alternatetext Багымдат: 04:18 | alternatetextКүн чыгуу: 06:03 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:58 | alternatetextКуптан: 21:46
Ден-соолукРубрикасызТаасирдүү окуяларТарбия

Жабык дарбаза

Жашы сексенден өтүп калган абышка сылтый басып үйүнө келе жат­ты. Өмүрүн Жаратканга ибадат кылуу менен өткөрүп келе жатканына кара­бай, акыретин ойлоп көп тынчсызданат. Аллахтын алдына барганда жүзүм жер карап калбаса болду деп, баса-турса оозунан зикирин түшүрбөйт. Азыр да мечиттен бери көздөй бир канча жол ба­сып үйүнө жеткенче: “Аллахым, мендей күнөөкөр пендеңе бейишиңдин эшигин ачык кыла көр” деп күбүрөнүп келди. Үйүнө келсе, кемпири кашайып дарба­заны илип алыптыр. Абышка дарбазаны алсыз колу менен каккылай баштады. Бир жолу какты. Анан дагы бир жолу. Үчүнчү жолу колун көтөрүп бара жа­тып, дарбазага сүйөнө калды да жыл­мышып жерге жыгылып калды.
Самоорго чайын коюп, абышка­сын күтүп олтурган кемпир чыдамсыз­дана баштады. Карангүн, эрте эле келчү эле, дагы бирөө менен баарлаша калды го көчөдө. Бир аз олтурган кемпир, чы­дабай сырка чыкты. Көзүң жамандыкты көрбөсүн, дарбазанын алдында абыш­касы жатыптыр топуракка пурланып. Кемпир чочуп кыйкырып жиберди, анан өзүн алдырбай абышкасынын та­мырын кармай калды. Кудайга шүгүр, тирүү экен, тамыры согуп жатат. Үйү­нө чуркап, бир кесеге суу алып чыгып, чачты абышкасынын бетине. Абышка уйкудан ойгонгонсуп чочуп турду. Кем­пир безилдеп жиберди:
– Кашайып дарбазаны иле калган турбаймынбы, көпкө күтүп кагансың го карангүн.
Абышка оор үшкүрүп алды:
– Жок, кемпир, кеп анда эмес. Эшикти кагып жатып: “Бул го өз үйүм, эртең Аллахтын алдында бейиш эши­ги ушундай жабык болсо эмне кылам” деп ойлой калбадымбы, андан аркысын өзүм да билбейм…

//

The post Жабык дарбаза appeared first on FORMULA.KG.

October 07, 2015 at 02:48PM

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button