МакалаларРубрикасыз

Арап тили

Падыша Харун Рашиддин заманында араб тилин мыкты өздөштүргөн Усмаьий аттуу аалым жашачу экен. Падышанын алдында, аалымдар арасында тил боюнча пикир келишпестик болуп калса, ар дайым акыркы сөз Усмаьийге ыйгарылчу. Анткени, анын тилдеги терең илими туура чечим чыгарып, талашка чекит койчу.
Бир жолу адаттагыдай эле Усмаьий адамдарга сабак өтүп жатып, Курандагы “Уурулук кылган эркек жана аялды, кылмышына жараша Алла тарабынан азап-жаза болуу үчүн колдорун кескиле! Алла – Кечиримдүү, Боорукер” деген аятты окуп калат. Ошол учурда олтургандардын арасынан бир тоолук адам: Устаз, бул кимдин сөзү? – деп сурайт. Бул Алла Тааланын сөзү, деп устаз сөзүн уламакчы болгондо, тиги кайра сурайт:
-Устаз, бул сөздү ким айткан? Усмаьий тигиге таң калып, жообун кайталайт:
-Бул, Алланын сөзү, сен Куранды окуган эмессиңби?
-Ооба, мен Куранды окуган эмесмин, бирок Алла Таала минтип айтпаш керек эле, дейт тиги да оюнан кайтпай.
– Куранды окубасаң, анан эмне үчүн талашып жатасың, бул “Маида” сүрөсүндө келген аят, Алланын сөзү, дейт Усмаьий бир аз ачууланып.
-Жок, мен буга ишенбейм, Алла Таала минтип айтпайт, дейт тиги да көшөрүп. Илимдүү устаздын алдында адепсиздиги бир, Куран аятын жокко чыгарганы эки болуп, олтургандардын баары аны сабактан кууп чыкмакчы болуп калышат. Ошондо Усмаьий кол жаңсап тигилерди токтотуп:
-Бир аз сабыр кылгыла, сөзүбүз далилдүү болсун үчүн ага Курандан окуп бергиле, дейт. Бирөөсү ордунан тура калып Куранды алып келип устазга сунат. Ал “Маида” сүрөсүн таап, аятты окуй баштайт: “Уурулук кылган эркек жана аялды, кылмышына жараша Алла тарабынан азап-жаза болуу үчүн колдорун кескиле! Алла – Ызаттуу, Даанышман”. Аятты акырына чейин окуган Усмаьий эмне айтарын билбей буйдалып калат. Көрсө, чындап эле ал аяттын акырындагы эки сөздү, “Азиизун, Хакиим” “Ызаттуу, Даанышман” деген сөздөрдү “Гофуруун, Рахиим” “Кечиримдүү, Боорукер” деп туура эмес окуп алган экен.
Бул көрүнүшкө устаз да, олтургандар да таң калбай коюшкан жок. Кантип эле, Куранды окубаган тоолук аяттын туура эмес айтылганын билип алсын.
-Аяттын туура эмес экендигин кантип билдиң? – деп сурайт акырында Усмаьий тоолуктан.
-Аятта “Уурулук кылган эркек жана аялды, кылмышына жараша Алла тарабынан азапжаза болуу үчүн колдорун кескиле!” деп айтылып жатат. Бул өкүмдө ызаттуулук жана чексиз даанышмандык катылып жатат. Бул жерде эч кандай кечирим кылуу жана боорукердик жөнүндө сөз жок. Анан кантип аяттын уландысында “Алла – Кечиримдүү, Боорукер” деп айтылсын.
Тоолуктун сөзүн муюп уккан Усмаьий бир чети таңыркап, бир чети өкүнүп:
-Аллага касам ичип айтамын, биз арап тилин билбейт экенбиз?! – деп сыртка чыга жөнөптүр…

//

The post Арап тили appeared first on БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ.

September 09, 2015 at 03:51PM

Ачкыч сөздөр
Көбүрөөк

Бул да кызыктуу

Жооп берүү

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт.

Бул да кызыктуу

Close
Close
Close