alternatetext Багымдат: 04:31 | alternatetextКүн чыгуу: 06:12 | alternatetext Бешим: 13:04 | alternatetextАср: 17:52 | alternatetextШам: 19:53 | alternatetextКуптан: 21:38
МакалаларРубрикасыз

Алтын кеңештер

?Күзгүдөн сонун көрүнгөнүң менен, башкаларга жан дүйнөң кандай көрүнөр экен.
?Жашоодо биринчи Кудайга тобокел кылбай туруп, өзүңө ишене бербе.
?Балаңдын түз басышын кааласаң, өзүңдүн изиңди кара.
?Чындап эле ниет кылсаң, сөзсүз ниетиң ишке ашат.
?Эркек туруп намысы жок адамдын гана кыздары көчөдө жарым жылаңач жүрөт.
?Даанышман Айды көрсөтүп, Күн жөнүндө айтышы мүмкүн. Калганы сенин акылыңдын таразасында.
?Сулуулуктун алдында падышалар да эркинен ажырайт.
?Бирөөнүн сезими менен ойногон адам, адам деген аттан ажыраарына аз эле калыптыр.
?Улут деп күйгөн адамдын уруусу болбойт.

Жеңишбек Жумакадыр.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Бул да кызыктуу
Close
Back to top button