alternatetext Багымдат: 04:22 | alternatetextКүн чыгуу: 06:06 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:56 | alternatetextКуптан: 21:43
МакалаларПайдалуу кеңештерТарбия

БОЛОЧОК ЭНЕГЕ БОЛУМДУУ НАСААТ

Ааламдардын тарбиячысы Алла Таалага мактоо болсун. Алланын аяны менен бүт адамзатка адам болуу тарбиясын берип өткөн Мухаммад пайгамбарыбызга салам-дубалар болсун.

Учурдагы ар түрдүү көйгөйлүү маселелерди көрүп олтуруп, булардын негизги себеби тарбиянын бузулгандыгы экенин баамдадым. Тарбиянын башаты үй, ал эми үйдүн түркүгү аял заты. Ошондуктан айтылат. Эне кандай болсо, бала ошондой тарбия алат. Ал үчүн эне өзүн-өзү оңдоосу керек. Эне ыйман жолунда болсо, бала да ыймандуу болот. Аял заты туура жолдон адашкан коомчулукту душман оңой багынтат. Мындай эл жамандыкка көп учурайт. Анткени, башкаларды оңдоо аял затынын колунда. А башкалар аял затын оңдой албайт. Бир макалда «Аялдар туз сыяктуу. Аны менен бузулган тамактын баарын даамына келтирүүгө болот. Ал эми туз бузулса, аны эч нерсе менен даамына келтире албайсың» деп айтылат. Аял заты Алла көрсөткөн тартип менен жашап, Куран жана хадисте көрсөтүлгөн жолдон чыкпаса гана оңоло алат. Өзү оңолгон эне балага татыктуу тарбия берет. Эми суроо туулат, балага тарбияны кайсы учурдан баштап берүү зарыл?

Тарбия берүүдө ийгиликке жетүүнү каалаган эне тарбияны бала төрөлө электе баштоосу керек. Эмесе энелерге алгачкы насаат, боюнда бар энелер төмөнкү иштерди аткаруусу зарыл.

1. Эне көбүрөөк Куран окуш керек. Эгер окуй албаса окулган Куранды угуусу зарыл. Курсактагы бала эне эмнени укса ошону кабыл алат. Бул келечекте баланын акылдуу, зээндүү болуусуна шарт түзөт.

2. Эне намаз окуп, жана башка ибадаттарды аткаруусу керек. Ибадат кылганда адамдын жан дүйнөсү эс алат. Мына ушул учурда курсактагы бала да эс алып, жакшы жетилет.

3. Эне өзүн оор басырыктуу алып жүрүүгө тийиш. Боюнда бар кезде эч ким менен урушууга болбойт. (Негизи эле урушуу туура эмес, жаман адат). Эне канчалык тынчтыкта жашаса, бала да ошончолук тынч, оор басырыктуу болот.

4. Болочок ата менен эненин ортосунда бири-бирине мээрим төгүлүп туруусу керек. Айрыкча эне башкалардан жакшы сөздү гана угуусу кажет.

5. Эне таза эмес (арам) тамактардан өзүн сактоосу керек. Эне эмне менен тамактанса, бала ошону менен азыктанат. Арам тамактар али төрөлө элек баланын канын бузуп, анын ден-соолугуна зыянын тийгизет.

6. Арак, тамеки сыяктуулардын жанына жолобоосу кажет.

7. Эне ар дайым курсагындагы балага тирүү адамга кайрылгандай кайрылып, ага жакшы сөздөрдү айтып туруусу зарыл. Мына ушул сыяктуу жакшы иштер менен алектенген эне төрөлө элек баласына жакшы тарбия берип жатам деп ишенсе болот. Ал эми бала төрөлгөндөн баштап эмне кылуу керек? Бул туурасында анан кеп кылабыз.

Токон Жээнмырзаева,

(Уландысы бар)

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button