alternatetext Багымдат: 04:22 | alternatetextКүн чыгуу: 06:06 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:56 | alternatetextКуптан: 21:43
ЖаңылыктарРубрикасыз

Ошто пайгамбарыбыздын (ﷺ) туулган айынын урматына «Мавлид ан-Наби» кечеси өттү

Бүгүн, 27 — апрелде Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында пайгамбарыбыздын (ﷺ) туулган айынын урматына  «Мавлид ан-Наби» кечеси өткөрүлдү.   Иш чара «Адеп Башаты» коомдук прогрессивдүү фондунун Оштогу өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулду.

   «Мавлид ан-Наби» иш чарасына  Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев, «Адеп Башаты» коомдук прогрессивдүү фондунун Оштогу өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Абу уулу Дауд, ДИМКтин түштүк бөлүмүнөн Эсенов Бөрүмухаммад, Ош шаарынын мэриясынан жана төкмө  акындар  катышышты.

   «Мавлид ан-Наби»   кечесинде Ош шаарынын казысы   пайгамбарыбыздын (ﷺ) өмүр таржымалынан айтып, адеп-ахлак,  динибиздин баалуулуктарын үйрөнүүдө анын өмүр таржымалы менен таанышууга чакырды. Ошондой эле «Мавлид ан-Наби»   кечесин уюштурууда салым кошуп келе жаткан «Адеп Башаты» коомдук фондуна ыраазычылыгын билдирди. Пайгамбарыбыздын (ﷺ) туулган айынын урматына  өткөрүлгөн «Мавлид  ан-Наби» кечеси театрлашкан чыгармалар,  акындардын асыл сөздөрү менен коштолу. «Мавлид  ан-Наби» кечесинде  тамак-аш жарменкеси уюштурулду.

http://muftiyat.kg/

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button