгүбүз барбы? Албетте, ар ким өзү аракет кылса болот. Бул жашоо кыска, аны башка бирөөнү жек көрүү менен өткөрбө. Жүрөктүн тазалыгы – Алланын бул дүйнөдөгү бейиши, Аллахым аны баарыбызга насип этсин. “Биз алардын көкүрөктөрүнөн (кек, көралбастыкты) сууруп алганбыз. Алар бири-бирине бет маңдай, дос, боордош болуп сөөрүлөрдө (отурушат)” (“Хижр” сүрөөсү, 47-аят).

📘”Бакыттын сырын ачтым” китебинен даярдалды.

🧕Алина Абдрасул кызы.

👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ Vk.com/Formulasy
✿ Youtube.com/Formulasy
✿ Instagram.com/Formulasy
✿+996708924964..
✿ WWW.FORMULA.KG

Жооп калтыруу

Email дарегиңиз башкаларга көрүнбөйт

We would like to keep you updated with special notifications.