alternatetext Багымдат: 04:28 | alternatetextКүн чыгуу: 06:11 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:52 | alternatetextШам: 19:53 | alternatetextКуптан: 21:38
МакалаларРубрикасыз

⌛Инсандын өмүрү Аллахтын колунда.

Инсандын өмүрү Аллахтын колунда.

Мисалы:
60 жаш жашадыңыз… Эгер ар күнү 8 саат уктаган болсоңуз, 60 жашыңыздын 20жылын уйкуга сарптайсыз.
Эгер күнүнө 8 саат иштеген болсоңуз 60 жашыныздын 20жылын иш үчүн сарптайсыз.
Балакатка болсо, орто эсеп менен 15 жаштан жетесиз.
Эгер күнүнө 2 жолу тамактанган болсоңуз дастаркон үстүндө 30 минут отурсаңыз, өмүрүңүздүн 3жылын тамактаныш үчүн сарптайсыз.
Эми уйку,иш, балалык, тамактануу убактарын кошуп баарын эсептегенде 60 жылыңыздын 58жылы кетип 2 жылы гана калды.
Эми ибадат үчүн канча убакыт кеткен экен,кызык!!!
ИНТЕРНКТКЕ кетирген убактыбызчы?!
Эсеп күнү Роббиңизге ушунча өткөргөн өмүрүңуз үчүн эмне деп жооп бересиз?
Бул сөздөр 100% туура, туурабы?!
Курани Карим 600беттен ашпайт же 604 ишенбесеңиз тез китепти алып карап көруңүз!
Туура экенби?!
Эми 600ду 30 күнгө бөлсөк канча болот?
Эсептеп өзүңүздү кыйнабаңыз.
Оңой эле, 600/30=20 бет.
Бир күндө 5 убак намаз бар. Ошондо эгер сиз ар намаздан кийин Курандан 4 беттен окусаңыз 1 күндө 20 бет окуйт экенсиз.
Демек, бир айда Курани Каримди бей марал өзүңүздү чарчатпастан окуп бүтөт экенсиз!
Эгер сиз ушул нерсени бардык досторуңузга жакындарынызга жөнөтсөңүз жана баардык жакыдарыңыз сиз себептүү Курани Каримди окушса мунун сообу сизге канчалык көп болушун билесизби?!
АЛЛАХУ АКБАР!
Өтө көп сооп болсо керек…
Алардын ар бири Куранды окуганда сизге дагы окугандай сооп берилет го…
Эмнеге ушул жолдо көп пайдалуу болгон бул бизнести кылбайбыз?!
Жакшылыка баштоочу адам, ошол жакшылыкты кылгандай болот эмеспи?!
Бул хадисте бардык суроолоруңа жооп табасын. Бул хадисти бекем карман, аны менен жаша, өкүнүчтө калгандардан болбойсун!
— Мени күнөөлөрүмдөн эмне тазалайт?
— Көз жаш, баш ийүү жана оору.
— Кайсы жакшылык Аллах алдында жогору?
— Жумшак мүнөз, жөнөкөйлүк жана кайгыларга кайрат кылуу, тагдырга ыраазы болуу.
— Кыямат күнү Аллахтын каарынан коопсуз болгум келет.
— Аллахтын жараткан нерселеринин бирөөнө да ачууңду келтирбе.
— Дуаларымдын кабыл болушун каалайм.
— Арам тамактан алыс бол, дуаларың кабыл болот.
— Күнөөлөрүмдүн азаюусун каалайм.
— Күнөөлөрүңдүн кечирилүүсүн тиле, күнөөлөрүң аз болот.
— Адамдардын арасында мартабалуу болууну каалайм.
— Иштерин тууралуу адамдарга даттанба.
— Ыйманым толук болуусун каалайм.
-Мүнөзүңдү жетиштир(оңдо), ошондо ыйманың толук болот.
— Күнөөлөрдөн таза абалда Аллахтын алдына баргым келет.
— Гусулуңду (толук жуунуу) кемтиксиз ал.
— Адамдардын эң жакшысы болгум келет.
— Адамдар үчүн пайдалуу бол, эң жакшысы болосун.
— Эң адилеттүү болгум келет.
— Өзүңө каалаганды өзгөгө да ыраа көр, баарынан да адилеттүү болосун.
— «Адамдардын арасынан эң билимдүү болгум келет» — деди бадави.
— «Аллахтан корк, ошондо эң билимдүүлөрдөн болосуң» — деп жооп берди Аллахтын элчиси.
— Адамдардын арасынан эң бай болгум келет.
— Аллах берген нерселерге канаат кыл, баарынан бай болосун.
— Аллахтын алдында өзгөчө болгум келет.
— Аллахты көбүрөөк эсте, Анын алдында өзгөчө болосун.
— Шугур кылгандардан болгум келет.
— Аллахка Аны көрүп тургандай ибадат кыл, Аны сен көрбөсөң да, Ал албетте сени көрүп турат.
— Кыямат күнү Аллах мени нур ичинде тирилтүүсүн каалайм.
— Эч кимге зулум кылба жана басынтпа, нур ичинде тирилесин.
— Кыямат күнү Аллах мага мээримдүүлүк кылуусун каалайм.
— Өзүңө жана Аллахтын кулдарына мээримдүү бол.
— Аллахтан ырыскымдын көбөйүүсүн каалайм.
— Дайыма дааратың бар абалда бол.
— Аллах жана Пайгамбарыбыздын (С.А.В.) сүйүүсүнө татыктуу болгум келет.
— Аллах жана Пайгамбарыбыз (С.А.В.) сүйгөн нерселерди сүй. Аллах жана Пайгамбарыбыз (С.А.В.) жаман көргөн нерселерди жаман көр.
— Кыямат күнү Аллах калайыктын арасында мени уят кылбоосун каалайм.
— Өзүңдү зынакорлуктан сакта.
— Аллах менин кемчиликтеримди кыямат күнү жашыруусун каалайм.
— Диндеш бир туугандарыңдын кемчиликтерин жашыр.
— Аллахтын алдындагы эң жаман жорук кайсы?
— Корс мүнөз менен ач көздүк.
— Бул дүйнө жана Акыретте Аллахтын каарын эмне азайтат?
— Садаганы жашыруун берүү жана туугандык катнаштарды жандандыруу.
— Кыяматта тозоктун отун эмне өчүрөт?
— Орозо тутуу.
(Канзул Уммал китебинен алынган).

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button