alternatetext Багымдат: 04:22 | alternatetextКүн чыгуу: 06:06 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:57 | alternatetextКуптан: 21:44
Рубрикасыз

Лев Толстой: «Мени Мухаммед жолундагы момун деп кабыл алууңарды өтүнөм…»

Лев Николаевич  Толстой  гениалдуу орус жазуучусу, ойчул, ошондой эле орус тарыхына жана адабиятына зор салымын кошкон инсан. Бул адам бизге баарынан мурда жазуучу катары таанымал. Ал эми анын философиялык ой жүгүртүүлөрү, Кудай, рух, илим, сүйүү, жашоонун манызы ж.б., нерселерге болгон көз караштары тууралуу бизге анчейин деле тааныш эмес десек болот.

Жашоонун маңызы, кулк — мүнөздүн идеалы, жашоо – тиричиликтин мыйзамы жана рухий  жакырчылык,  мына ушул тематика жазуучунун чыгармачылыгын аралап өтөт. 1870 – жылдан баштап жазуучунун  өлүм, күнөө, тообо жана мамилелердин  жаңылануусу багытында эмгектери көбүрөөк жарала баштайт.

Анын стандарттан тыш  чыгармалары орус коомчулугуна такыр түшүнүксүз болгон.

Ал чиркөөдөн кетип анафемага берилген. Санаалаштары андан баш тартышкан. 1910 – жылы 81 жашында Лев Толстой «Астапов»  станциясында кетип бараткан жолдо каза болот.

Эмне үчүн улуу жазуучунун өмүрү ушундай болуп аяктады жана үйүнөн чыгып кай тарапка жол алган? Мүмкүн бул суроолорго жазуучунун кээ бир каттарынан жооп табылаар.

Чиркөө  тууралуу анын жазгандары:  

«Чиркөө туура жолду бурмалап, Исанын көрсөткөн туура жолуна каршы өмүр сүрүү  менен адамдар туура жолдо өмүр сүргөндөй кылышкан. Акырында  бутпарастардын жашоосунан да өткөн наадан күндөрдү кечирип жаткандыгы менен аяктаган. Ал эми чиркөө болсо ал нерсени актап – жактап, жада калса Исанын көрсөткөн жолу мына ушунда деп таңуулаган».

 Март, 1909 – жыл Ясная Поляна.

Мусулманга турмушка чыккан орус  Е. Векилова аттуу айым  балдары Ислам динин кабыл алуусун каалагандыктан ал Толстойдон кенеш сураган. Жазуучу мындай деп жооп берген:

«Ал эми менин Мухаммед жолубу же православбы деген тандоодо Мухаммед жолун  артык көрүп, мындай кадамды жан дилим менен кабыл алам. Бул кебим таң калычтуу болуусу мүмкүн, христиан идеалдарын жана христиан окууларын мен анын эң алгачкы түпкү нускасын гана жогору койгон адам катары, мен үчүн Мухаммед жолу өзүнүн тышкы формалары боюнча чиркөөдөн жогору тургандыгынан  эч кандай шек жок. Ошондуктан, эгерде адамдын алдында «Чиркөөнү кармануубу же Мухаммед жолунбу?» — деген тандоо турса, анда акылдуу адам, албетте, эч кандай күмөнү жок, өтө оор, түшүнүксүз Троица, күнөөлөрдү «жууп салуу», «ыйыктардын» жана алардын сүрөттөрү деген түшүнүктөрдү камтыган чиркөөнүн ордуна жалгыз Кудайды жана Анын Пайгамбарын тандайт».

 15 март, 1909 – жыл Ясная Поляна

Жазуучунун азаптуу изденүүлөрүнөн соң анын калыптанган көз карашын дагы да болсо, тагыраак көрсөткөн дагы бир катты мисал катары келтирсек:

«Эгерде силер мени менен бир динде болсоңор, бул мени абдан кубантмак. Силер менин жашоомду көрмөксүңөр. Жашоонун ийгиликтери, башкача айтканда, байлык, атак – даңк менде жок. Менин досторум, үй – бүлөм  да менден баш тартышууда… 

Либералдар жана эстеттер мени Гогол сыяктуу жинди, акылынан тайган деп ойлошсо, революционерлер жана радикалдар мистик, бийликтегилер зыян гана алып келген революционер,  христиандар мени  шайтан деп эсептешет. Албетте, мунун баары мен үчүн өтө оор… Ошондуктан мени Мухаммед жолундагы момун  катары кабыл алуунарды өтүнөм, ошондо баары жакшы болот».

http://inter.kg/ 

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button