alternatetext Багымдат: 04:16 | alternatetextКүн чыгуу: 06:02 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:56 | alternatetextШам: 20:00 | alternatetextКуптан: 21:48
Рубрикасыз

Ош облусунда “Тарых жана Маданият” жылына карата “Спорт тынчтыктын символу” аттуу спорттук мелдеш өткөрүлөт

2016-жылдын 9-апрелинде Ош облусунун мусулмандар казыяты тарабынан “Тарых жана Маданият” жылына карата дин кызматкерлери жана диний окуу жайлардын арасында волейбол жана футбол боюнча “Спорт тынчтыктын символу” аттуу  спорттук мелдеш өткөрүлөт. Аталган мелдешке Ош облусунун 7 районунун дин кызматкерлери жана диний окуу жайлардын мугалимдери менен студенттери катышмакчы. Спорттук мелдешке жалпысы 20дан ашуун командалардын катышуусу күтүлүүдө. Спорттук мелдештин негизги максаты дин кызматкерлеринин спортко болгон кызыгуусун арттыруу аркылуу сергек жашоого үндөө жана ар түрдүү терс агымдардын алдын алууга үндөө болуп саналат. Мелдеш Ош мамлекеттик университетинин Биология факультетинин спорттук залында саат 9:00дө башталмакчы.
Кошумча маалымат үчүн (0554651212), 0557909060
Ош облустук мусулмандар казыятынын маалымат кызматы                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Бул да кызыктуу
Close
Back to top button